КЫЗГАНЫЧ СҮЙҮҮНҮ ДА ЖОК КЫЛАТ

Өмүрүндө бир да жолу кызганбаган адам болбойт. Ар бир адам кызганат, бирок айрымдары аны билгизбей коюшу мүмкүн. Бул сапар окурмандардан келген каттарга орун бердик. Ошондой эле психолог Жазгүл Атагулова кызганыч туурасында талдап берди.

«АЯЛЫМДЫН КЫЗГАНГАНЫ ЧУЧУГУМА ЖЕТТИ»

- Үйлөнгөнүбүзгө 5 жыл болду. Ортодо 1 балабыз бар. Экөөбүз бири-бирибизди катуу сүйөбүз. Аялымдын электрондук дарегиме келген каттарды текшергенин, социалдык тармактарда кыздарга менин атымдан сөгүп жооп жазгандарын, ар бир кыймылымды көз жаздымда калтырбай көзөмөлдөгөнүн сүйүү деп түшүнчүмүн. Жадакалса маршруттук таксиге түшкөндө бейтааныш кыздын жанына отуруп калсам да балээге калам. Шаардын кайсы бурчунда, эмне кылып жүргөнүмдү күнүгө так айтып турушум керек. Кыскасы, ээн-эркин баса албай калдым. Аялымдын мындай жоруктары мурун мага анча деле олуттуу маселедей туюлчу эмес. Акыркы күндөрү кысыла баштадым. Кызганганы сөөгүмөн өтүп чучугума жеткенсиди. Ажырашып кетүүдөн башканы ойлобой калдым. Бирок мен да аны сүйөм, эмне кыларымды билбейм.

Белек, Бишкек

«ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ТЕКШЕРИП КЕЛГЕН ЭСЕПЧИДЕН ДА КЫЗГАНАТ»

- Кээде жүрөгүм жанчылгансыйт. Кээде адам жок жерге качып кетким келет. Кай бирде тоого чыгып алып бакырып-өкүрүп ыйлагым келет. Акыркы күндөрү аябай буулугуп жүрөм. Мунун баары күйөөмдүн айынан экенин билем, бирок эч нерсе колумдан келбейт. Күйөөм мени үйгө электр энергиясынын көрсөткүчүн текшерип келген эсепчиден да кызганат. Көчөгө чыксам же бир жумушта иштесем эмне болмок, билбейм. Турмушка чыккандан бери 3 бала менен үйдөмүн. Күйөөмдүн кызганганын калтырам деп канча аракет кылдым, бирок жыйынтык чыкпады. Айлам кетип бир жолу кайненеме да даттандым. Чогуу жашагандан кийин кайненем деле менин үйдөн чыкпаган, эркек менен сүйлөшпөгөн келин экенимди билет да. Анда кайненем «ыраматылык кайнатаң да ушундай адам болчу» деди. Кызганыч деген балээ тукум кууйт окшойт...

Гүлайым, Балыкчы шаары

КЫЗГАНЫЧ

Кызганыч адам ооруп, кайра сакайып кетүүчү ангина, сасык тумоо сыяктуу илдет. Бирок мында белгилүү бир органыңыз эмес, жан дүйнөңүз ооруйт. Кызганса сүйөт деген туура эмес. Психологияда сүйүү менен кызганыч таптакыр эки башка нерсе.

КИМДЕР КЫЗГАНАТ?

  • Сүйүктүүсүн жоготуп алуудан корккондор жана ага ишенбегендер. Мындай адамдар жалгыздыктан коркушат жана өтө шекчил келишет. Сүйүктүүсүнүн өткөн жашоосун чукуганга эптүү болушат. Болбогон нерседен эле шек санай берип өтө кызганчаак адамга айланып кетишет.
  • Өзүнө ишенбегендер жана өзүн төмөн баалагандар. Мындай адамдар өзүн кимдир бирөөгө салыштырып кемчилигин эле таба беришет. Түгөйүнүн өзүнөн мыктыны таап кеткенин элестеткен сайын кызгануу сезими күчөйт.
  • Төшөктө канааттанбагандар... Түгөйү төшөктөн баш тартып же көңүлү жок жооп берип койсо болду. Дароо өнөктөшү тууралуу жаман ойлор башына келет. Балким, өзүм таарынтып алдымбы же бир жери ооруп турабы деп эч качан ойлошпойт. Кыскасы, мындайлар күнөөсүн моюнуна албай, өнөктөшүн кызганууга өтөт.
  • Көңүл буруу жетишпегендер. Сүйүктүүсү мурункудай көңүл бурбай калса дароо "бул башканы таап алды" деп кызгануу менен жашай баштайт.
  • Түгөйү жеңил ойлуулар. Мындай адамдар эч нерсени эч качан унутушпайт. Кекчил келишет. Түгөйүнүн жеңил ойлуулугун көрмөксөн болгону менен, кызганып жүрүп башын оорутушат.
  • Көңүлдөшү барлар. Кызганчаак адамдын, балким, көңүлдөшү бар. Өнөктөшүн ойлоп бул дагы соо жүрбөсө керек деп сүйүктүүсүнөн шекшинет.

СҮЙҮКТҮҮҢҮЗ КЫЗГАНЧААК БОЛСО...

  • Түгөйүңүз жасабаган ишти деле жасатып, мээңизге «чай кайнатып» жатат дейли. Орунсуз кызгануу сүйүүнү жок кылат, унутпаңыз. Акырында үй-бүлө очогу бузулат, өзүн башкара албагандар бири-бирин өлтүрүүдөн да кайра тартпайт. Коргонуунун жолдорун эстеп калыңыз.
  • Келип чыгуу себебин талдаңыз. Сүйүктүүңүз чын эле кызгана тургандай иш жасадыңызбы, жокпу, талдоо керек.
  • Эгер сиз тараптан күнөө кетпесе... Анда сүйүктүүңүздүн өткөн жашоосуна көз чаптырыңыз. Балким, мурунку сүйгөнү көзүнө чөп салгандыр. Чын эле ошондой болсо өткөн жашоо кайталанбастыгын, сиз мурунку сүйгөнү эмес экениңизди түшүндүрүңүз.
  • Өткөн жашоону айтпаңыз. Сүйүктүүңүздүн кызганчаактыгын байкасаңыз өткөн жашооңузду кулпулап коюу эң туура кадам.
  • Ачык сүйлөшүңүз. «Досторум менен жолугууга барамбы, коноккобу, дайыма сени менен барам. Эгер сен дагы деле кызгана берсең анда мен мындай кылам» деген сыяктуу оюңузду ачык айтып, келишим түзүңүз.
  • Ишенген адамдардан колдоо сураңыз. Экөөңөр тең ишенген адамга болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берип, кайрылуу керек. Ал досуңар же тууганыңар болушу мүмкүн. Бул ишти сүйүктүүңүзгө айтпай жалгыз жасоо чоң ката.

КЫЗГАНЧААКТЫКТАН "АЙЫКСА" БОЛОТ

  • Эмне себептен кызгандыңыз, баарын эстеп, талдап чыгыңыз.
  • Анализ жүргүзүп жатканда бейкапар болууга аракеттениңиз. Нервиңизди чыңалтпай, өзүңүздү токтоо кармаганга көнүңүз.
  • Түгөйүңүз сиздин баскан-турганыңызды аңдып, кайда жүргөнүңүздү сурак кылып, кайра-кайра телефон чалып жатканын элестетиңиз. Анан түгөйүңүздүн кандай абалда жүргөнүн түшүнөсүз.
  • Бул деле соо эмес деп кимдир бирөөгө салыштырууну токтотуңуз.
  • Артынан аңдыбай ачык-айкын сүйлөшкөнгө өтүңүз.
  • Өзүңүзгө тиешелүү нерсенин баары четке сүрүлүп, түгөйүңүздүн жашоосу менен жашап калганыңызды түшүнүңүз.
  • Бактылуу жашоого татыктуумун деп эсептесеңиз сүйүктүүңүзгө ишенип, кечиримдүү болуу менен сүйүүнү 1-орунга коюп, мамилени сактап калыңыз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
Manas230595
2016-09-27 15:39:55
Менда расса кызганчакмын 2кундун биринле урушабыз
-2
ozgeldi
2016-09-27 21:42:59
Мен уйлонгондо кандай адам болот экем.кызганчаакмын жубайыма кыйла эле концерт койсом керек..корбой эле окуро берсен болбойт да.чын эле гупулдок экенин билип калсан .олтуром дебей эле ракетага байлап уйун коздоп аттырып жибер да .бампери жаннысынан алып алгыла башты оорутпай.
-5
omuke89
2016-09-28 00:26:54
Ассалоому алейкум. Кызганбаган эркек бейишке кирбейт. Бирок кызгануунун өз чени болот. Эгер менде эң кымбат делген алмаз болсо, мен аны жат көздөрдүн көрүүсүнөн сактаймын. Аялдын сулуулугу эр үчүн. Азыр аялдарын боёнтуп, барби сыяктуу кылып, менин аялым бул жери мындай, ал жери андай дегендей кылып ачык кийим, боёктор менен кооздоп жолго чыгарып, анан кызгануунун кереги жок. Кызганууну макияндарын кызганган короздон үйрөнгүлө демекчимин
+1
Lekarstvosvoegomuja
2016-09-28 17:59:55
Менин куйоом алтындай киши да. Мага караганда коп эсе сабырдуу мен чатагыраакмын куйоомо караганда:) :)
+1
Shat.88
2016-09-28 18:49:08
Жакшы тема экен, мен куйоомду кызгана берчум бир куну ойлондум, мен муну кызгана берчудой мен недостойнаямынбы, керек болсо кызгансын мени деп конул бурбай калдым азыр эми ал озгорулуп калды
+2
Deniza88
2016-09-28 19:45:44
Кызганыч жаман чын эле аба жетпей кетет, кысылып кетесин... Жогорудагы себептердин кобунчосу болгон .
+3
muni5
2016-09-29 09:10:36
Мен жолдошума аябай ишенгендиктен такыр кызганчуу эмесмин. Кечигип Туну менен жок болсо да бул жаман ишке барбайт деп ойлочумун. Бирок кокустан телефонунан кыздар менен жолугуп журоонун окуп калдым. Эми аябай артынан андычу болдум. Ушунчалык жек коруп калдым.кокус кыздар менен коруп калсам олтуруп коюдан кайра тартпачудаймын. Оч алгым келет.башка бироо менен мамиле кылып....кыскасы жинди боло жаздадым.
+5
Magusi
2016-09-29 18:21:56
Соонун тема болуптур.Биз тундо ушул кызганчактын айынан урушуп суйлошпой элебиз.Ушунча тажадым жада калса бир туугандар менен жолугуушуга барсам да чыр чыгат.Мен ойлоп калдым озунун кемчилиги бар киши кызганчак болобу деп.Менденда жакшысына кетет деп же Кандай Билбейм суроом коп жооп жок.
+3
arimle00
2016-09-29 22:05:33
Е бул өлүп кеткир кызганчаактык айыкпас оору окшойт. Өлгөндө гана кутулат адам бул оорудан. Менин да мужум өлллө кызганчаак дейсинеер. Үйрөнүп деле калдым уже)))
+3
arimle00
2016-09-29 22:10:51
Бирок эркек киши кызганган учун аял тизгинди тартыып, көп көчөлөбөй отурат деп ойлойм. Кызганыч да керек нерсе)))
+3
simpa89
2016-10-01 19:55:40
Мен да куйоомду кээде кызганам,((( мага салыштырмалуу куйоом мени кызганбайт,бирок суйот)
+2
frunze777
2016-10-02 14:21:11
Тема актуалдуу болгону менен жогорудагы психологдун кызганычка берген аныктамасы так, толук эмес, "айыктыруу" жолдору да айрым учурларда гана эффективдуу болуусу мумкун... Кызганычтын "ашынган" категориясы менен "ооругандар" кучтуу психологдун бир нече жолу кабыл алуусуна баруусу керек жубайы/жолдошу менен да, озунчо да... Жогорудагы психологдун кенештнрине анча канааттанбадым...
+2
nur16
2016-10-03 08:14:53
менин жолдошум да ото кызганчак озунун бир туугандарынан да кызганат го
+1
Ayka1994
2017-02-17 21:28:30
"Дениздей чалкыган суйууну бир тамчы кызганыч уулайт" деп коётго. Негизи орунсуз кызгануу уй-булонун чыр-чатакка кабылуусуна алып келуусу мумкун.
0
meliskan24
2017-03-20 21:21:33
Аябай кызганган адам. Бундай адамдардын кообу, озумчул, коркок адамдар болот. Кызгануу керек, жакшы коргон адамынды, бирок чеги бар кызгангандын да.....!!!!
0
№ 725, 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан