ДЕМОКРАТИЯДАН ЧЕГИНҮҮ

"Күчтүү мамлекетти демократиясыз эле куруу мүмкүн" деген сөздүн артынан ээрчиген биздин президент жана анын администрациясы түз эле капканга карай баратат.

Акыркы кезде президент жана анын администрациясы тарабынан жарандык коомчулук менен жарандык эркиндикке карата жасап жаткан чабуулдары, ошол эле чет элдик тыңчылар тууралуу мыйзамдык демилгелер, чет өлкөлүк жарандардын ЖМКларга ээ болушун чектөө тууралуу мыйзам долбоорлорунан баштап Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөргө чейин эмоцияга алдырган жамандоолорун мындай коё туралы – мунун баары демократияга каршы глобалдык тренддин бир бөлүгү.
Глобалдык масштабда демократиялаштыруу процесси феноменалдуу процесс болгон. 1970-жылдардын орто ченинен тарта дүйнө жүзү боюнча 90дой өлкө, XXI кылымдын башында көз карандысыз өлкөлөрдүн 60 пайызы демократияга өткөн. Бул тууралуу өз китебинде Гарвард университетинин профессору Сэмюэл Хантингтон жазган.
Стэнфорд университетинин таанымал профессору Фрэнсис Фукуяма «Тарыхтын аякташы» аттуу китебинде либералдык демократиянын жана базар экономикасынын жайылышы менен адамзаттын социалдык өнүгүү эволюциясы аяктап, жыйынтыгында башкаруунун акыркы формасы рыноктук мамилелерге негизделген демократия болуп калат деген жүйө келтирген. Концептуалдык жактан алар туура айтып жатышат, канткен күндө да адамзат ошого барат, балким, ал жагдай welfare state (ред. бакубат мамлекет) менен толукталат.

Тилекке каршы, ар кандай геосаясий, экономикалык жана адамдык факторлордун айынан демократиялаштыруу эйфориясы узакка созулган жок. Жыйынтыгында биз демократиядан глобалдык чегинүүнү баштан өткөрүп жатабыз. Бул убактылуу деп үмүттөнөм. Эми бизде болуп жаткан окуяларга келсек... Жарандык коомдун ишмердигин жана жарандардын эркиндигин улуттук коопсуздуктун максаттарына жана жаңы эранын чакырыктарына байланыштырып, түрдүү шылтоолор менен көзөмөлгө алуу эң чоң катачылык экенин айткым келет.
ЭКӨУгө (Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму) кирген өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, социалдык-экономикалык өнүгүү маселелери жана коопсуздук көйгөйлөрү авторитаризм аркылуу эмес, туура иш жүргүзгөн институттар, компетенттүү адистер жана саясат жүргүзүүнүн жардамы менен чечилет. Биз тарыхты унутпашыбыз керек. Өз элине отчёт бербеген өлкөлөрдү Советтер Союзу, Чыгыш Европа, Араб өлкөлөрү, Түштүк Америка жана Африкадагы диктатура өкүм сүргөн мамлекеттердей жыйынтык күтөт.
«Күчтүү мамлекетти демократиясыз эле куруу мүмкүн» деген сөздүн артынан ээрчиген биздин президент жана анын администрациясы түз эле капканга карай баратат. 1960-жылдарда соцблокко кирген өлкөлөрдөгү авторитаризм кыска мөөнөттүү экономикалык өсүү бергени менен, биздин тарыхтагы мурдагы режим жана дүйнөлүк практика ырастагандай эле акыр аягында ал мамлекеттүүлүк үчүн оор кесепеттер менен коштолгон коллапска алып келерин билебиз. Жалпы адамдык баалуулуктар жана укуктары менен биздин түндүк кошуналардай кайсы бир «салттуу баалуулуктар» менен башкарылган демократия бизди авторитардык өлкөлөрдүн блогуна тартат.
Андыктан баарыбыз, эркин жана демократиялуу келечек идеясын кармангандар, социалдык тармактардагы талкуулардын деңгээлинде эле келечегибизди жактоо жетишсиз. Биз, жарандар, өзүбүз шайлаган депутаттарга жолугушууларга активдүү жазылып, жарандык биримдиктерге биригип, төмөнкү суроолорго жооп берүүсүн талап кылышыбыз керек.
Бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн, басма сөз эркиндигин жана жарандык укукту чектөө биздин улуттук кызыкчылыкка кандайча жооп берет? Жалпы адам укуктарына жана БУУнун системине асыла бермей, адам укуктарын кантип камсыздайт? Эң соңунда, Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөр кантип жөндөмсүз администрация менен бийликтин көйгөйүн чечип бере алат?

Албетте, сиздер душмандар, кутумдар, террорчулар тууралуу курулай сөздөргө шыкалган жоопторду аласыздар. Бирок унутпагыла, биздин мамлекетте пайда болгон бардык көйгөйлөр компетентсиз, коррупциялашкан бийликтин айынан келип чыккан. Биздин бийлик оңунан чыкпай калган иштерин башкаларга оодаруудан мурун өздөрүн реформалоо боюнча сунуш айтса бул акылга сыймак. Жогорудагы суроолорго негиздүү жооп алмайынча биз президенттик администрациядан жок дегенде «душмандар» деген сыяктуу кооптуу сөздөрдөн оолак болууну талап кылышыбыз керек.
Унчукпай койсок, келечекте эмне болорун билиш үчүн алыска деле баруунун кереги жок. Айланага, биздин коңшулар кандай жашап жатканына көз салгыла. Мен аларды сыйлайм, бирок саясий көз караш жана эркиндик жагынан алып караганда, биз аларды 30 жыл аркага таштап баратабыз. Артка кайтуу – бул чоң катачылык.
Демократия татаал жана узак жол. Ал бардык көйгөйлөрдүн чечилишин жана кыялдагыдай өнүгүү болот деп убада бербейт. Бирок ал бизге өнүгүүгө жетүү үчүн туура инструменттерди бере алат. Биз өзүбүз жана өзүбүздүн институттарыбыздын аракети менен гана демократияны өзүбүзгө иштетип, прогрессивдүү мамлекетти кура алабыз. Эл башкаргандар келет-кетет, алардын өздөрүнүн кызыкчылыктары жана чыга албай турган рамкалары бар.

Даниэль Кадырбеков
(Блог автордун уруксаты
менен жеке баракчасынан алынып, гезитке которулуп берилди)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 725, 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан