SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

8-сентябрь:
АТАМБАЕВ ТЕКЕБАЕВГЕ ЭРКЕКЧЕ ЖООП БЕРЕБИ ЖЕ КӨШӨГӨ АРТЫНДА САЯСИЙ КУУГУНТУКТУ УЛАНТАБЫ?

Баш мыйзамды өз ыңгайына жараша өзгөртүүнү каалап жаткан бийлик менен Баш мыйзамды коргоочулардын ортосундагы келишпестик дагы бир баскычка өстү. Буга чейин эки тарап маалыматтык согушта «жеңил артиллерияны» колдонсо, эми «оор куралдарды» колдонууга өтүштү. Кечээ Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Ыңгайсыз суроолор» программасында түз эфирде президентке чакырык таштады. Дебатта Текебаевдин оппоненти катары КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов болгон. Текебаев Өмүркулов чечүүчү күч эмес экенин ачык айтты. «Эгер иш Иса Өмүркуловдо болсо, абдан жакшы болмок. Бул киши диалогго даяр. Бирок бул процесстин башка дагы маанилүү катышуучулары бар. Алар диалогго таптакыр даяр эмес. Кирпи чечендей болуп эле «сен эл саткычсың, сен сасыксың, сен бузукусуң, сенин оюң бузук» деп турат. Өзү эле эмес, президенттик аппарат башчысы Фарид Ниязов да ушинтип турат. Алардын сүйлөшөйүн деген ою жок. Эгер алар сүйлөшпөсө, анда Иса экөөбүз сүйлөшкөндөн кандай пайда?»- деди Текебаев. Ажонун мародёрлук боюнча айтылган айыптоолоруна да жооп узатып, президентке чакырык таштады. «Мародёрлорду жакшы издеп чыкса, өзүнүн партиясынан чыгат. Эгер таба албаса, мен жетелеп алып барып көрсөтөм. Мен кайрылат элем: «Атамбаев, мен, Текебаев, эч жакка качпайм. Бир жылың бар, тап! Таппасаң, мөөнөтүң бүткөндөн кийин сени менен өзүм сүйлөшөм. Эркек болсоң, тап. Мен, Текебаев, эркекмин, эч жакка качпайм!»- деди «Ата Мекендин» лидери.
Мындай «оор артиллерияны» Текебаевден мурун бийлик колдонууга өткөн. Алсак, мамлекеттик кызматтарга «Ата Мекендин» квотасы менен келген кадрлар жөндүү себептери жок кызматтан алынууда. Тактап айтканда, бийлик коалициянын курамындагы «Ата Мекенден» арылуу аракетин баштады. Кыска убакыттын ичинде Мамлекеттик миграция кызматынын башчысынын орун басары Канат Азиз, юстиция министринин орун басары Айбермет Кутуева, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысынын орун басары Марат Таиров кызматтан алынды. Бул айда ээлеген кызматтарынан дагы эки «ата мекенчи» кетирилиши мүмкүн деген жоромолдор жүрүп жатат. Алар өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиев жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев. Эми Атамбаев Текебаевге эркекче жооп береби же көшөгө артында саясий куугунтукту уланта береби?..

9-сентябрь:
КАРИМОВДОН УЛАМ НАЗАРБАЕВ МУРАСКЕР КАМДАЙ БАШТАДЫ

Өзбекстанды келерки 5 жыл ким башкарары алдын ала белгилүү болду. Кечээ өлкөнүн парламенти президенттин милдетин убактылуу аткаруучу катары 2003-жылдан бери премьер-министр болуп келе жаткан Шавкат Мирзийоевдин талапкерлигин бир добуштан жактырды. Эми 4-декабрда президенттик шайлоо өтүп, ал толук кандуу президент болору күтүлүүдө. Өзбекстандын Конституциясына ылайык, аракеттеги президент өз милдеттерин аткара албаган учурда анын милдеттери менен ыйгарым укуктары 3 айга Олий Мажлистин төрагасына жүктөлөт. Демек, өзбек парламентинин төрагасы Нигматилла Юлдашев президенттин милдетин убактылуу аткаруучу болушу керек эле. Бирок ал белгисиз себептерден улам баш тартканы айтылууда. Өзбекстандын Баш мыйзамында «премьер-министрди депутаттар убактылуу президенттин милдетин аткаруучу катары шайлайт» деген норма жок. Мирзийоев Баш мыйзамды бузуу менен президенттин милдетин аткарууга отурганын өзбек коомчулугу, ММКлары сөз кылбай, үн-сөзсүз кабыл алышты. 3 айдан кийин президентти шайлоо деле азыркыдай Баш мыйзамдын негизинде эмес, өлкөнү уучунда кармап турган топтун кызыкчылыгына жараша өтүшү мүмкүн... Ислам Каримовду акыркы сапарга узатууга келген башка өлкөлөрдүн башчыларын тосуп алууда Шавкат Мирзийоев өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтүп жатты, басылмаларда анын аты башкалардыкына караганда көбүрөөк айтылды. Ислам Каримовдун башкаруусунда 11 жыл бою премьер-министр болуп иштеген Мирзийоев анын саясатын улантарын парламентте сүйлөп жатып айтты. Бирок Каримов каза тапкандан бир жума өтпөй күйөө баласынын бизнесин текшерүү башталганына караганда анын үй-бүлөсү мурдагы салмагы менен таасирин жоготору анык. Албетте, бийликке жаңы адамдардын келиши менен рынокту бөлүштүрүү башталат. Демек, кызыктар али алдыда. Коркунучтуу жери, Борбор Азиянын эң калктуу мамлекетинде туруктуулук сакталбай калып, жарандык согуш башталып кетсе, терс таасири коңшу өлкөлөрдүн баарына тиет.
Каримов сыяктуу эле эгемендүүлүк алгандан бери бийликтен кетпей Казакстанды башкарып келе жаткан Нурсултан Назарбаев шашылыш чара көрө баштады. Казакстандын президенти мураскер катары калтыргысы келбеген адамды премьер-министр катары узак убакыт кармоо кооптуу экенин Өзбекстандын мисалында өз көзү менен көрдү. Карим Масимовду өкмөт башчылыгынан кетиргенин ушундай түшүнүүгө болот. Масимов премьер-министр болуп 2007-2012-жылдары, 2014-2016-жылдары жалпысынан 8 жыл иштеген. Казакстанда коңшу Өзбекстандагыдай кырдаал түзүлүп калса, Мирзийоев сыяктуу президенттин убактылуу милдетин аткаруучу, анан толук кандуу президент болушу мүмкүн эле. Ошентип, кечээ, 8-сентябрда Нурсултан Назарбаев Карим Масимовду Улуттук коопсуздук комитетине төрага кылып дайындап, курамга өзү алып барып тааныштырды. Тажрыйба көрсөткөндөй, премьер-министрдин креслосунан кийин президенттикке өтүү жеңилирээк. Премьер-министрдин милдетин убактылуу аткаруу жоопкерчилиги биринчи вице-премьер-министр Бакытжан Сагинтаевге жүктөлдү. Жакынкы күндөрү Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева өкмөттүн жетекчилигине келет деп күтүүгө болот. Ал Карим Масимовдун өкмөтүндө 2015-жылдын сентябрь айынан бери премьердин орун басары катары иштеп келе жаткан...

12-сентябрь:
ОШТУН МЭРИ АТАМБАЕВДИ СЫНДАГАНДАРДЫ КАРГАДЫ

Кыргыз мамлекетинде бүгүн Курман айт майрамы белгиленүүдө. Бул ирет Айт намазында коопсуздук күчөтүлгөнү байкалып турду. Бишкекте эски аянтта окулган Айт намазга миңдеген адамдар катышып, тартипке 3 миңдей милиция кызматкери көз салса, чоң мечиттердин бир катарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарандарды дыкат текшерүүдөн кийин гана киргизип жатышты. Сактанууга да негиз бар. Эске салсак, 30-августта жан кечти Кытай элчилигинин дарбазасын унаа менен сүзүп кирип, өзүн-өзү жардырып жиберген. УКМКнын маалыматына ылайык, Бишкектеги бул жардырууну Сирияда согушуп жүрүшкөн уйгур террорчул топтору уюштурган. Коңшу өлкөлөрдөгү акыбал да кооптонууга негиздерди жаратууда. Тажикстандан качып Сирияда согушкерлердин катарына кошулган милициянын полковниги Гүлмурод Халимов «Ислам мамлекети» террорчул тобунда кол башчы болгону маалымдалды. Казакстанда ушул жылдын июнь айында Актөбө облусунда куралданган адамдар баш аламандык чыгарып, калктын үрөйүн учурушту. Ислам Каримов каза тапкандан кийин серепчилер Өзбекстанда радикалдуу диний топтор баш көтөрүшү мүмкүн экенин айтышууда.
«Бечелге жөтөлдүн эмне кереги бар?» дегендей, диний кырдаал курчуп турган абалда Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев бүгүн Айт намазда куттуктоо сөзүн айтып жатып «президентибиздин жаңылануу саясатын сындагандарды Кудай жазаласын» деди. Тарых барактарына үңүлсөк, Кокон хандыгынын убагында кимдир бирөөнү калкка жек көрсөтүү максатында жана элдин оюн буруш үчүн жогорудагы көрүнүшкө окшош ыкма колдонулчу. Намаз учурунда «баланча хан тукумуна каршы иш кылып жатат, ал деген саткын, укум-тукуму жакшылык көрбөсүн, эч кимиңер анын артынан ээрчибегиле» деген сыяктуу сөздөр айтылчу. Кыргыздын чиновниктери XXI кылымда деле ал ыкмадан алыс кетпегенин көрсөтүшүүдө...

13-сентябрь:
«АЛА-АРЧА» МАМЛЕКЕТТИК РЕЗИДЕНЦИЯСЫНДА «ЧЕКУШКАЛАРДЫ» КИМ ИЧЕТ?

Президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына алкоголдук ичимдиктер жана суусундуктар сатып алынат. Тендерди Мамлекеттик сатып алуулар боюнча департамент жарыялаган. Маалым болгондой, резиденцияга сапаттуу арак, шарап, сыра, коньяк, лимонад, минералдык суулар сатып алынмакчы. Тендердин жалпы суммасы 149 миң сомго чукул. Кызыктуусу, резиденцияга «чекушка» деп коюучу арактар да сатылып алынып жатат. 24.kg маалымат агенттиги бул боюнча: «Бишкектеги турак жай ээлеринин шериктиктеринин (ТСЖ) бир катары «Заначка» арагын ичкич адамдар жана селсаяктар ичкендиктен, үйлөрдүн жанына жакын жайгашкан дүкөндөрдө саттырбайт»,- деп жазды. Бул арак жеткиликтүү баада болгондуктан, селсаяктар ичип алып чыр чыгарып тынчтык бербейт дешсе керек.
2014-жылы коомдук активист Адил Турдукулов: «Мамлекеттик резиденция үчүн 1 миллион 380 миң сомго арак алынган»,- деп билдирген болчу. Мындай керектөөлөрдү адатта резиденцияда конокторду тосууга зарыл деп түшүндүрүшөт. Бирок резиденция жөнөкөй конокторду эмес, көбүнесе чет жерден келген расмий делегациянын өкүлдөрүн тосуп алат эмеспи. Ошондуктан «Резиденция «чекушкаларды» ким үчүн алып жатат?» деген суроо талкуу жаратууда...

14-сентябрь:
КСДПНЫН ДЕПУТАТЫ АВТОБУСКА ТҮШКӨНҮНӨ НААРАЗЫ

Жайкы каникулдагы 2 айлык эс алуу жетишсиз болуп, Көчмөндөр оюндарын көрүп, Курман айтта айтташ үчүн тарап кетишкен депутаттар бүгүн пленардык жыйынга чогулушту. 1-сентябрда КСДПчы депутат Кожобек Рыспаев жайкы каникулдан келген депутаттарды оюн көрүп келели деп кайра тараткан эле. Эми ал «ошол оюнду көрүүгө шартты биз үчүн начар түздүңөр, өкмөткө жакшы түздүңөр. Бизди автобуска салган боюнча алып кеттиңер, министрлер кабинетинин өкүлдөрү бизди шылдыңдагансып өз унааларында барышты» деп арызданды. Депутаттын бул арызы Жогорку Кеңеш качан эс алуудан келип, иш баштайт деп күзөтүп отурган көпчүлүктүн кыжырдануусун жаратты. «Жогорку Кеңеш карап, талкуулаганга башка маселе жок беле? Мына көргүлө, кандай деңгээлдеги адамдарды шайлаганбыз?!» Коомчулук депутаттын даттануусун ушундай кабыл алды. Жогорудагыдай демилгелери, сөздөрү менен Кожобек Рыспаев «КСДП фракциясынын ньюсмейкери» наамына илингени калды. Бул күнү өзгөчө жоругу менен айырмаланган дагы бир депутат КСДПчы Мээрбек Мискенбаев болду. Лидерине болушайын деп, бирок акылдуу, маанилүү эмне сунуш киргизерин таппаган ал Текебаевге улам-улам сөз берилип жатканына жабышып, «анда трибунаны Текебаевдин жанына алып барып бергиле» деп чыкты. Анын эмоцияга толо демилгеси алыска барбады. Мискенбаев кесиптештеринен кагуу жеп тынчып отуруп калды.
КСДП фракциясы бүгүнкү парламенттик жыйында эки фронттук линияда согуш жүргүзүп жатты. Бирок согуштар парламенттик оппозиция менен эмес, коалициялык көпчүлүккө кирген эки фракция: «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» менен болду. «Өнүгүү-Прогресстин» лидери Бакыт Төрөбаев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламент регламенти боюнча комитетинин төрагасынын бош креслосуна өзүнүн фракциялашы Тынчтык Шайназаровду отургузууга аракет кылып жатат. Конституцияны өзгөртөбүз деген аракетти баштап коомчулуктун катуу нааразычылыгына туш болгон КСДП бул кызматты башкаларга карматпасы анык. Алар талапкер катары Асел Кодуранованы алып чыгышты. Албетте, коалициялык көпчүлүктүн курамынан дагы бир талапкердин чыгышы Иса Өмүркулов баш болгон КСДП фракциясына жагымсыз сюрприз болду. Бул сюрприз фракция лидерин тең салмактуулуктан чыгарып, Иса Өмүркулов: «Ата Мекен» Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып, бизди улам-улам сындап жатат. Эгер коалициялык көпчүлүктө түшүнүшүү жок болсо, анда «Ата Мекен» менен «Өнүгүү-Прогресс» коалициядан чыксын»,- деп жиберди. «Парламенттеги көпчүлүк коалиция Конституцияны өзгөртүү, референдум өткөрүү үчүн куралды беле?» деген суроо жаралат. Текебаев жоопту көп күттүргөн жок. Ал коалициялык келишимде «президенттин Конституцияны өзгөртүү, референдум өткөрүү идеясын баары колдосун» деген пункт жоктугун айтты. «Ата Мекен» коалициялык келишимди так аткарып жатат, демек, коалициядан чыгууга негиз жок. Эгер жакпай жатса, анда КСДП өзү чыгып кетсин»,- деди ал. «Ата Мекендин» же «Өнүгүү-Прогресстин» коалициядан жалгыздап чыгып кетүүсүнөн абал өзгөрбөйт. Эгер Текебаев менен Төрөбаевди чогуу коалициядан сүрүп чыгаруу аракети жүрүп жатса, анда коалициялык көпчүлүктө 56 гана мандат калат. Демек, коалицияга дагы бир фракциянын кириши керек болот. Бабанов коалициялык көпчүлүккө кирүүгө даяр экенин ачык да, кыйытып да кайра-кайра айтып жатат. Анын фракциясында 28 мандат бар. Эгер окуя ушундай өнүксө, анда Түндүк менен Түштүктүн балансы бузулуп, ажырымы күчөп кетери анык. Текебаев да, Төрөбаев да түштүктүн өкүлдөрү. Ал эми Өмүркулов, Исаев жана Бабанов Кыргыз мамлекетинин түндүк аймагынын өкүлдөрү...

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 724, 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан