Равшан Жээнбеков: "АТАМБАЕВ АКАЕВ МЕНЕН БАКИЕВДИН ЖОЛУНА ТҮШҮП, ЖАСАЙ АЛБАГАН ИШТЕРИН КОНСТИТУЦИЯГА ШЫЛТАП ЖАТАТ"

Коомдогу прогрессивдүү көпчүлүк Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы. Экс-депутат Равшан Жээнбеков ошол жоон топтун арасында. Ал гезитибизге маек куруп, Баш мыйзамдын айланасындагы талаштуу жагдайлар боюнча өз ойлору менен бөлүштү...

– Равшан мырза, "Ата Мекенди" эске албаганда учурда бийлик менен оппозиция биригип алып Баш мыйзамды өзгөртмөкчү болуп жатышат. Парламентте оппозиция барбы?
– Тилекке каршы, Кыргызстанда бийлик президентке жана анын тегерегиндегилерге өттү. Президенттин катчылары, жардамчылары, жан сакчылары, шоопурлары башкарып жатышат. Азыр өлкөбүздө күчтүү өкмөт, Жогорку Кеңеш, сот, жергиликтүү бийлик жок. Мэр, министр, депутат, сот, өкмөттү дагы президент жана анын айланасындагылар басып алып, алардын атынан президенттик администрация башкарып жатат. Адатта мындай мамлекетти авторитардык же бийлик узурпацияланган мамлекет дейт. Жыйынтыгында мындай жагдай мамлекетти сөзсүз түрдө трагедияга алып келет. Ага биздин башыбыздан өткөн 2005 жана 2010-жылдагы окуялар далил. Ушундай убакта парламентте оппозиция пайда болот десек, анда биз жаңылышабыз. Анткени парламентке президент жана анын чөйрөсү атайылап унчукпаган, алсыз, бай депутаттарды алып келген. 2015-жылдагы шайлоодо кайсы партияларды, кайсы саясатчыны өткөрөбүз, алардын ичинен кимисин фракция лидери кылабыз деп акылдашып, план менен гана өткөргөн. Азыр парламенттеги оппозициянын жоктугу, мындан 2-3 жыл мурдагы президент менен анын чөйрөсүнүн бизге кызмат кыла турган адамдарды алып келебиз деген пландарынын жыйынтыгы. Парламентте оппозиция делип "Республика-Ата Журт" аталабы, "Бир бол" аталабы, кандай болбосун булардын баары атайын чечилген оппозиция, бийликке тиш кайрай албайт. Нормалдуу мамлекетте парламенттеги оппозиция бийликтин туура эмес кадамдарына каршы чыгып турат. Бизде, тетирисинче, алар жан үрөп президентке кызмат кылганга аракет кылууда. Акыркы убакта, албетте, "Ата Мекен" оппозиция болуп калды. Бирок "Ата Мекендин" ичинде деле Өмүрбек Текебаев менен Алмамбет Шыкмаматовдон башкасы унчукпай жатышат.

– Конституцияны 2020-жылга чейин өзгөртпөйбүз деп жалпы эл добуш берген. Эми Жогорку Кеңештеги 5 фракциянын лидери "өзгөртсөк боло берет" деп жаңыча жазып чыгышты. Ал канчалык мыйзамдуу? 5 лидер менен президент ал аракеттерди кантип мыйзамдаштырганы жатышат?
– Мен Конституцияны өзгөртүү маселесинде эки нерсеге көңүл бурар элем. Биринчиси моралдык жагы. 2010-жылы биз, айрыкча Убактылуу өкмөт мүчөлөрү, ошол тапта бийликте тургандар моралдык милдеттенме алышкан. "Биз бардыгыбыз жигиттик сөз беребиз, ушул Баш мыйзамга 2020-жылга чейин тийбейбиз" дешкен. Себеби ар бир президент бийликке келген соң өзүнүн бийлигин бекемдеш үчүн Баш мыйзамга асыла башташат. Ошондуктан өзгөртпөйбүз деген жигиттик сөз беришкен. Тилекке каршы, бийлик ал жигиттик сөзүнөн тайып жатат. Экинчиси Конституцияда так жазылып турат, 2020-жылга чейин эч кимдин аны өзгөртүүгө укугу жок. Бул юридикалык норма. Бийлик бүгүн моралдык, жигиттик сөзүнө да турбай, юридикалык норманы да аткарбай жатканы бир эле нерсени далилдейт. Эгерде мамлекетте экономикалык каатчылык болсо, мамлекетти башкарып жаткан бийлик элге позитивдүү өзгөрүүлөрдү алып келе албаса, айла кеткенде ушинтип бийлигин сактап калуу үчүн Баш мыйзамды өзгөртүүгө аракет кылып келген. Бул мурдагы президенттердин 8 жолу Конституцияны өзгөртүшү, референдум өткөрүшү менен далилденип турат. Бүгүн деле Атамбаев Акаев менен Бакиевдин жолуна түшүп өзүнүн колунан келбеген, жасай албаган иштерин Конституцияга шылтап, суудан кургак чыккысы келип жатат. Мен саясатчы катары билем, бүгүнкү мамлекеттеги кризистердин бардык себеби эффективсиз башкаруу. Эффективсиз башкаруунун башында азыр президент Атамбаев турат.

– Статистикалык маалыматтар боюнча, Кыргыз мамлекети өнүгүп жатат. Элдин жашоосунан ал өнүгүү көрүнбөйт. Отчёттор качан реалдуулук менен төп келишет?
– Албетте, бийлик дайыма өзүн мактайт. Аны мактаганга дүжүр саясатчылар, дүжүр саясат таануучулар, бийликтин колунда аябагандай көп маалыматтык ресурс бар. Реалдуу цифраларды карай турган болсок, Кыргызстанда алты айдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукция 3 пайызга түштү, соода балансыбыз, сыртка сатуу-сатып алуу 30 пайызга кыскарды. Өлкөдө акыркы айларда орто айлык акы девальвация менен инфляцияга байланыштуу 10-15 пайызга төмөндөдү. Жакырчылыктын деңгээли мурун 31 пайызды түзсө, азыр 33 пайызды түзүп калды. Бул өкмөттүн маалыматы эмес, бул Дүйнөлүк банктын таратып жаткан маалыматы. Ал эми жалпы экономикалык абалды айта турган болсок, айыл чарба продукциялары Орусия менен Казакстанга кирбей калды, курулуш тармагы токтоду. Жеңил өнөр жайы коңшу мамлекеттерге көп жөнөтүлбөй калды. Дүйнөлүк донор мамлекеттер, каржы уюмдары да Кыргызстанга каражат бөлүүнү кыскартышты. Биз экономикада, бир эле дүйнөлүк эмес, регионалдык саясатта да изоляцияга кептелдик. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жетекчилигин орустарды айтпай эле коёюн, өзбек, тажик, казак жетекчилиги да теңине албай калган абалда турабыз.

– Бийлик "Баш мыйзамды өзгөртүү керек, ошондо жашоо оңолот" дейт. Өнүгүүгө учурдагы Баш мыйзам тоскоол болуп жатабы?
– Бул мамлекетти эффективдүү башкара албаган бардык президенттердин оорусу. Мамлекетте көрүнүктүү системалык, структуралык өзгөрүүлөрдү жасай албай калганда бардыгы Конституцияга асылышат. Атамбаев бүгүн Акаев, Бакиев сыяктуу эле түшүндү, мамлекетте оор социалдык, саясий, экономикалык абал түзүлүп калды, Конституцияга шылтоолоп ушул абалдан чыгып кетем, мунун аркасы менен бийлигимди бекемдеп алам деп жан далбастап жатат. Конституцияны күнөөлөгөндөн көрө биз реформаларды жасасак болмок. Мисалы, Баш мыйзамды өзгөртпөй эле президент кийлигишпесе күчтүү өкмөт, күчтүү жергиликтүү бийлик түзгөнгө мүмкүнчүлүк болмок. Тилекке каршы, азыр шаар мэрлери айыл өкмөттөргө чейин президент жана анын чөйрөсү өз адамдарын коюп алды, бул бийликтин вертикалын түзүп, монополизацияга, узурпацияга алып келди, Конституция иштебей калды. Тетирисинче, Конституцияны иштетүүгө шарт түзгөндө анда, балким, маанилүү реформалар жүрмөк.

– "Президенттин сөзү "Текебаевге, Сариевге, Отунбаевага иш козгогула" деген тапшырма болду" деп билдирдиңиз. Эгер мындай аракеттер башталса, ал толкун президенттин өзүн да алып кетиши мүмкүнбү?
– Бүгүнкү күндө президент аябай оор абалга кептелип турат. Конституцияны өзгөртүү маселеси референдум аркылуу өтсө да, өтпөсө да президент утулат. Мен муну так билем. Анткени кээ бир убакта саясатчынын жеңиши жеңилүүгө тете болот. Президенттин азыркы жасап жаткан кадамдары анын өзүн, айланасындагы адамдарын жана аны колдоп жаткан кошоматчы саясатчыларды туңгуюкка, оор акыбалга барып такайт. Эмне үчүн ал мурунку санаалаштарын жалданма телеканалдар аркылуу жамандап,  "президентке каршы чыккандарды камагыла" укук коргоо органдарына кыйыр түрдө көрсөтмө берди. Экинчиден, "президентке жакпаган адамдарды, айрыкча Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн кандай да болсо камаганга аракеттер болуп жатат" деген бизде маалыматтар бар. Бул абдан жаман көрүнүш, айланып барып президент Атамбаевдин өз башына тийиши мүмкүн. Мындай нерсе менен мурдагы президенттер да шугулданган. Алардын азыр кайда экенин баарыбыз жакшы билебиз.

– Кандай да болсо утулат дедиңиз. Референдум өткөрүп алса кантип утулат? Өткөрө албаса кантип утулат?
– Референдумга азыркы көптөгөн саясатчылар, жарандык коом каршы чыкканына карабай, жигиттик сөзүнө тура албаса, ал ушунча элдин алдында кадыр-баркын жоготот. Референдумду өткөрүп алуу менен да бийлигин бекемдей албайт, тескерисинче, абалы оорлойт, анткени ар бир кадамы президентти туңгуюкка алып баратат. Президенттиктен тынчтык жолу менен эмес, конфликт менен кетүүгө шарттар түзүлө берет.
Референдумдан баш тартса да утулат. Себеби президент туура эмес сөздөрү, кадамдары менен саясий коомдук күчтөрдүн башын бириктирди. Алардын баары президентке каршы иштей баштады.

– Конституцияны өзгөртүүгө каршы курултай өткөргөнү жатасыздар. Бул аракет канчалык жыйынтыктуу болот дейсиз?
– Биз эки президент менен күрөшүп жүрүп көп тажрыйба топтодук. Кыргыз саясатчылары Борбордук Азиядагы башка мамлекеттин саясатчыларына караганда бүгүнкү күндө бир топ алдыдабыз. Бийлик канчалык узурпация болсо да, авторитардуу болсо да, бизде бийликке каршы тура турган саясатчылар, улутчулдар, активдүү жарандар пайда болуп калды. Бүгүн тарыхта болуп көрбөгөндөй, саясатчылардын, коомдук активисттердин, мекенчилдердин биригүүсү байкалууда. Бул бийликке чоң белги болуш керек. Мындай биригүү кандайдыр бир деңгээлде 2005-жылы болгон. Бүгүнкүдөй активдүү, максаттуу биригүү биринчи жолу болуп жатат. Бийликке жетиштүү сигнал берип жатабыз. Ушул жагдайда президент, бийлик эсине келиш керек.

– Алмазбек Атамбаев учурдагы Конституцияны "туруктуу Баш мыйзам – өлкөнүн өнүгүшүнүн кепилдиги" деп, "2020-жылга чейин өзгөртпөш керек" деген пикирин көп ирет айткан. Президенттик мөөнөтү аяктаарда оюнун бузулушуна эмне себеп болду деп ойлойсуз?
– Бул баягы эле оору. Бийликтин алдында азыр бир маселе турат. Ал коопсуздук маселеси. Бийликтен кеткенден кийин кандай кыйынчылыктар, кандай оор турмуш күтүп турат. Экинчи дагы бир маселе ушунча топтогон байлыгын кантип сактап калат? Бийлик дегенде мен бийлик жана анын тегерегиндегилерди айтып жатам. Мына ушул маселелерди чечүү үчүн кандайдыр бир конструкцияларды ойлоп башташты. Менимче, бийлик өз ичинде ушундай план ойлоп чыгышкан. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизебиз, колдон келишинче премьер-министрди бекемдейбиз, жазында парламентти таратып, кайра көзөмөлдөнгөн шайлоо өткөрүп, парламентке 60 пайыз менен КСДПны алып келебиз, ошол аркылуу Атамбаев шайлоого барып, кайра премьер-министр болмок. Биз ошол планды бузганга аракет кылдык.

– Өмүрбек Текебаев парламентте президенттин катышуусу жок коалиция түзүүгө чакырды. Андай кылууга калгандарынын күчү жетеби? Кандай ойлойсуз? Эгер ал ишке ашса Конституцияны сактап калууга мүмкүнчүлүк болобу?
– Бул идея катарында теориялык жактан мүмкүн. Бирок практикалык жактан мүмкүн эмес. Парламенттеги "Ата Мекенден" башка 5 фракция президентке көз каранды. Алардын парламентке келиши Атамбаевдин эмгеги. Эгерде ал каалабаса келе алышмак эмес. Алардын бардыгы ишкерлер, парламентке добуш сатып алып келишкен. Алар укук коргоо, салык органдарына көз каранды болуп эсептелет да, бардыгын кандайдыр бир деңгээлде чөгөлөтүп коё алат. Ошондуктан башкалар КСДПны сыртта калтырып коалиция түзөт деген жомок. Бул бир гана учурда реалдуу болуп калышы мүмкүн. Эгерде мамлекетте социалдык, саясий, экономикалык абал оорлоп кете турган болсо, бизге окшогон активдүү саясатчылар парламент сыртында күчтүү оппозиция түзө алсак, эл каршылыгын активдүү билдирип баштаса, парламенттеги фракциялардын бардыгы ойной баштайт да, баары Атамбаевди сатып, жаңы коалиция түзүүгө даяр болот. Атамбаевдин коркуп жатканы ушул.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 724, 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан