Рэп ырчысы Баястан менен Аянанын кыналыша түшкөн сүрөттөрүн социалдык баракчаларынан көп жолу көрүп калганбыз. Атүгүл экөө кече, мааракелерге жетелеше барып, кыз-жигит экенин жашырбай деле калышкан. Жадакалса "Бир адам" деген дуэт жаздырганга үлгүрүштү. Жаш, популярдуулугу артып бараткан экөөнүн жашоосу албетте, күйөрмандарына, элге кызык. Алардын ар бир кадамы көз жаздымда калбайт. Жакындан бери Аяна да, Баястан да чогуу түшкөн сүрөттөрүн өчүрүп, аларды кечелерден да бирге көрбөй калдык. Окуянын мындай нукта өнүгүүсүнө күйөрмандары да кызыгып, бизге билип берүүбүздү суранып кайрылышты.
Баястанга байланышканыбызда, ал: "Биздин ортобузда эч нерсе болгон жок. Бул туурасында эч нерсе деп айта албайм",- деген кыска гана жообун берди. Балким, "бакыт тынчтыкты сүйөт" дегендей, Баястан менен Аяна жеке жашоосун сыр тутууну туура көргөндүр. Балким, башка себептир. Айтор, эмнеси болсо да жылдыздарыбыздын бактылуу болушун каалайбыз!