ЧЕМПИОНДОРДУ ТАРБИЯЛАГАН "МУХАММЕД-УМАР" СПОРТ КЛУБУ

Өз ишмердүүлүгүнүн убагында бир топ чемпиондорду тарбиялап чыгарып белгилүү болгон клубдар менен тааныштырууну улантабыз. Бул сапар Кылычбек Саркарбаев, Рашит Аманкулов жана башка атактуу спортчуларды өстүргөн "Мухаммед-Умар" спорт клубу тууралуу баяндайбыз.

Аталышы
– "Мухаммед-Умар"
Жайгашкан жери – Ош шаары
Спорт түрү – Самбо, дзюдо, кикбоксинг, кармашып урушуу, ММА
Негиздөөчүсү – Сүйүнбек Өмүрзаков
Президенти – Улукбек Өмүрзаков
Машыктыруучулары – Мухаммед Курбанов, Улукбек Өмүрзаков, Бакыт Жусупов жана Талант Байсалов
Белгилүү мушкерлери – Рашит Аманкулов, Кылычбек Саркарбаев жана башкалар

Аталган клубдун президенти жана машыктыруучусу Улукбек Өмүрзаков клубдун жаралуу тарыхы тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Салам алейкум! Улукбек мырза, айтсаңыз, сиздердин клуб качан, ким тарабынан негизделген жана ал убакыттын ичинде канча спортчу тарбияланып чыкты?
– Алейкум ассалом! «Мухаммед-Умар» спорт клубу 2005-жылы азыркы ички иштер министринин 1-орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков тарабынан негизделген. Ошондон бери спорттун дзюдо, самбо, кикбоксинг, ушу-саньда, кармашып урушуу, ММА түрлөрү боюнча 3 миңден ашуун спортчуларды машыктырып, тарбиялап өстүрдү. Учурда 2 спорт залыбызда 450дөй бала машыгууда.

– Клубдун тарбиялануучулары көптөгөн мелдештерге катышып байгелүү орундарды алып жүргөнүн билебиз. Кайсы спортчулар менен сыймыктана аласыздар?
– Биздин спорт клуб көбүнчө дзюдо, самбо, уруш түрүндөгү самбо жана эрежесиз эр уруш боюнча мелдештерге катышып, ийгиликтерге жетишип келе жатышат. Кыргызстанда спорт клубдар боюнча алдыңкы үчтүккө киребиз деп ишенимдүү айта алам. Мисалы, 2015-жылы жаштар арасында өткөн Азия чемпиондугунда Баяман Сагынбай уулу эгемен Кыргызстандын тарыхында 1-жолу дзюдо боюнча 55 килограмм салмакта Азия чемпиону аталса, быйыл июль айында Якутияда өткөн «Азия балдары» оюндарында Кубаныч Айбек уулу дзюдодон 46 килограмм салмакта алтын медалга ээ болду. Маркум Мирбек Абдыкадыров ММА боюнча Азия чемпиону, Бекназар Кайназар уулу ММА боюнча Дүйнөлүк чемпиондукта коло медалга ээ болгон. Ал эми уруш түрүндөгү самбо боюнча Максат Мусабаев, Калыс Токтосун уулу, Орозбек Автандил уулу Азия чемпиону, дагы 10дон ашуун спортчу Азия чемпиондугунан 2-3-орундарга ээ болушкан. Кикбоксинг боюнча Эл аралык класстагы спорт чеберчилигине Рашит Аманкулов менен Бекназар Кайназар уулу ээ болушкан. Эрежесиз эр уруш боюнча Кылычбек Саркарбаев, Рашит Аманкулов, Төлөгөн Рахманбердиев жана башка ондогон спортчуларыбыз көп жыл рингден түшпөй, спорттон өз ордун таба алышты. Дзюдо боюнча 8, самбо, күжүрмөн самбодон 21, ушу-саньдадан 18 спортчубуз спорт чебери болушту.

– Спорт клубдун Ош шаарында 2 спорт залы бар экен. Өлкөбүздүн башка да аймактарына спорт залдарды ачуу пландары барбы?
– Ооба, буюрса, Бишкек менен Жалал-Абад шаарларына спорт залдарды ачабыз деп турабыз.

"Мухаммед-Умардын" негиздөөчүсү Сүйүнбек Өмүрзаков.


6-7-августта Түштүк Кореянын Хвасун шаарында ММА боюнча Азия чемпиондугу өтүп, анда "Мухаммед-Умардын" да спортчулары бар Кыргызстан курамасы командалык эсепте 2-орунду алган.


Маркум Мирбек Абдыкадыров өткөн жылы ММА боюнча Азия чемпиону болгон эле.


Гезитибиздин версиясы боюнча «2012-жылдын супер спортчусу» наамынын ээси Кылычбек Саркарбаев да "Мухаммед-Умардын" тарбиялануучусу.


Нурбек Абдыкадыров
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
Alayskaya
2016-09-26 11:27:29
Негизи ушунча чемпионду чыгарганы деле озунчо чооон эмгек да! Бир зал толо баланы тарбиялап, "ары бас, бери бас" деп башкаруу да ото кыйын. Ошончо коп баланын ичинен бир-экоосу туура эмес иш жасап бутундой бир залдын беделин тушургон учурлар жок эмес. Медальдын эки тарабын бирдей карасак.
+1
admin_superstan
2016-09-26 12:06:05
Kayratikbest, Darin, бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
0
joni_91
2016-09-26 12:13:29
Оной жашоо таап алгандары да бар
0
Alixan-Nookat.2015
2016-09-26 12:18:16
Мирбек Абдыкадыров эмне болуп каза болду? Жаткан жери жайлуу болсун!
+2
civic93
2016-09-26 12:37:53
Alixan-Nookat.2015,Авария дан
+1
shamshiev.80
2016-09-26 14:02:31
Оба адамдардын укугун аяабай тебелешет экен ,ушул клубтун балдары, мен дагы коп угам
+2
dasta
2016-09-26 14:12:39
Бирок бул клуб жащ кучко тен келе албай
0
dasta
2016-09-26 14:24:41
Менин айтарым мухамед умар клубунда машыккан балдарга мыйзам иштебейби. Баары ле машинасынын айнектерин тонировка кылып алышкан гаишниктер да алардыкын сыйрыйалбайт
+3
Alayskaya
2016-09-26 17:48:53
dasta,Азыр коруп жатсаныз керек шаардагы мен деген кыйын корунгондордун баарынын тонировкасы алынган. Маалыматтан артта окшойсуз. Мэрден баштап начальник милицияга чейин тонировкасы жок. Шаарга чыксаныз мурунку капкара машиналар аквариум болуп калган))))
+4
Taalai94
2016-09-26 23:00:46
Alayskaya,Шаарда тоолтура елего карангылатылган айнекте жургондор жадакалса алдынкы айнектеринда карангылатып алышкан.
0
dasta
2016-09-28 18:31:10
Alayskaya, кудайдун кутту еле куну шардамын.
-2
Kuban99.kg
2016-09-26 21:31:12
Биздин патриоттор
+1
Omurbek998
2016-09-27 17:40:56
Ото строго зал!
+1
rose1996
2016-09-28 10:01:55
Мирбек Абдыкадыров жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы сураныч
+1
lolo.1
2016-09-30 11:21:23
rose1996,озгондун жигити 89 жылкы июньда авариядан отуп кетти.артында аялы 1 кызы калды
0
MARAT.OZGON
2016-09-29 20:36:52
Ото каттууу машыктырат
+1
lolo.1
2016-09-30 11:19:58
Кайран Мирбек дагы деле ишенгим келбейт олгонуно.жапжаш туруп маркум Мирбек деп калышыбыз ото окунучту.адамгерчилиги бийик жигит эле
0
sanzhar83
2016-10-03 01:55:14
ошто баары билет айрыкча бизнеси бар адамдар, булар ким экенин. мен сунуштайт элем , депутаттар айрыкча куч органында иштеген адамдарга мыйзам менен чек койуш керек , спорт зал ачпасн деп . анткени алар спортчуларды оз жеке кызыкчылыгына , жеке байлыгынын арам жол кобойтууго гана жумшайт. бандиттер бизнеске аралашкан мамлекетте , эч качан эркин соода сатык, бизнес кылууга мумкун эмес, жана ошонун айынан олконун экономикасы оспойт , кэдэй улут бойдон кала беребиз. булардын пайдасынан зыяны гоп.
0
sanzhar83
2016-10-03 02:08:04
ошол спортсмендерге эскертуу; убагнда канжар к,К.колбаевдин, баямандын балдары ,оздорн кудай эсептеп жургон, бугнку кундо алар олп жок болду, калгандары калды, уй булосунон байлыгынан ажрап сызга батп отурат. эсинер барда этегинерди жыйып туура жолго тушкуло, болбосо эртен кеч болот, тагдырынар жогоркудай болот. бизде окмот туруксуз, тиги замминистр соссуз бийликтен тушору шексиз. анан коросунор. артынардан силерге окшогондор тушуп силерди жок кылат.
"азаптын тубу тозок" дд. соз
+1
bagira77
2016-11-20 21:42:52
Админ. Москвадагы кыргыз спорт клубдарынын шилтемесин берип койгулачы, табалбай жатам
0
№ 725, 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан