Эл аралык «Жаңы толкун-2016» жаш ырчылар сынагынын катышуучусу Нурсултан Азыкбаев 14-сентябрда мекенине кайтып келди. Ал Орусиянын Сочи шаарында өткөн музыкалык сынакта үч этаптын жыйынтыгы менен 414 упай алып, 16 катышуучунун ичинен төртүнчү орунга ээ болду. 5 мыктынын катарына кирген ырчы сынак тууралуу биз менен маек курду.
– Нурсултан, 4-орунга ээ болушуң менен куттуктайбыз! «Эң башкысы катышуу эмес, жеңиш» деген максатта жөнөдүң эле. Жыйынтык көңүлдөгүдөй болдубу?
– Рахмат, биринчиден, биз аябай жакшы деңгээлде даярданганбыз. Мыкты даярдыктарга карабастан ал жактан өзгөрүүлөр болуп жатты. Мен жеңиш деген позицияда бардым жана төртүнчү орунга жеттим.
– "Стингге сюрприз жасап кайырмасын флейтада ойноп берем" деген элең. Ал максатың ишке ашпай калды окшойт?
– Ооба, тилекке каршы, пландар аткарылбай калды. Бул менин жеке чечимим эмес. Бардык катышуучулар режиссёр Александр Ревзиндин элегинен өтүшөт. Анын койгон талаптары, сунуштары менен даярданып, сахнага чыгып жаттык. Мен Стингдин ырын аткарганда флейтада ойноп коштоп берсем деген оюмду айтсам,"кайырмасын флейтада ойноо аздык кылат" деп койду. Кошумча өзүмдүн «Аттиң, ай» деген ырымдын ордуна режиссёрдун жана композитор Игорь Крутойдун сунушу менен ушул эле сынакта Арсен менен Айбек Замиров аткарган «Чувства мои» чыгармасын ырдадым.
– Григорий Лепс менен эмнеге ырдабай калдың?
– Сынактын экинчи бөлүгү Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, композитор Виктор Дробыштын чыгармачылыгына арналган. Бул күнү биз атактуу орус ырчылары менен дуэт ырдамакпыз. Сынакка 1 күн калганда Григорий Лепстин атынан чалышып, ырчынын ордуна шакирти Ромади барарын айтышты. Чынын айтсам, Ромадини ошол жакка барганда тааныдым. Экөөбүз 1 күн мурун таанышып, 2 саатча даярдангандан кийин сахнага чыктык. Даярдыгыбыз да жакшы болгон жок. Ромади жактан көп талаптар аткарылбай калды.
– Стилиңер өзгөчө болду. Сахнага өзүңөр тандаган кийим менен чыктыңарбы?
– «Жаңы толкун» сынагынын ичинде дизайнерлердин да сынагы өткөрүлөт. Ага да аттуу-баштуу дизайнерлер ат салышат. Бир катышуучуга 2-3 дизайнер кам көрүп жатты. Бардык кийимдерибизди режиссёр Александр Ревзиндин уруксаты менен кийдик. Анткени сырткы келбетибиз, кийингенибиз ырдаган ырыбызга кошумча көрк берет. Сынактын биринчи күнүндө кийип чыккан костюмду өзүм ала баргам.
– Кыргызстандын атынан сынакка катышып жатканыңды угуп, кайдигер карабай демөөрчүлүк кылгандар болсо керек?
– Жакындарым, туугандарым, досторум материалдык, моралдык жактан колдоо көрсөтүштү. Андан тышкары демөөрчүлүк кылгандар да болду.
– Мындан ары чыгармачылыгыңды улантасыңбы?
– Ооба, улантам. Жашоомдун жарымы чыгармачылык менен өтөт. Мындан тышкары жеке ишкерлик менен алектенсем деген ойлорум бар.
Бактыгүл Момбекова
Алишер Алиев
star@super.kg