"ЖОЛДОШУМ ДУБАЛ СҮЗДҮРҮП САБАСА ДА ЭЧ КИМ УНЧУКПАЙТ"

– Апа, мени эмне үчүн сүйбөгөн адамга турмушка бердиңиз эле?- апам үн каткан жок. Күнөөлүү адамдай көзүмө карай албай жүзүн жашырды. Суроо берип алып өзүм ыңгайсыз боло түштүм. Көзүнөн сызылып аккан жашты көрүп, сыртка чыгып кеттим. Апамды минтип ыйлатайын деген оюм жок болчу. Дайыма кубанткым келчү. Бирок андай изги тилегим ишке ашкан жок.
Университетти аяктагандан кийин ата-энем куда түшүп келген коңшу айылдык бир жигитке турмушка узатып коюшту. Бөлөк үй, бөлөк адамдар. Жолдошум дагы чоочун. Ал үй-бүлөгө аралашып кетишим кыйын болду. Той бүткөн күнү эле кайненем "атаң таза киши, үйдү тыкан карма" деди. Эшикке чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын ишин кылып баштадым. Кайын журтумдун оту менен кирип, күлү менен чыксам дагы жакпай койдум. Тамак жасасам "майлуу болуптур, этин көп кошуптурсуң!" деп уруш чыгарышат. Аны көргөн жолдошум "тамакты эмнеге жаман жасайсың?!" деп кол көтөрөт. Апам менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө айтайын дейм. Жүрөгү оорубасын деп "баары жакшы" деп коём.
Ошентип жүрүп боюмда болуп калды. Кош бойлуу болгондон кийин жолдошумдун мамилеси бир аз өзгөрүп, жегим келген азыктарды алып келип, кагып-силкпей оңоло түштү. Бирок ал бактылуу көз ирмем узакка созулган жок. Бир күнү ичип келип "аялыңа биз жебеген нерсени сатып келесиң" деп апамдан уруш уктум" деп көк ала кылып сабады. Адам бардык нерсеге көнөт тура. Токмок жебеген күнүм чанда эле болбосо, күн алыс урат. Жолдошум сабап жатканын көрсө деле үйдөгүлөр унчугушчу эмес.
Адамдын жаны иттин жанынан бекем деген чын экен. Таяк жеп, уруш уксам дагы баарын ичиме сактап жүрүп ай-күнүм жетип эркек төрөдүм. Неберелүү болушса мени жакшы көрүп калышар деген үмүт менен ооруканадан чыгып бардым. Кайдан, баягы эле көрүнүш кайталанып баштады. Күндүз кечке жумуш кылам, андан сөзсүз кемчилик табылат. Ал аз келгенсип кечинде балам ыйлайт. Төркүнүмө кетип калайын дейм, бирок апамдын турмушка узатып жатканда "жакшы бүлө бол, бизге сөз тийгизбе. Турмуш деген оор болот, чыда. Ажырашып келип төрүмдө отурчу болбо" дегени эске түшөт. Ойлоном да, эптеп жашай берейинчи деп жашоомду уланта бердим.
Бир күнү кайненем "тамакты көп жасап коюптурсуң" деди ачууланып. "Апа, эмне себептен кылганымды жактырбайсыздар?" деп койгом. Жолдошума барып "аялың каяша айтып жатат" деген экен, апасынын сөзүнө ыза болсо керек, адаттагыдан катуу сабады. Башымды дубалга сүздүрүп эстен танганча токмоктоду. Мени чыркыратып уруп жатканын угуп жатышса да эч ким ажыраткан жок. Эсиме келсем, соо жерим калбаптыр. Өңүмдү күзгүдөн көрүп ыйладым, ызаландым. Башка жолду тандай албагандан кийин кайра эле көнүмүш турмуш кечире баштадым.
Уулубуз 4 айлык болгондо жолдошум Орусияга кетти. Токмоктон кутулганым менен, телефондон чучукка жеткен сөздөрдү күн алыс уга баштадым. "Апам минтип айтты, карындашым тигинтип айтты" деп эзиле берет. Ойлонуп, кыйнала берип башым чыдатпай ооручу болду. Кайненеме айтсам "жашабай жатып ооруй берет экенсиң" деп урушуп койду. Ооруга чыдап жүрө бердим. Эс-учуман танып жыгылганда гана ооруканага алып келишти. Дарыгерлер "нерви чарчап калыптыр, башына катуу токмок жептир, томографияга тарттыргыла" десе, кайненем унчукпай кетип калыптыр. Жолдошума айтсам "нервиң чарчагандай эмне болду?!" деп оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, телефонун өчүрүп салды. Уудай сөздөрүнө ууланып ооруканадан алыс баскам. Нес болуп таң атканча бадалдын түбүндө отура бериптирмин. Эсиме келип, палатага кирсем, дарыгерлер түнү бою мени издешкенин айтышты. Аларга эмне болгонун түшүндүрөйүн деп жатсам, кайын сиңдим келип "каякта, ким менен болдуң?" деп бетимди апчып, алтын сөйкөмдү, чынжырчамды, уюлдук телефонумду тартып алды. "Балаңды бербейбиз, кийин ага "апаңды алтынга чулгап койсок дагы сени таштап кетип калган" деп айтабыз" деп кетип калды.

