Адамдын сексуалдык фантазиясында чек жок. Жыныстык катнаш кайсы жерде, кандай шартта болушу да өнөктөштөр үчүн маанилүү. Бул ирет өнөктөштөр көбүнчө кайсы жерлерде «кошулушат», саресеп салып көрөлү.
КЕРЕБЕТ ЖЕ ДИВАН
Иликтөөлөр боюнча, дүйнө жүзүндө керебет же диван үстүндө төшөк оюнун ойноо, тагыраак айтканда, керебеттеги «керемет» 1-орунда турат десек жаңылышпайбыз. Турмуш чындыгына кайрылсак, азыркы күндө темир керебеттер керектен чыгып баратканы менен, диван ар бир үйдө колдонулуп келет. «Космоско учууда» керебеттин кыйчылдаганы, дивандын тардыгы тоскоолдук жаратпайт. Анан да ал уктоочу бөлмөдөбү, мейманканада жайгашканбы, мааниге ээ эмес. Эң башкысы эңсеген мүдөөңдү аткарууда жерге жаткыча керебет же диванды тандаган ыңгайлуу. Кеңешибиз, керебетте же диванда «иштесеңер» абайлагыла, сынып кетпесин!
АВТОУНАА
Автоунаада «алигини жасоо» да кеңири тараган. Мисалы, «унаа сатып алсам жакшы болот эле, кыздарды акча коротуп мейманканага алып барбай» деген ойдо жүргөн жаш жигиттер көп. «Шоопурду күйөөм дебе» деген сөз да жөн жеринен айтылбаса керек. Эгерде сиз түн ортосунда шаар четинде, токойдо, далдоо жерлерде токтоп турган унааны көрсөңүз, анча маани бербешиңиз мүмкүн. Бирок «Титаник» тасмасындагы Жек менен Роуз «баш баккан» жеңил унааны эстесеңиз, «шектүү унаалар» ал жерде бекеринен токтоп турбаганына дагы бир жолу ынанасыз. Автоунаада кумарга батууга каршы эмеспиз, бирок айдап баратканда андай ишке баруу өтө кооптуу экенин унутпаңыздар.
СЕЙИЛ БАК
Акыркы күндөрү сейил бакта эки-экиден кучакташкан, жарык күйбөгөн жактарда чапташкан, эч кимди көзүнө илбей өбүшкөн жаштарды көрүүгө болот. Андыктан сейил бакты «кошулуу» үчүн ыңгайлуу жайлардын катарына кошмокчубуз. Жакшы вариант. Таза аба, жаратылыш коюну... Бирок соңку жылдары бул жайда зордуктоо фактылары да көп катталууда. Андыктан сейил бактар секс үчүн эмес, сейилдөө үчүн курулганын эсибизден чыгарбаганыбыз оң.
КӨЛ ЖЭЭГИ
Суунун добушу, ысык кум, албетте, романтикалуу. Жай келип, күн ысыганда эле Ысык-Көлдү көздөй жөнөп калат эмеспизби. Баары эле сиз ойлогондой сууга түшүү үчүн көлгө барышпайт экенин биле жүрүңүз. Көлгө кыздарга «ууга» чыккан жигиттер, «кырк үйдөгү тыюудан» качып ээн-эркин эс алгысы келген кыздар, көл жээгинде, үйдөн алыс көмүскөдө болгусу келген көңүлдөштөр да бар. Жакында эле интернетке бир кызыктуу видеотасма тарады. Тагыраак айтканда, чаламандын чак түшүндө чапташып алып айланадагыларды көзгө илбей көл жээгинде «махабат көлүндө сүзүп» жатышкан кыз менен жигиттин видеосу катуу талкууга алынды. Көл жээгиндеги кумар оюнун жактыргандарга айтарыбыз, эңсегениңерди эптегиле, өтө берилип чөгүп кетпегиле.
ТҮНКҮ КЛУБ ЖЕ КАФЕ
Таңданбаңыз, бирок түнкү клуб же кафеде бийден башкага убакыт тапкандар да бар. Каалоосу ашып-ташып, алкоголь ичимдиктери эле эмес, кумарга да мас болгондор «кошулууга» жай таап алышат. Мисалы, VIP-бөлмөдө, караңгы бурчта, жадакалса ажатканада да «кошулууга» чейин баргандар чыгат. Ишенбейсизби? Ишенбесеңиз, азыр айрым түнкү клубдарга же кафелерге барсаңыз, жигиттер менен жарыша ичкен кыска юбкачан кыздар, көрүнгөн кызга тийишкен жигиттер четтен табылат. «Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса» деген кеп бар го. Анын сыңарындай «кошулуунун» бул вариантын жактыргандарга айтарыбыз, күзөтчү, видеокөзөмөл бар экенин унутпагыла.
ЖУМУШ ОРДУ
Жумуш ордун «мейманканага» айланткандар да жок эмес. Жумуш убактысы бүтсө да түн бир оокумга чейин «иштегендер» бар. Жумуш ордунда видеокөзөмөл орнотулбаса, столдор компьютер эле эмес, эки кишини да көтөрүүгө жарайт. Ал эми сиз «шеф» болсоңуз, өзүнчө иш бөлмөдө отурсаңыз андан да жакшы. Негизгиси кылгыра тиктеген кесиптешиңизди арбаңыз да, андан соң колдон чыгарбай кармаңыз, эң башкысы жетекчиңизге кармалып калбаңыз.
Эркин Сексенбаев
erotika@super.kg