"Заманыбыздын супер ырчысы" аталган Каныкейдин сахнага кайтышын күткөндөр көп. Бир жылга чукул убактан бери "өргүүдө" жүргөн Каныкей күйөрман, окурмандарыбызга жашоосундагы өзгөрүү, жаңылыктары тууралуу айтып бермекчи. Албетте, баарын башынан, Каныкейдин жарык дүйнөгө келген күнүнөн баштайлы.
"ЖАШАБАЙ КАЛЫШЫМ МҮМКҮН ЭЛЕ..."
- Апам мени кыйынчылык менен төрөгөн экен. Балким, азыр жашабай деле калмакмын. Анткени дарыгерлер "баланы аман сактап кала албайбыз, сизди сактап калганга аракет кылабыз" деп айтышкан экен. Төрөгөндөн кийин апам 10 күн тамчылатма дары алып жатып мени көрбөптүр. Мени алып келишкенде да көпкө ишене албай жүргөн экен. Кийин эле үйгө чыгып, апам буламык жасап берип жатып болтойгон кыз болуп чыга келиптирмин.
Бала кезди эстегенде көп окуялар эске түшөт. Курдаштар курчтук менен талуу жериңе тийгизе бир нерсени айтса ошол бойдон сынып каласың. Мисалы, ал кезде ата-энемдин ажырашып кеткени, курдаштарга социалдык жактан тең келе албаганым, жетишпеген жашоодо жашаганым мен үчүн кемчилик болчу, өзүмчө эле басына берчүмүн. Кийин чоңойгондо гана ал нерсе турмуш экенин, андан уялбаш керектигин түшүндүм.
Азыр менде корунуу, басынуу деген жок. Сулуулук менен оорубайм. Өзүмдү кандай болсом ошондой кабыл алам. Бирөөгө атаандашпайм, эч ким менен өзүмдү салыштырбайм. Бирөөгө атаандашуу, менимче, туура эмес. Өзүнө ишенген адам эч качан бирөөлөр менен атаандашпайт.
"ТУРМУШКА ЧЫГАРДА ИНТУИЦИЯМА ИШЕНДИМ"
- Азыр эл алдына көп чыкпаганым менен, өзүмдүн үстүмдөн, чыгармачылыкта изденүү менен иштеп жатам.
Ушул кезге чейин мага жолуккан адамдардын баарына рахмат айтам. Жакшыларына да, жамандарына да. Себеби ошол адамдар болгону үчүн мен азыркыдай күчтүү болдум. Чыгармачылыкка аралашканда профессионалдык деңгээлде өсүүнү гана ойлодум. Өзүмдүн үстүмдөн тынымсыз иштеп жүрүп ушул даражага жеттим. Албетте, карьеранын артынан атактуу болдум, жакшы акча таптым, Каныкей деген атымды чыгардым. Мага деле көз артып, сөз айткан адамдар болду. Бирок жеке жашоо, үй-бүлө күтүү темасына келгенде терең ойлондум, интуицияма ишендим.
19 жашымда, Каныкей деген ысымды эч ким биле электе, катардагы студент кезде таанышкан Медерди тандадым. Себеби Медер ошол кезде эле мени чын дилинен сүйгөн. Жаңы таанышкан учурда экөөбүз тең жаш болчубуз, окуу менен алаксып, кыз-жигит катары кол кармашып сүйлөшүү деген түшүнүк бизде болбоптур.
7 жылдан кийин атым чыгып, максаттарымдын баарына жеткенде мен өзүмө суроо бердим. Мындан ары мага эмне керек? Менде баары жетиштүү болчу. Ошондо турмуш куруу, үй-бүлө күтүү жолун тандадым. Медер экөөбүз 26 жашыбызда Америкадан кайрадан жолуктук. Медердин жакшы сапаттарын санап көрсөм абдан көп экен. Жолукканыбызда "үйлөнүшүм керек, баарына жетиштим" дегенде, "үйлөнсөң мага үйлөн" дедим (күлүп). Мен аны баарынан бийик көрүп, номер 1 деп бааладым. Биз баш кошордо эч кимди кыйнаган жокпуз, ысырапкорчулук кылгыбыз келген жок.
"МЕН ДҮЙНӨГӨ ЫРДАШ ҮЧҮН ЭМЕС, УУЛУМДУ ТӨРӨШ ҮЧҮН КЕЛГЕМ"
- Мен оңою менен бирөөлөргө ишенип, сырымды төкпөгөн адаммын. Досторум деле көп, бирок баарына ишене бербейм. Табиятымдан ошондоймун. Мурун кубаныч, кайгы болобу, маселе жаралганда апама айтчумун. "Чыккан кыз чийден тышкары" дегендей, азыр сырдашым, курдашым да Медер болуп калды.
Өткөн күндөргө саресеп салып көрсөм, бойдок кездеги чоң маселелер азыр болбогон эле нерседей кабыл алынып калды. Эне болгондон кийин сабырдуулукка үйрөндүм. Уулубуз Алим азыр 11 айдан ашты. Аны колума алган сайын "Алимчик, мен бул дүйнөгө ырдаш үчүн эмес, сени төрөш үчүн келгем" деп эркелетем. Баламды карьерадан бийик коём. Алимдин келбети меникине, көздөрү Медердикине окшош. Мүнөзү азыртадан эле атасыныкындай. Шайыр, элди, элдин назарын жактырат. Анан да атасы тамакты тандап, даамдуу болсо гана жейт. Алим да Медерге окшоп тамакты ылгайт.
Гүлжамал Бөрүкулова
Алишер Алиев
star@super.kg