ДҮЙНӨЛҮК ШОУ-БИЗНЕС ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Элдин сүйүктүү фильмине арналган орустардын «Узак жолдогу айдоочулар», «Диверсант», «72 метр» аттуу тасмаларын көрбөгөндөр аз. Аталган тасмаларда башкы ролдорду жараткан таланттуу актёр Владислав Галкин 38 жашында дүйнө салды.

ВЛАДИСЛАВ ГАЛКИН ТУЯК КАЛТЫРБАЙ КЕТЕ БЕРДИ...
Белгилүү актёр Владислав Галкиндин көз жумганы тууралуу уккан күйөрмандары ишенгиси келген жок. Кантип эле энергиясы ашып-ташкан жаш жана таланттуу актёр бул дүйнөдөн өтүп кетсин?! Көпчүлүк жөн гана болбогон кеп болсо керекдеп өздөрүн сооротушту. Бирок, тилекке каршы, бул факт болуп калды. Актёр Галкин 2010-жылдын 25-февраль күнү Москва шаарындагы батиринде каза болгон. Жаны асманга учуп кеткенине 36 саат болгондо гана анын өлүмү тууралуу билинген.
“Жамандык болордо жакындары туят” деген ишеним калп эмес көрүнөт. Атасы Борис Галкин
Москвадагы досторунун бирине телефон чалып, “балам менен такыр байланыша албай жатам. Үйүнө барып ден соолугун сурап койчу, аман-эсенби?деген. Борис Галкиндин өтүнүчү боюнча досу Владиславдын батирине барып эшигин каккылап ачтыра албай коюп, тиешелүү кызматты чакырып үйүнө кирген. Босогодон баш бакканда, аяш уулунун полдо жаткан денесин көргөн.
Сотмедэкспертиза актёр бирөө колдуу эмес, өз ажалынан каза тапкандеген кабар айтты. Көрсө, Галкиндин организми алкоголь ичимдигине ууланып, жүрөгү күтүүсүздөн токтоп калган экен.
Таланттуу адамдар сезимтал келишет эмеспи. Акыркы кезде актёрдун жашоосунда болуп жаткан оош-кыйыштар өмүрүнүн кыска болушуна таасир тийгизген десек жаңылышпайбыз. Мисалы, ошол эле Москвадагы кафелердин биринде болгон чыр-чатактан улам ага карата козголгон кылмыш иши, жан биргеси Дарья Михайлова менен ажырашуусу жана башкалар. Аялы менен ажырашкандан кийин Татьяна аттуу айымдын жүрөгүнөн түнөк издеген. Бирок, тилекке каршы, ал айым да Владиславды таштап кеткен экен.
Негизи эле Галкиндин жүрөгү үч жолу ээсин тандаган. Кап, үч жолу тең адашыптыр. Алгач 17 жашында үйлөнүп, бир жыл узабай ажырашып кетет. Андан соң актриса Светлана Фомичёва менен баш кошкон. Бирок бул никеси да түбөлүктүү болгон эмес. 1998-жылы Дарья Михайловага нике шакегин салган. Үй-бүлөнүн бузулушуна актёрдун ичимдикти көбүрөөк иче баштаганы себеп болгон” делет. Үч жубайы тең жылдыздуу актёрдун тукумун улай турган мураскер төрөп берише алган эмес. Ошентип, 38 жаш курагында Владислав Галкин жарык дүйнө менен кош айтышып кете берди. Артында фамилиясын алып жүрүүчү мураскери калбаса да, анын эң сонун ролдору калды.

«ЕВРОВИДЕНИЕ-2010».
ОРУСИЯНЫН ЖЕЛЕГИН КИМ ЖЕЛБИРЕТЕТ?
Орусия «Евровидение-2010» Эл аралык музыкалык сынакка жибере турган өкүлүн тандады. Ал Пётр Наличтин музыкалык жамааты деп табылды. 25-27-29-майда Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүүчү музыкалык сынакта аталган жамаат «Lost and Forgotten» аттуу чыгармасын аткарышат. Кошумчалай кетсек, аталган топ 6 адамдан түзүлгөн. Пётр Налич фортепианодо жана аккордеондо ойнойт жана ырдайт. Юра Костенко саксофон менен сыбызгыда, Сергей Соколов барабанда ойнойт жана ырдайт. Костя Швецов гитарада, Дима Симонов бас-гитарада, ал эми Денис Маринкин барабанда ойнойт.

ШЕРЗИНГЕР МЕНЕН ХЭМИЛТОН
КАЙРАДАН КЫЗ-ЖИГИТ
Популярдуу “Pussycat Dolls” тобунун ырчысы Николь Шерзингер менен Формула-1дин спортчусу Льюис Хэмилтон кайрадан кыз-жигит болушту. Льюис менен Николь сүйүшүп, достошуп жүрүп, бирок өткөн жылдын январь айында “мамилебиз карьералык өсүшкө тоскоол болот экен” деп кол үзүшкөн. Бирок ошол эле жылдын февраль айында эл арасында “экөө кайра эле жетелешип жүрөт” деген кеп тараган. Буга алар ушак деп эле жооп беришчү. Эми болсо көгүчкөндөр: “Биз бири-бирибизди катуу сүйөт экенбиз. Акыл башканы айтса, жүрөк такыр башканы шыбырап турат. Ошондуктан бир болгонубуз оң”,- деп ачыкка чыгышты. Экөө эми кайрадан Голливуддагы суктанарлык кыз-жигиттерден.

«ВИА ГРА» ТОБУНДА РЕВОЛЮЦИЯ
«ВИА Гра» тобунун продюсери Константин Меладзе кыздардын курамын алмаштырууну туура көрдү. Тагыраак айтканда, Меладзе топтун чырайлуу сары чачтуу кызы Татьяна Котованы (cүрөттө) акырын узатып, ордуна башканы алды. Ал бактылуу бийкеч 20 жаштагы Ева Бушмин. Татьянанын кетишине эки себеп болгон. Биринчиси – ал сулуу болгону менен, үнү жок болчу. Жандуу ырдаш керек болгондо, Котова топту артка тартып келген. Ал эми экинчиси – Татьянанын кош бойлуулугу. Бул тууралуу продюсери ачык айтканы менен, ырчы өзү эч кандай комментарий бербей келүүдө. Эскерте кетсек, топтун 10 жылдык тарыхында ушуну менен 12 ырчысы алмашты.

РИАННА СТРИПТИЗ КӨРСӨТҮП...
Голливуддун чырайлуу ырчысы Рианна 22-жазын белгиледи. Кантип дебейсизби? Ырчы бир жашка чоңойдум дегениби, айтор, өз кечесинин ханзаадасы өзү болуп, оюна келгендин баарын аткарган. Мисалы, алкоголь ичимдигин ичип алып, кечеге келгендерге укмуштуудай стриптиз көрсөткөн. Бирок жалгыз эмес. Голливудда Бриджет Карлица деген лакап ат менен таанылган бою 114 сантиметр­ келген стриптиз бийчи экөө конокторду укмуш таң калтырышкан.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 384, 12-18-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан