27-август күнү Москвадагы басмаканада өрт чыгып, анын кесепетинен 17 адам (анын 14ү кыргыз кыздары) каза тапкан. Өрт учурунда "өлкөбүздө турмуш шарт жакшы болсо, бул жактарда азап чегип жүрбөс элек" деп сай-сөөктү сыздата ыйлаган кыз бүткүл кыргызды силкинтип, бириктирди. Биз ошол кызды таап, аны менен маектештик. Бийликке карата ачуу чындыкты айтып ыйлаган Мээрим Абдыкалыкова Орусияда иштеген мекендештерибиздин абалы тууралуу кеп курду.
– Саламатсызбы, Мээрим? Бийликтегилерге катуу сын айттыңыз. Мекендештерибиздин өз өлкөбүздө жумуш жок, чет мамлекеттерде иштеп жүрүшүнө эмне үчүн бийлик күнөөлүү деп эсептейсиз?
– Саламатчылык! Бийликте отургандар жаштарды башка өлкөгө тентитпей, аларды өз өлкөбүздө эле жумуш менен камсыз кылсын. Мына, жаш кыздар кетип жатат. Алардын тагдырлары ал жактан кандай болот, ким билет? Мен деле жогорку билимдүүмүн, жумуш жок айласыздан Москвага барып иштегенге туура келди. Мага окшогондор толтура да. Өкмөт бизге жумуш маселесин чечип берсин. Элдин талаалап жүргөнүнө туура эмес иш жүргүзгөн биздин чоңдор күнөөлүү болуп жатпайбы!
– Бийлик Орусиядагы мигранттардын абалын жакшыртуу үчүн кандай кадамдарды жасашы керек эле деп ойлойсуз?
– Негизи сыртка иштегенге чыгарбай койсо жакшы болмок. Москвада канчалаган жаш кыздар идиш жууп, колуна тийген түрдүү оор жумуштарды жасап жүрүшөт. Жаштайынан ден соолугунан айрылып жатса, кантип кыргыздын тукуму көбөйөт? Биздин байкелерибиз, инилерибиз деле кыздарды ойлобойт. Кыздарды иштетип коюп, өздөрү ичип-чегип жүрүшөт. Анысы аз келгенсип кыздарды жаманатты кылып сөз чыгарышат. Күйгүзгөнү – боюна бүтүрүп коюшкан балдарына жоопкерчилик алышпай, ымыркайларды таштап кетип жатышат. Эркектерге да кайрылат элем, аз болсо да кыздарды аяшса, аларга болгон мамилесин оңдошсо.
Азыр үйлөнүү тойлордо 10-15тен ашык кымбат машиналарды чыгарып жатышат. Ошол кыргыздарга керекпи? Ал акчанын көбү чет өлкөдө кыйналып иштеп табылып келген акчалар. Андайга тыюу салган мыйзамдарды депутаттар киргизип, ысырапкорчулукту тыйса.
– Анда Орусияда иштеп жүргөн мекендештерибиздин негизги көйгөйлөрүн өзүңүз айтсаңыз...
– Москвадагы өрт окуясындагы эле негизги көйгөйлөрдү айтып берейин. Мына, кырсык болду, Орусиядагы кыргыздар колунан келгени да, келбегени да куран окутуп, жабырлануучуларга жардам деп акча чогултушту. Бирок ошол акчалар кайда кетти, ким алды, ал акчаларды эсептеген адам барбы? Ооба, кырсыктан каза болгондорго жардам берилип жатат, бирок ошол өрттө документтери өрттөнүп кеткен кыргыздар эмне болуп жатат деп ойлогон адам жок. Өрт учурунда 15тей кыз имараттан качып чыккан, мына ошолорго деле жардам бербейби. Алар же жумуштан жок, же документинен жок талаада калышты.
– Сиз да ошол басмаканада иштечү белеңиз? Ал басмакананын жетекчилиги кызматкерлерге кандай мамиле кылчу эле?
– Мен ал басмаканада мурда иштеп кеткем. Бир тууган сиңдимдин ал жерде иштеп жатканына 3 жыл болгон. Биз "жумуштан чык" десек, "ал жакта досторумдун баары иштейт" деп болбой койгон. Ошол досторунун баары өрттө каза болуп калышты. Өрт учурунда ал мага телефон чалып "Мээрим эже, өрттөнүп жатат, досторум ичинде калып калды" деп ыйлады. Мен жакын жашагандыктан чуркап бардым. Барсам сиңдим эсин жоготуп сүйлөй албай жатыптыр. Ошон үчүн камерага анын ордуна мен сүйлөп калдым. Ал түнкү нөөмөтүн өткөрүп жатса мастерге бирөө "өрт болуп жатат" деп кыйкырыптыр. Ал болсо жанындагы сумкасын алып сыртка чуркап жөнөйт. Терезеден кара түтүндү көрүп сиңдим да эшикке чыгат. Биринчи кабатта өрт болуп жатса да төртүнчү кабатта сигнализация иштебептир. Сиңдим сыртка чыкса 1-кабаттагы кыздар эбак эшикте экен. Негизи өрт биринчи эле кабатта болгон, лифт аркылуу барган ис 4-кабатты каптап, кыздар ууланып жатышпайбы.
Ал эми басмаканада болсо талап катуу, орустар дайыма бизге үстөмдүк кылып турушат. Иштегендер үчүн шарттар да каралган эмес. "Силер качан орусча үйрөнөсүңөр" деп орусча билбегендерди урушат. Мен да орустардын ушундай басмырлоосунун айынан алар менен урушуп, иштен чыгып кеткем. Эгер 5 мүнөт кечиксең 1000 рубль айып пул салат. Жумуш убагында уюлдук телефон менен сүйлөшпөө сыяктуу көп нерселерге тыюу салынган. Түнкү нөөмөттө иштегендерге саат 12де тамактанууга 40 мүнөт убакыт берилет. Таңкы 5те болсо 15 мүнөткө чай ичип алууга чыгарат. Ал ортодо суу ичкенге же башкага уруксат жок. Ошол эле жерде иштеген орустар 10 мүнөт сайын чылым чегүүгө чыгып турушат. Жадакалса намаз окуганга да уруксат беришпейт. Айлык акыбыздан сөзсүз 1000-2000 рубль айып пул деп ар кайсы шылтоолорду айтып кармап калышчу.
– Эмгек келишимин түзүп иштеген кыргыз жарандары көппү?
– Менин оюмча, Москвада эмгек келишимин түзүп иштегендер 30 пайыз болсо керек, 70 пайызы жумуш тапкандарына сүйүнүп иштеп жүргөндөр. Басмаканада да келишим түзүлгөн эмес, ал жерге тааныш аркылуу киресиң да, паспортуңдун көчүрмөсүн берип койсоң жетиштүү.
– Жогорку билим алгам дедиңиз, Кыргызстанда жумуш табуу кыйын болдубу?
– Мен ОшМУнун юриспруденция кафедрасынын криминалистика факультетин аяктагам. Бирок жумушка кире алган жокмун. Ишке орноштурууга 3-5 миң доллар пара сурашкан. Менде кайдагы акча? Ошентип Москвага иштегени кетип калгам. Кыргызстанга кырсыктан кийин келдим, кайра качан кетем белгисиз, азыр жумуш жок отурам.
Айсалкын Качкынбаева
koom@super.kg