Азыр мени жаманатты кылыш үчүн айылдагы балдарга номеримден СМС жазып жатыптыр. Милицияга арыз жазганыбызга 15 күн болсо дагы ишти карай элек. Уулумду аябай сагындым. Эмне арга кыларымды билбей бушайманмын.

Зарина

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (88)
SayanRamzan
2016-09-29 23:27:14
Кыргыздарда эл антет,эл мынтет уят,чыдайлы деген нерсе бар тооба,кыйналып атсаң ошол Эл келип сага жардам кылбайт билип кой. Өз укуңу билишиң керек. Келин жаман эмес барган жери жаман...жакшы бүлөө болгондо жаманды да адам кылып тарбиялап алат. Соттошуп акыркы демиңе чеин күрөшүп балаңы ал.Баланы ажыратканга эч кимдин укугу жок. С.к.лар десе...тайнесин таанытыш керек андайлардын. Ухх окуп бүткүчө нерв болуп кеттим. Бирок чын эле бекен а?
0
Salman.eldar
2016-09-29 23:52:27
Кудайым озу боору ачысын, аял кишилерге. Эркектерге ынсап берсин. Жашоо болбойт, баланы ал да, лучше омур бою куйого тийбей отуп кеткенин макул...
0
stukach
2016-09-30 01:22:56
Мына сага жашоо
0
meri.kg
2016-09-30 03:19:35
Сабырдын тубу сары алтын дейт. Кайгы капалуу кундордун астында Бактылуу кундор бар. Сиз ушунча кордука чыдап келипсиз,жана бунун баарын бир гана ата энениздин ыраазычылыгы учун жасаптырсыз. Мындай кадамга ар бир адам бара албайт сиз мыкты адам экенсиз.
0
arsenal
2016-09-30 21:34:09
Келин жаман эмес, келген жери жаман дейтко. Сабырырдуу болуп, умут менен жашаш керек
0
Patriot..kg
2016-09-30 23:58:19
Чечкинсиз экенсиз. Башында эле кетип калышыныз керек болчу.
+1
snegurochka11
2016-10-01 06:54:56
Күнөө күйөөсүндө да!Эркек эркектей болгондо баары өз орду менен болот,апа ападай,аял аялдай...Бул үй-бүлөдө өздөрү бири-бирин сыйлабаган адамдар экен,бирөөнү кайдан сыйлашсын?!
0
marat88
2016-10-01 10:50:33
эркек эмес экен жолдошу алсыз эркек аялга кол которот. бул деле бироонун айдай коргон кызыда эшек эмес каалаганча уруп кокала кылгыдай. номерин берчи ошол баланын. боорум ооруду окуп алып.
0
jypawra
2016-10-01 20:45:52
Бул окуя чындык экенине 100% ишенем. Себеби менин куйоом ичкич кун ара жанжал соз айтсан токмок жеймин. Эмне кылам уч кызым бар боюмда бар дагы деле урат.кетейин десем кандай болот атасыз тарбия алып калышабы деймин бирок мунун баарын коргон кыздардын психикасы эмне болот билбейм.
+1
taoni
2016-10-02 01:55:56
Кой эми жалдырап кайра бар олтуруп коюшкуча чыда...ушунча токмок жеп да мээне жетпесе... озундун жашоонду озун чече албасан ушинтип кор болосун!!!
0
Nariza
2016-10-02 15:40:58
taoni,жооок андай эмес. Мумкун турмуш коро электер ушинтип суйлоп жатса керек. Бирок мен да ушундпй сабоого туш болгом. Корсо башында унчукпасан ааа боло берет экен деп ойлойт. Чыдап анан эле кантип соолжандан кобрага айланганынды билбейсин. Мен да стрессте болгом. Бул кызды эн туура ткшунуп жатам. Сен азаматсын! Дагы оорулуу болбой. Баланды сот аркылуу алсан болот. Адвокаттарга кайрыл. Мамлекет тарабынан бекер кызмат корсоткон адвокаттар бар. Сен женишин керек. И жашаба. Кудай башка жагынан кор
0
Bek1978
2016-10-02 03:21:46
жондон эле урбаса керек
0
Shirin_N88
2016-10-03 00:21:06
Бир жактуу эле болбойт куйоосунун да оюн угуш керек
0
Kalysbek
2016-10-03 10:01:28
Жондон жон эле урабы,урбайбы,бул эркектик эмес. Аял кишини сыйлап аяш керек. Ал нерсени кыла албайсынбы,ал кызды жар кылып албаш керек. Аял кишиге кол которбой эле соз менен айтып тушундурсо болот. Аял кишинин тили кээ бироонуку уулуу болот негизи. Сабырдуу болуп эркек болгула жигиттер. Менин да аялым бар,аялымды урушсам эч ким жокто урушам. Ата энемдин козунчо мактап турам. Аялын озуно эле керек,болок бироо аябайт аны. Биздин келинчектерге только мактоо гана айтаар элем.
+2
boze
2017-06-20 00:09:03
Мындайлар бар. Менин мамам 30 жылдан кийин эсине келип куйоо деген ушул экен деп жашай берипмин деп окунот
0
Baiana2017
2019-01-22 10:10:27
Аял кишини тепкенге бир гана курсактагы наристенин гана акысы бар.башка эч кимдер акысы жок даже ал бар жогуну тептегиз кем каржсыз кылган куйоосу болсо дагы.айла жок оозуна алы жетпеген кучуно ишенет.куч менен эч качан тарбия кыла албайт
+1
№ 725, 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан