Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн маалыматына ылайык, облус аймагында жыл башынан бери ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМГЕ байланыштуу 40ка жакын кылмыш иши козголгон.
Дүйнөнүн 198 өлкөсүн кыдырып чыккан белгилүү саякатчы Гуннар Гарфорс түзгөн рейтинг британиялык "The Independent" гезитине чыкты. Рейтингде КЫРГЫЗСТАНДЫ САЯКАТТООГО ЫҢГАЙЛУУ деген 12 өлкөнүн катарына киргизген.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азамат Үсөновдун берген маалыматына караганда, кыргызстандык 300дөй студент Бишкектеги Кытай элчилигинде болгон жардыруудан кийин окуусун улантуу үчүн КЫТАЙГА КИРЕ АЛБАЙ турат.
12-сентябрда Жалал-Абад шаарынын Токтогул сейил багында адабий жана илимий багыттагы китептерден турган КӨЧӨ КИТЕПКАНАСЫ ачылды.
Мигранттар үстүбүздөгү жылдын 7 айынын аралыгында Кыргызстанга 1 МИЛЛИАРД 25,6 МИЛЛИОН ДОЛЛАР которгон. Мындай маалыматты Улуттук банктын расмий сайты кабарлады. Бул былтыркыга караганда 60 миллион долларга көп.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына таянсак, автоунаалардын мамлекеттик сандары окшош, кооз номерлер 19-сентябрдан тарта сатыла баштайт. Ал эми ӨЗГӨЧӨ НОМЕРЛЕРДИ онлайн-аукцион аркылуу сатуу боюнча жакын арада кошумча маалымат берилет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.