БИШКЕКТЕ КМШнын САММИТИ ӨТӨТ

Бишкек шаарында 15-17-сентябрь күндөрү КМШ өлкө башчыларынын саммити өтөт. Коопсуздук үчүн өтө маанилүү объектилер кайтарууга алынып, милициянын каттоосунда турган жарандар өзгөчө көзөмөлдө болот. ИИМдин маалыматына таянсак, саммитти 3 миң милиция кызматкери кайтарууга алмакчы. Иш-чарага президенттер Владимир Путин (Орусия), Нурсултан Назарбаев (Казакстан), Эмомали Рахмон (Тажикстан), Ильхам Алиев (Азербайжан), Серж Саргсян (Армения) жана Александр Лукашенко (Беларусь) катышат. Өзбекстандын атынан президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзийоев эмес, өлкөнүн тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов келет. Буга акыркы учурда курчуп кеткен кыргыз-өзбек алакасынын таасири болушу мүмкүн. Ал эми Түркмөнстан президентинин келбешинин себеби аталган мамлекетте Баш мыйзам боюнча бир канча иш-чаралар белгиленгени менен түшүндүрүлдү.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 724, 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан