Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алуудан сентябрдын башында келишип эле алгачкы жыйында кайрадан каникулга тараган болчу. Буга II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен Курман айт шылтоо болгон. Тыныгуудан кийин, 14-сентябрда өткөн депутаттардын биринчи пленардык жыйыны кайым айтышуулар менен коштолду. Талаш Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетке башчы шайлоодон улам келип чыкты. Ага "Өнүгүү-Прогресс" Тынчтыкбек Шайназаровдун, КСДП Асел Кодуранованын талапкерлигин көрсөтүп, коалициядагы фракциялар ортосунда пикир келишпестик жаралды. Мында КСДП тарабынан көрсөтүлгөн талапкерге "Ата Мекен" менен "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидерлери каршы чыгып, натыйжада КСДПнын лидери Иса Өмүркулов "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларына көпчүлүк коалициядан чыгууну сунуштады.
Бул сунушка жооп кайтарып, Өмүрбек Текебаев "Ата Мекен" ортодогу коалициялык келишимди толук аткаруу менен бирге коалициядан чыкпашын белгиледи. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев болсо мындай маселелер ар убак сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши керектигин белгилеген. Ал эми "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов мындай пикир келишпестиктен коалиция тарабашы керектигин айтып, "Республика-Ата Журт" коалицияга кирүү боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экенин айтты.
Гезит басууга кетерде коалициядагы фракциялардын талашын жараткан комитеттин башчылыгына КСДПнын өкүлү Асел Кодуранова шайлангандыгы маалым болду.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg