БАКЛАЖАНДАН КЫШКЫ САЛАТТАР

Чыгыш өлкөлөрүндө баклажанды «кабыктуу дарыкана» деп аташат. Анткени бул жашылчанын курамынан А, С, РР жана В витаминдеринин топтомун, кальций туздарын, фосфор, темир, калий, ошондой эле ичеги-карындын иштешин жөнгө салуучу клетчатканы табууга болот. Ашканада ал эттин ордун толуктай алат. Андыктан бош калган банкаларыңызды бул жашылчадан кышкы салаттын түрлөрүн жасап толтуруңуз.

БАКЛАЖАН РУЛЕТИ
(0,5 литрлик 3 банка үчүн)



Керектелүүчү азыктар:

Баклажан
– 1,5 килограмм
Помидор – 600 грамм
Таттуу болгар калемпири – 400 грамм
Сабиз – 1 килограмм
Петрушка – 1 боо
Сарымсак – 4 тишче
Өсүмдүк майы – 0,5 литр
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчалардын баарын жууп-тазалап алабыз. Баклажанды узатасынан калыңдыгын 0,5 миллиметрден “тил” сыяктуу кылып кесебиз да, майга эки жагын кызарта кууруйбуз.
2. Помидорду жарым тегерек, болгар калемпирин ичке-ичке кылып туурайбыз. Ал эми сабизди сүргүчтөн өткөрөбүз.
3. Эми петрушка менен сарымсакты майда туурап аралаштырабыз да, куурулган баклажандын бетине себелейбиз. Андан соң үстүнө помидор, болгар калемпирин жана сабизди коюп, рулеттей кылып тыгыз оройбуз.
4. Алдын ала бууланган банкаларга даяр болгон рулеттерди салып, үстүнө ысып турган майдан 1 аш кашык куюп, банканы сыртынан 20-25 мүнөт кайнатып, капкагын жаап коёбуз.

КОРЕЙ САЛАТЫ
(0,5 литрлик 2 банка үчүн)



Керектелүүчү азыктар:

Баклажан – 1 килограмм
Таттуу болгар калемпири – 100 грамм
Ачуу калемпир – 1 даана
Пияз – 1 баш
Сарымсак – 4 тишче
Өсүмдүк майы – 100 миллилитр
Кориандр күкүмү – 1 чай кашык
Кумшекер – 2 аш кашык
Укроп – жарым тутам
Уксус 70% – 1 чай кашык
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:

1. Баклажанды жууп, эки учун кесип, 10 мүнөттөй туздуу сууга кайнатып алабыз. Андан соң бир баклажанды чоң-чоң 5-6 бөлүккө бөлөбүз да, үстүнө уксусту куюп аралаштырып, 15-20 мүнөткө тыныктырып коёбуз.
2. Пиязды аарчып шакекче, таттуу жана ачуу калемпирлерди уругунан тазалап таякча түрүндө туурайбыз. Кызып турган майга алгач пиязды, андан соң калемпирлерди салып кууруйбуз.
3. Эми куурулган жашылчаларга баклажанды, майда тууралган сарымсак менен укропту, кориандр, кумшекерди, өсүмдүк майын кошуп аралаштырабыз.
4.Аралашманы алдын ала бууланган банкаларга салып, сыртынан 20-25 мүнөт кайнатабыз. Салатыбыз даяр!

ФАРШТАЛГАН БАКЛАЖАН
(0,7 литрлик 2 банка үчүн)


Керектелүүчү азыктар:


Баклажан
– 6 даана
Сабиз – 300 грамм
Болгар калемпири – 400 грамм
Ачуу калемпир – 1 даана
Сарымсак – 1 баш
Уксус 70% – 1 аш кашык
Укроп, петрушка – 1 тутам
Өсүмдүк майы – 100 грамм
Тоголок кара мурч – 10 даана
Лавр жалбырагы – 1 даана
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:

1. Бардык жашылчаларды жууп даярдайбыз. Баклажандын арт жагын кесип, узатасынан аягына толук жеткирбей тилип алабыз. Андан соң аны өтө туздуу эмес сууга 7-8 мүнөт кайнатып, муздаганча коё турушубуз керек.
2. Сабиз, калемпир, сарымсакты тазалап, жууйбуз.
3. Тазаланган калемпир, сарымсак, укроп, петрушка майда тууралса, сабиз сүргүчтөн өткөрүлөт. Тууралган жашылчаларга татымына жараша туз, мурч кошуп, жакшылап аралаштыруу зарыл.
4. Даяр болгон туурамжы менен баклажандын ичин толтуруп, чыгып кетпеши үчүн чыгырык жип менен оройбуз да, алдын ала бууланган банкаларга салабыз.
5.Эми маринад жасоого өтөбүз. Ал үчүн 1 литр муздак сууга татымына жараша туз, 1 аш кашык уксус, жарым стакан өсүмдүк майын, 2 аш кашык кумшекер, тоголок кара мурч, лавр жалбырагын салып кайнатабыз. Маринадды 5 мүнөттөй кайнатып, баклажандын үстүнө куябыз. Эми банканы сыртынан 20 мүнөт кайнатабыз да, оозун темир капкак менен бекитип кышкыга сактап коёбуз.

Эске алыңыз!

Өтө чоңоюп, уруктап кеткен баклажанды албаганыңыз оң. Анткени бул учурда курамында соланин заты көбөйүп кетет. Ал ууланууга алып келиши мүмкүн.
Баклажандын пайдалуу сапаттары сакталсын десеңиз, даярдоо алдында 20-30 мүнөт туздуу сууга салып же туздап коюңуз. Мындай ыкма менен анын ачуу даамынан да арыла аласыз.
Бул жашылчаны консервалоо, тоңдуруу жана кургатуу жолу менен сактоого болот. Эгер тоңдурууну кааласаңыз, анда туздуу сууга 5 мүнөт кайнатып, суусун сарыктырып, муздагандан кийин целлофан баштыкка ороп муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүндө сактасаңыз болот. Ал эми кургатуу үчүн аны жууп-тазалап, кесип, жипке тизип, шамалдуу жерге илип коюу зарыл.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
nur1975
2016-09-28 21:52:04
Кургатылган баклажанды кандай иштетууго болот айткылачыыы
0
nur1975
2016-09-28 21:53:06
Консерваланган баклажан ото коркунучтуу дешетко
0
jalalabadskaya97
2016-09-29 07:44:02
nur1975,ооба . кууругандан алдын,кайнап турган сууга баклажандын ону озгоргучо кайнатыш керек.
0
ZHaziko
2016-10-08 21:27:39
жашыл фасол тууралу тамактардан жазсанар
0
№ 725, 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан