Жогорудагыдай эле арманын айтып бизге Динара Насирдинова деген аял кайрылды. Анын айтымында, 4 ай мурун Базар-Коргон райондук ооруканасынын дарыгерлери өз ишин туура эмес аткаргандыктан ай-күнүнө жетип калган баласы чарчап калган.
"КЫЙНАЛЫП ЖАТСАМ ДА 2 КҮН МЕНИ КАРАГАН КИШИ БОЛГОН ЖОК"
– Биринчи баламдан кийин 13 жыл төрөбөй жүрүп, дагы наристе күтүп жатканбыз. Боюмдагы бала 9 ай болгучакты дарыгерлердин көзөмөлүндө болгом. Балама 40 жума болгондо тишим ооруп калды, ошол күн ушул жылдын 22-апрели болчу. Мени карап жүргөн дарыгериме барсам, ал Кандараалы деген тиш доктурга жөнөттү. Ал менин документтеримди карабай туруп эле 2 ийнени бирдей сайып, тишимди чукулай баштады. Сайган ийнеси таасир берген жок. Тишимди чукулаганда катуу ооруп, ордумдан секирип турдум. Ошондон кийин эле ичимдеги балам тез-тезден кыймылдай баштады. Бир нерсе болгонун сезип стоматологдон чыкканда мени 9 ай караган врач Шахида эжеге кирип "Эже, бир нерсе болду окшойт, ичим тез-тез кыймылдап калды" дедим. Ал баланы тыңшап көрүп, башкача боло түштү да, "ооруканага жаткырып кел" деп медайымды мага кошуп жөнөттү. Төрөт үйүнө барсак, Ирода деген врач текшерип көрүп, патология бөлүмүнө жаткырды да "дүйшөмбү күнү көрөбүз" деди.
Ошентип 2 күн ооруканада жаттым, бул убакта эч ким мени караган жок. Тишим ооруганын айтпаңыз, "доктур чакыртып бергиле" десем да болушкан жок. Ошентип дүйшөмбү болду. Бул убакта ичим таптакыр эле кыймылдабай калды. Чыркырап эле дарыгерге барсам, ал "бала жай кыймылдап жатат" деп кетип калды. Айлам түгөнүп апамды чакырттым. Ал келип дароо мени УЗИден текшертти эле, дарыгерлер "бала өлүп калыптыр" дешти. Муну укканда өзүмдү жоготуп, апамдын кан басымы көтөрүлүп, ызы-чуу түшүп эле калдык. "Эми эмне кылабыз?" десем, "кааласаңар Жалал-Абадга, облустук ооруканага баргыла" деди. Мен "баламды кесарево жолу менен болсо да алгыла, балким, тирүү болуп жүрбөсүн. Силер адашып жаткандырсыңар" десем, Аида деген башкы дарыгер "сага болбойт, өзүң төрөйсүң" деди.
"ОНДОН АШЫК ДОКТУР ТӨРӨТӨ АЛБАЙ ЖҮДӨШТҮ"
– Бир убакта төрөт бөлмөгө алып барышты. Биринчи мени ыңгайлуу кушеткага жаткырышкан, анан бул жер болбой калды деп башка кичинекей кушеткага алып барышты. Ал жерге же батпайм. Мени он чакты врач төрөтө албай жүдөштү. Суу эбак кетип калгандыктан бала чыкпай жатты да. Анан алар шейшепти эки жактан кармап ичимди сыга беришти. Ичим эзилип эле калды, баланы айтпай эле коёлу. Мен өлөт экенмин деп баламды эле аларга табыштай бердим. Анан бир эркек хирург келди. Ошентип эки саат бою мени төрөтө алышкан жок. Анан эле жарыкты өчүрүп, 20 мүнөттөй жок болуп кетишти. Мен болгон күчүмдү жумшап, "мен өлүп калсам артымдагы балдарымды ким карайт?!" деп кыйкырдым. Дарыгерлер келгенде "мени кесарево жолу менен төрөткүлө" дедим. Калима деген дарыгер "муну операция жолу менен төрөтүш керек. Өзүнүн айтканы туура" деди. Анан мени араң жан жатканыма карабай операциялык бөлүмгө жөө алып барышты. Менин басканга деле алым калган эмес. Мага операция жасай турган врач аларды "бастырганга акыңар жок болчу" деп урушту.
Ошентип мага операция жасашып, 3-4 күн жандандыруу бөлүмүндө жаткан соң палатага которушту. Баламдын чарчап калганына аябай ичим ачышты. Башкы дарыгерге кайрылып "Кызым кимге окшош экен?" деп сурасам, ал мага атырылып "Сенин кызың 5 күн мурда чарчап калыптыр, денеси да тытылып калган" деди.
"АРЫЗЫҢДЫ АЛ" ДЕП АКЧА СУНУШТАП ЖАТЫШАТ"
– Ооруканадан чыккандан кийин Базар-Коргон райондук прокуратурасына кайрылып, дарыгерлердин үстүнөн арыз жаздым. Алар дагы араңдан зорго арызымды кабыл алышты. Ошондон кийин апамдын үйүнө дарыгерлер барып кечирим сурашыптыр. Мага да "3-4 жолу келип-кеткен чыгымдарды төлөп берели, арызыңды ал" деп 50-100 миң сом акча сунушташты, макул болгон жокмун.
Андан бери 4 ай өттү. Мени төрөтүп жаткан учурда ичимди сыга берип боорумду эзип салышыптыр, эми анын азабын тартып жатам. 3 жылга чейин жумушка да жарабай калдым. Биздин дарыгерлер төрөткөндү билишпейт экен, акчаң болсо карашат, болбосо талаада эле каласың. Менден да 9 айдын ичинде эле тигиге-буга деп көп акча алышкан.
Бир ай мурун Кыргыз Республикасынын Түштүк регионалдык коррупцияга каршы көзөмөл коомдук бирикмесине да кайрылдык. Бирикменин жетекчиси Жапар Пазылов комиссиянын жыйынтыгы чыккан соң бизге жардам берүүгө убада берди.
Бул иш боюнча Базар-Коргон райондук прокуратурасына жана райондук төрөтканага кайрылганыбызда, эки тарап тең "экспертизанын жообун күтүүдөбүз" деп жооп кайтарышты.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg