ЖИГИТТЕР КИЙИМГЕ ЭМЕС, ЧЫМЫР ДЕНЕГЕ КЫЗЫГЫШАТ

Айымдар көчөгө чыгарда боёнуп-жасанып күзгүнүн алдында жок эле дегенде жарым саат турушат. Күзгүдөн өзүн кандай эркек карап турганын билгиси да келбеген мырзалар бар. Дайыма саркеч кийинген жигиттерди кошпогондо көпчүлүк эркектер айымдардан айырмаланып, колуна эмне урунса ошону кийип көчөгө чыга беришет. Кыскасы, бүгүн мырзалардын гардеробуна баш багып, мода дүйнөсүнө саякат алдык.

КҮЗГҮ ЖИГИТТЕР ҮЧҮН ЭМЕСПИ?
Айымдар мырзаларга караганда эмне үчүн бети-башына, чачына, кийимине көбүрөөк көңүл бурушат? Дүйнөлүк окумуштуу­лардын изилдөөсүнө таянсак, айымдар мырзаларга жагыш үчүн келбетине көңүл бурушат экен. Бул тыянакты европа өлкөлөрүндө айымдар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо да тастыктаган. Ошол эле учурда “эмнеге мырзалар айымдарды кийими, чач жасалгасы менен тарткылары келишпейт?” деген суроо туулат. Көрсө, жигиттер табиятынан кызыл-тазыл кийгенди, түркүн косметика каражаттарын колдонууга караганда булчуңдуу, чымыр денелүү болууну каалашат экен. Ошентип, мырзалар күзгүгө карануудан, кийимине, келбетине көңүл буруудан көрө спорт менен машыгууну туура көрүшөт.

АК, КАРА ТҮСТӨРГӨ ЖАКЫН КЕЛИШЕТ
Айымдар эч качан көмүскөдө калууну жактырышпайт. Мисалы, үй кожойке жок дегенде жолдошунун карегинин алдында турууну каалайт. Ал эми биздин эр көкүрөк, кең далылуу жигиттер эл назарын бурууну көп жактыра беришпейт. Кызыл, жашыл өңдөр алыстан эле “мен мына” деп көрүнүп турат эмеспи. Ошол үчүн мырзаларыбыз адамды өзүнө чакырган өңдөрдөн качып, ак-кара түстөргө ыкташат.

"БОЛО БЕРЕТ" ДЕГЕН СӨЗДҮН АЯГЫ ЖАМАН
Мырзалар кийим алууда жөнөкөй, бирок маанилүү нерселерди эске алышы керек. Көпчүлүк эркектерде “боло берет же жарайт” деген түшүнүк орун алган. "Боло берет" деген сөздүн аягы алардын өзүнүн өлчөмүнөн чоң же кичине кийим тандап алуусуна жол ачат. Тар жана чоң кийим канчалык кымбат экенине карабай адамды жүдөө көрсөтүп коёт. Ошондуктан эринбестен өз өлчөмүн тандоо абзел.

КӨК ӨҢ – ЖАШТЫКТЫН БЕЛГИСИ
Дайыма спорттук кийим менен жүргөн мырзанын гардеробунда жок дегенде бир костюм-шым сөзсүз болууга тийиш. Анткени костюм-шым кийип баруучу жердин баары бир сааты чыгат. Костюм да кенен болбошу керек.Төш чөнтөктүн тигилиши модага жараша, бирок классикалык костюмдардын чөнтөгү дайыма сол жакта болот. Костюмду кийип көрүп жатканда эки колду эки жакка кенен жайып көрүү керек. Ошондо жеңи алакан сөөгүнө чейин келүүсү шарт. Анткени кыймылдаганда жең кыскарат. Тандоодо өңүнөн да жаңылышпаңыз. Көк өң – жаштыктын белгиси. Отузда туруп кара түстүү костюм алуу карылыкка эрте моюн сунуунун белгиси экенин унутпоо кажет.
Жемпир кайсы гана эркекке жакпасын? Бул кийимдин көпчүлүгү жалкоо эркектер үчүн атайын бырышпоочу материалдан жасалат. Күн суук кезде кийүүгө ылайыкташылган бул кийимди көйнөктүн сыртынан да кийүүгө болот.
Учурда кары-жашы дебей көп­чүлүк мырзалар жынсы кийишет. Бул кандай иште, кайсы жерде болбосун, өтө ыңгайлуулугунан кабар берет. Жынсынын өтүмдүү өңү көк деп эсептелет. Ошондуктан ар бир жигиттин гардеробунда бирден көк жынсы болсо, пайдадан башка зыян алып келбешине кепилдик бар.

ЖАНА ДА...
Байпакты шымга эмес, бут кийимдин өңүнө жараша тандоо туура. Ак бут кийимден кара байпактын булак этип чыгып кал­га­ны жагымсыз.
Шымдын чөнтөгүндө кол аарчы, ачкыч, зажигалка, кичине суммадагы акчадан ашыкча эч нерсе болбошу зарыл. Калем сап, тамеки, көз айнек, кичинекей китепче салып алсаңыз, чөнтөк айрылуудан мурда шалбырап, өз формасын жоготот.

КАНДАЙ КИЙИМДЕР МОДАДА?
Мырзалардын “мода аялдар үчүн” деген пикири калпыс түшүнүк. Айрыкча биздин элде “эркек маймылдан бир аз сулуураак болсо болгону” деп коюшат эмеспи. Ошол эле учурда “чүпүрөк – адам көркү” деген да сөз бар. Ошондон улам маймылдан бир аз сулуураак жигиттерибиз мода менен жанга жагымдуу кийимдерди кийишсе, кыргыз жигиттеринен ашкан өң-түстүү мырзалар болбос эле.
Ачык өңдөгү кийимдер биз үчүн эмес” деген элүүдөгү мырзанын кебине жыйырма бештеги жигиттин кошулуп алганы туура эмес. Отуз жашка чейинки жигиттер ар түстөгү футболка, жемпир кийишсе жаш курагына куп жарашат. Жаш өткөндө адам өзү эле ачык түстөгү кийимдерден алыстайт.
Айымдардын модасынан айырмаланып, жигиттерде азыр классизм өкүм сүрүүдө. Башкача айтканда, үстүнө костюм кийип, бутуна спорттук бут кийим кийип алуу же классикалык шым менен футболка кийүү. Кыскасы, азыр көчөдөн спорттук, классикалык кийимдерди аралаш кийинген мырзаларды көрсөңөр таң калбагыла.
Ал эми чач жасалга боюнча айта турган болсок, учурда өтө кыска да, өтө узун да эмес, орточо чачтар модада.

Жаз мезгили өкүм сүрүп, алдыда жай келе жаткандыктан, биз бүгүн жигиттердин жеңил кийимдерине гана токтолуп кеттик. Калың кийимдерге токтолуучу учур да келет.

МЫРЗАЛАРГА КЕҢЕШ

  • Дайыма жасанып жүрүүдөн качпаңыз. Анткени заман талабы ушундай. Ишенбесеңиз, жумушка орношкону барганда дароо сырткы келбетке көңүл бурулат.
  • Үч топчулуу костюм-шым кийгенде үстүнкү эки топчуну гана топчулоо атайын белгиленген талап.
  • Бетти күнүгө самын менен жууй берсе кургап кетет. Ошондуктан атайын гель менен жууган туура.
  • Чачка гель же лак сүйкөгөн күнү эртең жууйм деп уктап калуу чачтын сынышына, түшүшүнө алып келет.
  • Пияздын сыртын кайнатып, суусуна башты жууса, какач кетет. Какачты кетирем деп майонезди көп колдоно берүү чачты чыбаш кылат.
  • Эркектер чачын боёгондон уялышат. Бирок бопбоз болбошу үчүн чачынын табигый өңүнө окшош боёк менен боёп койгону туура.
  • Жайында сыртка чыгарга 20 мүнөт калганда бетке крем сүйкөө керек.
  • Көздүн тегерегине майда бырыш түшпөшү үчүн атайын кремдерди колдонуу кажет.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg
Материал белгилүү стилисттердин жардамы менен жана
интернет булактарынан даярдалды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
mr_aminov
2012-09-02 12:16:05
Бетке кандай крем болот эркектерге
0
№ 384, 12-18-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан