Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева Константин аттуу жигитке 27-августта турмушка чыгып, үйлөнүү үлпөтүндө жаш жубайларга Өмүрбек Бабанов өкүл ата болгону айтылууда. Бул тууралуу "Kyrgyztoday" порталы жазып чыкты. Андан ары аталган ЖМК Атамбаев менен Бабановдун саясаттагы жакындыгын баяндоо менен, "2011-жылы Өмүрбек Бабанов менчик "Кыргызстан" банкынан Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын эсебине 1 миллион доллар которгону боюнча документтер ачыкка чыгып кеткен" деп жазат.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg