Алмазбек Атамбаев: «ТУРУКТУУ БАШ МЫЙЗАМ – ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮШҮНҮН КЕПИЛДИГИ»

Президент А.Атамбаевдин Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү (12.09.2012)

– АКЫРКЫ КҮНДӨРҮ МАКСАТТУУ ТҮРДӨ УЧУРДАГЫ КОНСТИТУЦИЯНЫ КАРАЛОО ЖҮРҮП ЖАТАТ. Аны бардык жамандыктарга айыпташууда, "Баш мыйзам өлкөдөгү экономикалык жана саясий кризистерге айыптуу, анда бекитилген башкаруу формасы эң начар" деп. Чын эле ушундайбы? Реалдуулукта мамлекеттик башкаруудагы экономикалык жана социалдык кемчиликтер Конституциянын начардыгынан эмес, мамлекеттик органдардын сапатынан, Баш мыйзам берген ыйгарым укуктарды, мүмкүнчүлүктөрдү кантип пайдалана алышат, мына ошондон аныкталат.
2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган Конституция 1996-жылдан бери мамлекеттик бийликти бөлүштүрүүдөгү өлкө башчысы, мыйзам чыгаруу, сот жана аткаруу бийликтеринин ортосунда келе жаткан дисбалансты жойду.

ххх

Белгилүү болгондой, эгемендүүлүктүн бардык жылдарында өкмөт дагы, Жогорку Кеңеш дагы бийлиги жоктугун шылтоо кылышып «бизге тиешелүү ыйгарым укуктар берилгенде го...» деген сөздү ийгиликтүү пайдаланып, өздөрүнө ылайыктуу коомдук пикирди жаратып келишкен.
Бүгүн өкмөт Жогорку Кеңеш менен президентке Конституция боюнча берилген компетенциялардан тышкары мамлекеттик башкаруудагы бардык маселени чече алат. Андыктан өкмөт өз ыйгарым укуктарын эффективдүү пайдаланбай жатат, компетенттүү эмес, айрым министрлердин, административдик мекеме жетекчилеринин иши начар, өкмөт мүчөлөрү жоопкерчиликти моюнга алып, социалдык-экономикалык реформа жүргүзүүгө чыгынбай жатат деп сөз кылууга болот.
Баш мыйзамды сактабоо – калган бардык системге – коом жашаган мыйзамдар системинен шек саноого, анын чирүүсүнө алып келет. Андай болсо мыйзамдар, биринчи кезекте Конституция өз маанисин жоготот. КӨРҮНҮП ТУРГАНДАЙ, УЧУРДАГЫ КРИЗИСТЕРДИН СЕБЕПЧИСИ – АРАКЕТТЕГИ КОНСТИТУЦИЯ ЭМЕС, адамдар, адамдык фактор.
Тилекке каршы, көптөгөн саясатчылар Конституцияга түздөн-түз өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн башка деле, Баш мыйзамдын нормаларын реалдуу жашоого ыңгайлаштыруунун башка дагы ыкмалары бар экенин билишпейт же атайылап «унутуп калышат». Эң ириде конституциялык нормаларды тиешелүү мыйзамдарды кабыл алуу менен конкреттештирүү жана тактоо жөнүндө сөз болуш керек. Бул иштеп жаткан Конституцияга өзгөртүү, оңдоо киргизбей туруп аны түрдүүчө түшүндүрүүнү жоюуга мүмкүндүк берет.
БУГА ЧЕЙИН ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДА КОНСТИТУЦИЯ МЕНЕН МЫЙЗАМДАР СТАБИЛДҮҮ БОЛГОН ЭМЕС, дайыма өзгөртүүлөргө туш болуп келишкен. Көпчүлүк мыйзам чыгаруучулар "азыр кабыл ала берели, кандай иштейт экенин анан көрө жатарбыз. Болбой баратса оңдойбуз" деп ойлоп көнүп калышкан.
Жыйынтыгында жарандар, юридикалык тараптар тигил же бул мыйзамдын нормалары бир далайга бекитилдиби же жаран, же чарба субъекти аны менен бет келгенде өзгөрүп кетеби деп эч качан ишенимдүү боло алышпайт. Буга кошумча аны жаттаганга аракет кылуу, аны аткаруу, ага көнүү маанисиз болуп калат – ал нерсе ишке ашканча мыйзам өзгөрүп кетиши мүмкүн. Мыйзамдар менен КОНСТИТУЦИЯ КАТАСТРОФАЛЫК ТҮРДӨ ТУРУКСУЗ БОЛУП ЖАТСА КАЙДАГЫ ЫҢГАЙЛУУ ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КЛИМАТ ТУУРАЛУУ СӨЗ БОЛМОК ЭЛЕ?
Бардыгыбыз биротоло түшүнүп алышыбыз кажет! Конституциянын туруктуулугу – социалдык, саясий, экономикалык, акыры келип мамлекеттик туруктуулуктун, өнүгүүнүн кепилдиги.

P.S. Президент А.Атамбаевдин сөзү 2012-жылдын 14-сентябрында "Слово Кыргызстана" гезитине жарыяланган. Макалада президенттин Конституция тууралуу айткан жерлери кыргызчага которулуп берилди.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Алмазбек Атамбаевдин ЖКдагы сүйлөгөн сөзү (12.09.2012)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 724, 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан