Адахан Мадумаров: «АТАМБАЕВДИН АБАЛГА ЭЧ КАНДАЙ ТААСИРИ ТИЙБЕЙТ. АЗЫР КЫРГЫЗСТАНДЫ АНЫН АЙЛАНАСЫНДАГЫ 3-4 КИШИ БАШКАРУУДА»

Кыргыз саясатында өз орду жана салмагы бар саясатчы Адахан Мадумаров Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы турган топтун катарында. Аны менен азыркы саясий абал, Конституциянын айланасындагы талаш тууралуу маек курдук

– Адахан Кимсанбаевич, Кыргызстанда учурда түзүлгөн саясий кырдаалга кандай баа бересиз? Учурдагы саясий кризистен чыгуунун кандай жолдорун көрүп турасыз?
– Кризисте биз дайым жашап келебиз. Экономикалыкпы, саясийби, социалдыкпы, руханий кризиспи, биз ага жылдан жылга батып келатабыз. Эң жаман жагдай – коомубуз оорукчан. Саясий кризис деп, кайсы бир деңгээлде саясатчылардын идеяларынын дал келбей калгандыгы айтылат да. А биздеги кризис бул «сен мага жакпай калдың, мен сени менен күрөшөм», эгерде эртең ал адам менен кучакташып калсаң, ал кризис жоюлду дешет. Бул псевдо кризис. Атайын жагдайга жараша түзүлгөн кризис, бүгүнкү кризис элдин арасында жок. Ал парламент менен президенттин ортосунда болуп жатат.
Көпчүлүк «Мадумаров 2010-жылдагы Баш мыйзамды жарабайт деди эле, эми эмне кайра ушул Конституцияны коргоп жатат?» деп айтышууда. Ошол кемчонтойлорго жооп берейин. Мен азыр да бул Конституция жарабайт деп айтам. 2010-жылы баары энеси эгиз төрөп, атасы ажыдан келгендей бактылуу болуп, "Мадумаровго бул Конституция жакпайт экен" деп соккулашкан. Эми ошол эле азаматтар "бул Конституцияга миналар катылыптыр, жарылып кетет" деп чуу салып жатышат. Бул Конституция кыргыз элин туңгуюкка алып барып кептейт, муну эл кабыл алган эмес, утурумчулардын кызыкчылыгы үчүн кабыл алынган Конституция деп айткам. Эмне үчүн бүгүн ошону өзгөртүүгө каршымын? Конституция – коомдук пикир, коомдук келишим. Муну ар кандай көз караштагы жалпы эл талкуулап чыгышы керек. Бул чоң маселе. Мына ушул маселени талкуулап бүттүк деп Иса Өмүркулов сүйлөп жатат. Коом деген, менимче, президенттин айланасындагы 4 киши эмес, бул
6 миллион эли бар мамлекет. Жаманбы, жакшыбы, элге алып чыгуу керек. "Коомдук талкуу болуп бүттү" дейт. Кайсы жерде болду? Коомубуздун очогу болгон окуу жайларда өттүбү? Мен уккан жокмун. Же саясий партиялардын катышуусу менен болдубу? Же жашырынып алып талкуулаштыбы? Аны да уккан жокмун. Оозу-мурду кыйшайбай туруп "коомдук талкуу бүттү" дешти. Калп айтканда да эби менен айтышпайбы?!
Бул президенттин алсыз болуп калгандыгынын себеби, ал жанына жалаң алсыздарды жыйнап алды. Эгер Акаевдин заманында сабаттуулардын диктатурасы болсо, азыр өтө сабатсыз, алысты көрө албаган, улутка күйбөгөн, анан 120 килограммдан жогору салмактагылар келип алып, бүгүнкү көйгөйлөрдү байкабай жатышат. Ошондуктан президент алсыз. Ой кошчулары, күнүгө теледен чыккандар Акаевди деле ушинтип-ушинтип жардан түртүшкөн да, өздөрү калып калышкан. Президент жалаң кооптуу адамдарды тегерегине жыйнап алды. Кезинде Бакиев президент болуп турганда «кооптуу адамдарды жыйнап алдыңыз» деп гезитке маек бергем. Кеткенден кийин эмес, учурунда айткам. Азыр да абдан куу, кубулма инсандар көбөйдү. Ошондуктан саясий абал мындан курчуса курчуйт, азайбайт. Азыр эки топ кыл чайнашып калган мезгил. Биринчи топ мамлекеттик бийликти узурпациялоого каршы тургандар, экинчиси сабатсыздардын, караңгылардын, "биз бийлеп, биз башкарышыбыз керек" деп кара ниеттик менен кара күчкө салып өзүбүздү өзүбүз сактап калабыз дегендердин тобу. Капитал менен бийлик жуурулушуп кеткенде олигархиялык капитализм башталат. Мына азыр бизде олигархиялык капитализм. Кимдин акчасы болсо, ал бийликке керек. Акчасы барлардын телевидениелери, гезиттери бар. Кимдин акчасы бар болсо, ал адамдарды оппонентине каршы тургузат. Натыйжада аябагандай катуу күрөш башталат. Бирок эмне үчүн күрөшүп жатканын эки жак тең билбейт. Идея эмне экенин билбейт, акча үчүн күрөшөт. Ошондуктан буларды уксаң тигилер айбан, тигилерди уксаң булар айбан. Элдин башы айланып калды. Мындайда эл бийликти алып алуусу мүмкүн. Адилеттүүлүк издеп калды элибиз. Бүгүн адилеттүү коом куруу боюнча ар кандай топтор ойлорун сунуштап жатат. Эл ошолордун бирөөсүн колдоп кетүүсү ыктымал. Коркунуч мына ошондо.

– Президент мөөнөтүнөн мурда кетип калуусу да мүмкүнбү?
– Эгерде айтылып жаткан дооматтар далилдүү болсо, президент өзү кетип калганы оң. Тырмышып отурса отура берет. Өзү 60 жылдыкты белгилеген жаман жышаан. Биринчиси да, экинчиси да белгилеп кетишти. Кудай сактасын!

– Алмазбек Атамбаевдин Кой-Ташта 3 гектарга жакын жерге ээ болуусун коомдук ишмерлер, айрым саясатчылар «коррупциянын классикалык схемасы» деп баалашты. Президенттин тегерегиндегилер «баары мыйзамдуу болгон» деп жатышат. Бирок коомчулукка мыйзамдуу болгонунун далилдерин алып чыгып көрсөтүшкөн жок. Бул окуя кандай аяктайт деп ойлойсуз?
– Айрым саясатчылар эмес, Текебаев айтты дегенибиз туура болот. Аны айтууга да жүрөк керек. Текебаев дооматтарды, менин маалыматымда, документтер менен коюп жатат. Эгерде алар такталса, кызматтан кетип калуу эмес, жазага тартылышы керек.

– Бул окуя кандай аякташы мүмкүн?
– Бул коомдон көз каранды. Күркүрөгөн күз деп курсакты сылап жатышса, бир ууч топ Кыргызстанда кызыкчылыгын жүргүзө берет. Эл өзүнүн сөзүн айтуусу керек. Эгер 500 сомдун артынан тоголонгон эл болсо, бийликте 500 эмес, 5000 сомдон бере алчу азаматтар көбөйдү. Мени таң калтырганы, "банктагы уячалар боюнча билем" дейт. Сары майдай аны эмнеге 6 жыл катасың?.. Мамлекеттик саясатта мындай болбошу керек. Мына, Отунбаева аял киши. Мен аны коргобойм. Бирок тойго чакырып, төргө отургузуп алып эл алдында шылдың кылып башка чапкылаган туура эмес. Кыргыздын касиетине жатпайт. Быйыл тарых жана маданият жылы деп жарыялабадыкпы. Маданият жылындагы эң маданиятсыз жорук ушул болду. Тарых жылындагы эң чоң өзгөчөлүк. "Менин атам ким экендигин таап алдым" деп тарых жаздырбадыбы. "Мен кайдан келдим, ушуну таптым" деди. Менин эсимде ушул нерсе калат го.

– Баш мыйзамды өзгөртүүгө канчалык муктаж элек?
– 2010-жылы чындап эле Конституцияга күйүшкөн болсо, 1993-жылдын 5-майында кабыл алган Баш мыйзамды калыбына келтирип коюшса керемет болмок. Себеп дегенде, "Акаев да, Бакиев да өз бийликтерин күчөтүш үчүн референдум өткөргөн" деп айтышат. Бирок ошону ким өткөргөн? Акаевдин бардык конституциялык реформаларында Данияр Нарымбаев жооптуу катчы болгон. Бакиевдин реформасында да, андан кийин бул утурумчулдардын Конституциясында да Данияр Нарымбаев жооптуу катчы болду. Мамлекеттин карызы 5 миллиард долларга жакындады. Билесиздерби, ошонун баары жыргап жатабыз деген акыркы 4 жылда алынган карыз. Абдан коркунучтуу абал. Курулуп жатат, жасалып жатат деп кыргыз өзүн алаксытып жатпайбы. Мунун баары кийин башыңа камчы болуп тийгенде билесиң.

– 2015-жылы парламенттик шайлоо алдындагы дебаттарда Өмүрбек Текебаев менен айтышууңузду көпчүлүк көргөн. Азыр бул адамды колдоп, атүгүл коргоп да чыгып жатасыз. "Булар бийлик үчүн баарына даяр. Ушинтип кечээ урушуп, бүгүн биригип кете берет" деп элдин оюн башка нукка буруу жүрүп жатат. Айтар жообуңуз бар чыгар?
Умар ибн Хоттабдын жакшы сөзү бар, «чындык мени жалгыз калтырды» дейт. Менин ушундай принцибим бар. Абдан жек көргөн кишим да чындыкты айтса, чындыкты айтты деп моюнума алам. Туура сүйлөгөндө туура айтты деп айтып коюу менин мусулмандык, жигиттик милдетим.

– Ажо АКШга бара жатып ооруп калып, Түркияда калууга аргасыз болгону айтылды. Бардык кыргыз анын ден соолугу жакшырып кетүүсүн тилеп турат. Мындай учурдан пайдаланып, өлкөдө абалды өзгөртүп жиберүү аракети болот деген коркунуч жокпу?
– Ал киши Кыргызстанда болсо да, болбосо да абалга эч кандай таасири тийбейт. Себеби Кыргызстан, тилекке каршы, анын айланасындагы 3-4 кишинин башкаруусунда. Мен революция, төңкөрүш, күч колдонууну жек көргөн кишимин. Бирок мамлекеттик телеканалдар, гезиттер, сайттар башка арга калтырбай жатышат. Мындайда токтоп, акылга келиш керек. Мен Атамбаевге айтам: «Токто! Жетишет! Жаныңдагы 3 жигит кулатканы калды. Билет баары, алар кимдер экенин».

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Адахан Мадумаров: "Атамбаевди жанындагы 3 жигит кулатканы калды"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 725, 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан