Бир кезде чыгармачылыкка жаңы стиль менен киришкен ырчы Дархан эсиңизде болсо керек? Кийин ал "Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгуу керек?" тасмасы аркылуу актёрдук чеберчилигин да көрсөтүп, көп күйөрман арттырган. Андан кийин бирин-экин клип тартымыш болду, бирок активдүү иштебей калды. Көп жылдан бери элден алыстап кеткен Дархан учурда кайда, эмне менен алек болуп жүрөт деп кызыгып, байланыштык. Көрсө, ал жогоруда тартылган тасманын таасириби, айтор, Кореяда чыгармачылыгын улантып жүргөн экен.
"Азыркы учурда Түштүк Кореянын Пусан шаарындамын. Кореяда жүргөнүмө быйыл 1 жыл болду. Бул жакка келишим менен келип, музыкант болуп иштеп жатам. Буюрса, эмдиги жылы Кыргызстанга барып чыгармачылыкка жаңы дем менен киришем",- дейт алыстан мекендештерине салам-дубай жолдогон Дархан.