СИРЕНЬ ГҮЛДӨГӨН МААЛДА

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Бактияр, андай экенсиң, эмне үчүн кечээ убара болуп базарга алпарып, кем-карчымды алып бердиң?!
– Кечээ башка, бүгүн башка күн,- деп камырабай сүйлөгөнү мени күйгүзүп жиберди.
– Ар дайым мени досторумдан алып каласың, жибербейм десең да кете берем!- деп сумкамды алып жөнөп калдым.
– Барбайсың! Кыйын болсоң барып эле көрчү, эмне кылар экенмин!
Бактияр каруумдан кармап, көзүмдү теше тиктеди.
– Билгениңди кыл!
Анын колунан чыгууга аракет кылдым.
– Өзүң билип басып кал­дыңбы, ээ?!
Бактияр адатынча жакка бир чапты.
– Эмне, ар дайым эле никелеп алгансып урасың?! Көчөдө калган кыз барбы сага?!- деп ыйлап да, токмоктогондон көңүлүм калган жаным калтырап коркуп да турдум.
– Өзүң билсең ушундай болот! Менсиз билгениңди жасап калган болсоң, мына!- деди да, карылуу колдору менен моюнумдан кармап муунта баштады. Бошоно албай какап-чакап тыбырчылап жатканым эсимде, анан кийинкисин билбейм.
Көзүмдү ачсам, тегерегимди туман каптап тургандай сезилди. Жанымды карасам, бирөө отургансыды. Көзүм бозомуктан анын ким экенин тааный албадым. Кайра-кайра көзүмдү жумуп-ачтым. Ошондо гана жанымдагы эркек адам экендигин боолголодум. Аңгыча бетиме чачылган муздак суудан денем ичиркене, акылыма келе түштүм. Суу дагы чачылды эле, айланамдагы туман таркай түшкөндөй болду. Ошондо гана жанымдагы караан Бактияр экенин тааныдым. Акырын башымды көтөрүп, турууга аракеттендим. Ал мени сүйөп тургузду. Сендиректей басып барып столго урунуп, жыгылып түштүм. Бактияр мени көтөрүп диванга аяр жаткырды. Канча убакыт ушинтип эс-мас абалда жатканымды билбейм. Бактияр негедир “Тез жардам” чакырганга жараган жок. Сыягы жоопкерчиликтен корктубу же абалымдын оордугун байкабадыбы, ким билет?.. Өкүнүчтүүсү, ошондон кийин эсимди жоготуу мен үчүн өнөкөт болуп калды.
Тааныштарым айткандай, “жер бетинде эркектин тукуму куруп, акыркы эркек Бактияр калгансып” канча азап тартып, ар кимден жаман кеп-сөз укканыма карабай, андан кетип кала албадым. Кетүүгө эми кеч эле… Бардык азапка чыдоо менен аны күтүүдөн башка жол таба алган жокмун.
Акыркы мезгилде акча жаатында экөөбүз тең кыйналып, Бактиярга иш издей баштадык. Акыры Бактияр шаардагы белгилүү соода түйүнүнө жумушка кабыл алынды. Ал жумушка орношуп калсын деп парага жарым айлыгымды берүүмө туура келди. Бактияр түшкө чейин окуп, андан соң кечки тогузга чейин жумушка кетет. Экөөбүздүн мурдагыдай “тигил минтти”, “тигини карадың”, “күлүп койдуң” дегендей чыр-чатагыбыз азайып, иш менен алпурушуп калдык. Менин жумушум жашаган жериме жакын болгондуктан, түшкү эс алуу учурунда даярдаган тамгымды Бактиярга жеткирип бергенге да үлгүрөм. Эртең менен эрте керектүү жашылчаларды арчып, туурап кетем да, түштө келип тамакты даярдай салам. Алпарган тамагыма ыраазы болуп, мага шоколад, шире сыяктууларды сатып берет. Иштегенге да, бири-бирибизге көңүл бурганга да убакыт таап, бизден өткөн бактылуу эч ким жок.
Жай айынын биринчи күнү эле. Бир чоң баштык көтөрүп Бактияр жумуштан келди.
– Бул эмне?
– Ачып карасаң, эмне экенин билесиң.
– Апей, мунун баарын эмне кыласың?- деп чочуп кеттим. Анткени баштык толо йогурт экен.
– Сага алып келдим!
– Магабы? Бүт баарын мага алып келдиңби?- дедим ишенбей.
– Ооба, бүгүн “Балдарды коргоо күнү” экен. Бирге иштешкендер жаш балдарына ушундай белек алышты. А мен сага алдым. Азырча менин бөбөгүм сенсиң,- деди эркелетип.
– Бөбөгүң болсом, анда өзүң жегизбейсиңби?- деп эркелей кеттим. Ал мени тизесине отургузуп, йогурттун эң чоңун тандап ачып, чай кашык менен оозума салды.
– Жаным, аз алып келсем жетпей калат деп ойлодум. Бул жерде баары таанышыбыз, кирип калышса берүүгө туура келет.
– Айтканыңдай эле кыздар телевизор көргөнү келишмек.
– Баарына бер анда,- деп Бактияр чыгып кетти. Ошол күндү ойлосом, азыр да күлкүм келет. “Маликанын бөлмөсүнө киргиле, силерге бере турганы бар” деп кыздарды бөлмөгө толтуруп койгон эле. Ошондо “жигит кишинин колу ачык, март болгону жакшы” деп таенемдин айтканын эстеп ичим жылып калган.
Күндөрдүн биринде өзүбүз­дүн облустун борборуна командировкага бара турган болуп калдым. Бактияр мени аэропорттон узатып кала берди. Тиешелүү тапшырманы аткарып, документтерди өзү бүтүргөндөн кийин төрөлүп-өскөн, балалыгымдын бактылуу ирмемдери калган үйүмө бардым. Апам адатынча жадырап-жайнап тосуп алды. Мен өскөн эски үйдүн ордуна башка жаңы үй курулуп, короо-жайыбыз да өзгөрүп калыптыр. Үйүбүз канчалык заманбап жасалгаланып, заңкайып турбасын, куду чоочун үйгө келип калгандай оңтойсуздандым. Атамдын жыты калган бактылуу балалыгымдын күбөсү болгон эски, чатыры жок үйүбүздү сагынып келген элем. Мен ошол эски үйдү бир убактарда сагынарымды билген эмес экенмин. Агамдын кабагы ачылбай, мурдагыдай жайдары эмес. Жеңем да кыйла башкача. Алардын мындай суз мамилеси эртеси айкын болду.
– Шаарда эмне кылып жү­рөсүң?- деди агам түшкү тамактануу учурунда.
– Иштеп жүрөм.
– Дагы эмне кылып жүрө­сүң?
– Жашап жүрөм,- дедим калтырап. Анткени агамдан катуу коркор элем. Мен гана эмес, улуу эжемдер да агамды атамдын орун басары катары сыйлашчу. Андыктан агамдын айтканы айткан, дегени дегендей болчу. Мени “атамдын эркеси, биздин кенжетайыбыз” деп эркелетип, көзүмө карап, колунан келишинче жардам берип келди. Бир да ката иш жасап, уруксатсыз басып, тил уккан эмес элем. Анан эмне болгонун түшүнө албай таң калып турдум.

Жумагүл Жолматова

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 384, 12-18-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан