Үстүбүздөгү жылдын 22-августунда Аксы районундагы Үңкүр-Тоого өзбек тик учагы конуп, 7 милиция кызматкерин калтырган. Ал эми 24-августта Үңкүр-Тоодогу телемунаранын 4 кызматкерин Өзбекстандын Наманган облусунун Янгикурган РИИБине алып кетишип, бир топ эки жактуу сүйлөшүүлөрдөн кийин гана 8-сентябрь түнү барымтадагылар Кыргызстанга өткөрүлгөн болчу. Кыргыз-өзбек чек арасында талаш жараткан 50дөн ашуун чек ара тилкеси бар. Ал эми кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1378 чакырым болсо, анын 1058 чакырымы аныкталган.
15-сентябрга карата Үңкүр-Тоодогу 20 өзбек милиция кызматкери кете элек. Аталган аймакка 1960-жылдары орнотулган "Кербен-24" аттуу ретрансляторунан ошол аймактагы 150 миңдей киши телекөрсөтүүнү кабыл алат жана телефон байланышына туташат.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg