"РЕФЕРЕНДУМГА – ЖОК!" КЫЙМЫЛЫ КУРУЛТАЙ ӨТКӨРӨТ

2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин кабыл алынган Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртүүгө мораторий жарыяланган болчу. Учурда Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси чоң талашты жаратып жаткан учуру. Алгач 27-июлда парламенттеги КСДП, "Республика-Ата Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Бир бол" фракцияларынын лидерлери Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун өз ара макулдашып, ал коомдук талкууга коюлган эле. Ал эми бул кадамга каршы оппозициялык күчтөр, жарандык коом, Убактылуу өкмөттүн бир катар мүчөлөрү каршы чыгып, бул аракет бийликти узурпациялоого кептей турганын айтып келишет. Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккан саясатчылар, оппозициялык күчтөр, жарандык коом жана жаштар кыймылдарынын өкүлдөрү бирикти жана алардын катышуусунда 13-сентябрда "Референдумга – жок!" деп аталган элдик кыймыл түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экс-депутаты, аталган кыймылдын мүчөсү Равшан Жээнбеков коомчулукка маалымдаган. Түзүлгөн кыймыл 8-октябрда элдик курултай өткөрмөкчү болуп, уюштуруу тобуна Эльмира Ибраимова, Рита Карасартова, Кадыр Кошалиев жана Мавлян Аскарбеков шайланды. Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум 4-декабрда өтүшү ыктымалдыгы 14-сентябрда Жогорку Кеңеште айтылды.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 724, 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан