БАЛАЛУУ БОЛГУМ КЕЛЕТ ЖЕ КАНТИП БОЙГО БҮТҮРҮҮГӨ БОЛОТ?

Баланын төрөлүшү өзгөчө эне үчүн айтып бүткүс кубаныч эмеспи. Бирок эне болуу кубанычы узакка күттүрсөчү? Мындай учурда кадимки медицинадан да, элдик медицина жардамга келет.

ӨЗГӨЧӨ БЕЛГИ
Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, аялдар бойго бүтүрүүгө ылайыктуу кезде эркектерге сигнал бере алышат. Анткени бойго бүтүрүүгө ылайыктуу деп эсептелген кезде аялдын үнү бийик чыгып калат. Ал кез этек кир келердин алды болуп эсептелет. Аялдар өздөрү да сезбей жиберген сигналды эркектердин организми айымдын организми бойго бүтүрүүгө даяр деп кабыл алышып, дүүлүгүп чыгат экен.

САЛТТУУ МЕДИЦИНА
Бойго бүтпөөнүн себеби ар түрдүүчө болушу мүмкүн. Мисалы, жыныстык органдардагы кемчиликтер же сезгенүүлөр, бойго бүтүүгө жагымсыз мезгил, стресстик кырдаал.
Албетте, себебин тактоо жана дарылоо, дарыгердин милдети. Бирок жыныстык органдардагы кемчиликтер жана сезгенүүлөр жок болсо, анда аял өзүнө жардам бере алат.

Ылайыктуу убакыттан пайдалан

  • Ар бир айда аялдын оң же сол эн безинен урук клеткасы бышып жетилип турат. Жетилген урук клеткасы аялдын эн безинен чыккандан тартып аялдын дене жылуулугу жогорулап, эти 3-4 күн ысып турат. Демек, аялдын боюнда болуу мүмкүнчүлүгү күчөйт. Мына ушул бойго бүтүүгө ыңгайлуу учурду колдон чыгарбоо кажет.
  • Айымдын организми бойго бүтүрүүгө даяр кезде жубайлар жыныстык кошулууга эки күндө бир баруусу кажет. Андай кез болуп аялдын этек кир циклинин 10-18-күндөрү эсептелет (этек кир келген күндү биринчи күн деп эсептөө кажет). Бойго бүтүрөбүз деп ашыкча эле секс менен алектенүү жарабайт. Андан көрө романтикалуу секске көңүл буруу кажет. Эгер 1 айда тилек ишке ашпаса, анда кийинки айларда аракеттенүү кажет.

Эмне үчүн эки күндө бир жолу? Анткени секс канча көп болсо, эркекте урук суюктугу ошончолук аз болот. Андыктан урук суюктугу топтолсун үчүн 2 күндө бир сүйүү оюнун куруу керек.
Ал эми 5-6 күндө бир төшөк оюнун куруу, бойго бүтүү мүмкүн­чүлүгүн абдан азайтат.

Төшөк ыкмаларынын таасири барбы?
Бойго бүтүрүү үчүн төшөк ыкмаларын тандоонун зарылдыгы жок. Анткени алдыга жылып кыймылдоого сперматозоиддерге мурутчалары жардам берет. Эркектин урук суюктугу аялдын жыныс кынына түшкөндө, миллиондогон сперматозоиддер жатынды көздөй жылып жөнөшөт. Анан бир нече мүнөттөн кийин анда болуп калышат.
Эгер бойдо болбосо, анда тынчсыздануунун кереги жок. Анткени бойго бүтүрбөөчү каражаттарды ичпей калгандан тартып, жок дегенде 1 ай өтүшү керек. Ошондо гана организм бойго бүтүрүүгө даяр болот.
Айта кетчү нерсе, жашы 35тен өткөн аялдарда бойго бүтүрүү кыйынчылыгы жогору. Эгер 5-6 ай ичинде бойго бүтүрүү тилеги ишке ашпаса, анда дарыгерден кеңеш алуусу зарыл.
Бойго бүткүчө жана бүткөндөн кийин да жубайлар ичимдиктен алыс болуулары керек. Ичимдик жыныстык клеткаларга тескери таасирин тийгизет. Башка зыяндуу заттардан (боёк, лак, эритмелер ж.б.) да алыс болуу оң. Дары-дармектерди кабыл алууга, рентгенге түшүүгө болбойт.

ЭЛДИК МЕДИЦИНАДАН
Е витамини. Бул витамин аялдардын эн безинин, ал эми эркектердин урук безинин жакшы иштөөсүнүн өбөлгөсү. Е витамининин булагы болуп розанын желекчелери эсептелет. Розанын желекчелеринин үстүнө кайнак суу куюп демдеп койсо, роза суусу даяр. Муну ачкарын ичүү керек.
Е витамининин дагы бир булагы – чы­чырканак. Чычырканактын ширесин, майын ичип же жаңы мөмөсүн жеш керек.
Ашкабакта Е витамини менен кошо организмге керектүү башка заттар да болгондуктан, муну пайдаланса, өтө жакшы.
Ашкабакты колдонуу талгактын алдын алып, ал эми бала эмизген аялдарда сүттүн көбүрөөк бөлүнүп чыгышын шарттай тургандыгын айта кетели.
Кара көсөө (спорыш). Бул чөп тукумсуздукка табылгыс каражат. Анткени жатынга жана эн безине дарылык касиетин тийгизип, бойго бүтүрүүгө жардам берет. Аны чай катары ичүүгө болот. 2 чай кашык кара көсөө чөбүнүн үстүнө 400 грамм кайнак суу куюп, 4 саат демдөө керек. Анан бир күндө 4 маал, тамактан жарым саат мурун 100 граммдан иче берсе болот.
Сандык куурай (шалфей). Муну байыркы гректер аялдардын тукумсуздугуна каршы пайдаланып келишкен. Азыр да анын дарылык касиети жогору бааланат. 1 чай кашык сандык куурайдын үстүнө 200 грамм кайнак суу куюп, демдөө кажет. Анан бир күндө 2-3 маал 1 аш кашыктан кабыл алуу зарыл.
Эскертип кетчү нерсе, чөп күчтүү болгондуктан, айтылган өлчөмдөн ашырбоо керек.
Чөптөрдүн топтому. Эн безинин сезгенүүсүн айыктырып, бойго бүтүрүүгө жардам берүүчү чөптөрдүн топтому да бар. Ал үчүн өгөй эненин, ромашканын, казтаңдайдын (тысячилистник), мажүрүм чөптүн (донник) жана теңге гүлдүн (календула) ар биринен 50 граммдан алып, үстүнө 600 грамм кайнак суу куюп, 3 саат демдөө зарыл. Анан бир күндө 30 граммдан 5-6 маал ичүү керек. Кабыл алуу мөөнөтү 1-2 ай.

Эскертип кетчү нерсе, дары чөптөрдү өз алдынча колдонуудан мурун дарыгерге кайрылуу зарыл.


КАЙCЫ ЖЕРИҢ ООРУУРУН ӨЗҮҢ АНЫКТА!

Ичиң же жүрөк тушуң оорутуп калды дейли. Мындай учурда ооруу белгилерине карап, кайсы жериң ооруп жатканын аныктап алсаң болот.

ИЧИҢ ООРУСА...
Курч кармаган холецистит (өт баштыкчасынын сезгениши). Оң капталдагы кабыргалардын алды оорутат.
Курч кармаган панкреатит. Оорутуу бирде оңго, бирде солго көчүп, белди да камтыйт.
Ашказандын жарасы. Ичтин өйдөң­кү бөлүгү бычак сайгандай оорутат. Оорутуу курсакка да берилет.

БЕЛ ООРУСА...
Курч кармаган пиелонефрит. Белден башталган оорутуу жука чурайга берилет.
Люмбаго. Бул оор жумуштан, суукка урунуудан, оор инфекциялык оорудан кийин келип чыгуучу оорутуу. Ток тартып кеткендегидей болуп оорутат. Көбүнчө оорутуу жоон санда күтүлөт.
Миозит. Бул инфекциядан улам скелет булчуңдарынын сезгениши. Бел уютуп оорутат. Көбүнчө оорутуу муундарга да өтөт.
Куяң. Оорутуу белден башталып, жамбашка, анан тизеден ылдый шыйракка берилет. Оорутуу бир капталдан экинчи капталга оодарылганда, басканда, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө күчөйт. Ооруган жер сайгылашып, уюп, жансыз болуп калат.

КӨКҮРӨК ТУШ ООРУСА...
Миокард инфаркты. Миокард бул – жүрөктүн булчуң тканы. Демек, миокард инфаркты бул – жүрөктүн булчуң тканынын инфаркты. Жүрөк туш ооруп, оорутуу сол колго берилет. Оорутуу муздак терге түшүү, кусуу, коркуу менен коштолуусу мүмкүн.
Өпкөнүн сезгениши. Оор дем алганда жана жөтөлгөндө көкүрөктөгү оорутуу күчөйт.
Омуртканын көкүрөк бөлү­гүнүн остеохондрозу. Оор жумуш кыл­ганда жана катуу кыймыл жасап жибергенде, көкүрөктүн арткы тушу оорутат.
Кызыл өңгөчтүн сезгенүүсү. Оорутуу көкүрөктүн артына да берилип, ашказанда зарына пайда болот. Бир нерсени жутканда оорутуу күчөйт.

БЕЛДЕН ЫЛДЫЙ ООРУСА...
Эркектерде белден ылдый оорутууну заара чыгаруу системасында оору бар деп түшүнсө болот. Аялдарда заара чыгаруучу системасынын оорусунан тышкары этек кирдин оорутуп келиши менен, жыныстык органдардын сезгениши да белден ылдый оорутууну жаратат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
love2016kg
2016-04-08 13:03:57
ушундан улам бойго бутуусу мумкунбу?????
0
№ 384, 12-18-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан