"Татьянанын күнү" ("Татьянин день") тасмасындагы баш каарман Сергей Никифоровдун ролун жараткан белгилүү орусиялык актёр, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү Кирилл Сафонов Бишкекке келет. Ал 7-октябрда Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында "Көк роза" ("Синяя роза") аталышындагы пьесада өзүнүн талантын тартууламакчы. Бул мырзадан тышкары орус киносунун көрүнүктүү актёр, актрисалары: Ольга Остроумова, Ольга Арнтгольц, Анатолий Смиранин келишмекчи. Мындай белгилүү кино каармандарын сыналгыдан гана көрүп суктанып келсеңиз, эми алардын талантына жандуу күбө болосуз.