Жолболду Алыбаев, ырчы, обончу, дастанчы: "ЧОЛПОНУМДУ" БИРИНЧИ КЕЛИНЧЕГИМЕ АРНАП ЧЫГАРГАМ"

Жолболду Алыбаевди эл өзүнүн "Чолпонум", ошондой эле Барпынын "Өзгөчөм", "Мырзайым", Жеңижоктун "Көксулуу", "Балам жок" сыяктуу чыгармалары менен жакшы тааныйт. Кийинки жылы 70 жылдык юбилейин белгилегени турган ырчы, дастанчы эмдигиче колунан комузун түшүрбөй ырдап келет. Бул ирет агай бизге чыгармачылыгынын башаты, жеке жашоосу тууралуу сыр төктү.

КААРМАН ТУУРАЛУУ


Туулган жылы – 1947-жыл
Туулган жери – Өзгөн районунун 1-Май кыштагында туулган
Наамдары – Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти (1993), Эл артисти (2005)
Чыгармаларынын 3 жыйнагы жарык көргөн.
5 уул, 2 кызы, 14 небере, 1 чөбөрөсү бар.

"6 ЖАШЫМДА КОМУЗ ЧЕРТЧҮМҮН"

- Үйдө 3 бир тууган элек. Карындаштарымдын бири кайтыш болуп, азыр экөөбүз калдык. Апам Райла менен атам Парпи тоого мал багып кеткенде бизди таенем карап калчу. Ал киши кошок, жомокторду укмуш айткан, сөзгө чебер жан эле. Биздин айылдыктар четинен комузчу, ырчы болгондуктан алардын, таенемдин таасири тийип 5-6 жашымдан тарта комуз чертип, ырдай баштагам. Ырым кылып оозума түкүрүп, комузду үйрөткөн адам айылдагы Касым комузчу болду.
7-класстан баштап ыр чиймелей коюп жүрдүм. "Кыргызстан пионери" гезитине ырларым жарык көрүп, мен ошого шыктанып, акын болом деген максат койгом. Адабий китептер колумдан түшчү эмес. 9-классымда "Ичкилик жөнүндө терме" деген ырды жазып, аны менен райондук, облустук, республикалык кароо-сынакка чейин катышып, башкы орунду жеңип алдым.
10-класста окуп жүргөн кезимде Рыспай Абдыкадыровдун "Түгөйүм" деген ыры популярдуу болуп чыга келди. Мен баянды ойноону үйрөнүп, ошол ырды ырдап чыктым. Ошондон кийин акын болом деген максатымдан кайтып, обончу болом дегенге өттүм.
Кийин Оштогу педагогикалык институтунун музыка факультетине окууга кирсем Рыспай Абдыкадыров 2-курста окуйт экен. Анын таасиринен аккордеондо ойноп, Рыспайдын ырларын көбүрөөк ырдай баштадым. Эл мени "экинчи Рыспай" дешчү болду. Ошентип 25 жыл аккордеондо ойноп, обон чыгарып жүрдүм. Анан чыгармачылыгымды өзгөртөйүн деп кайра комузга өттүм. Анын үстүнө эл "өз жолуңду тап, Рыспайдын көлөкөсүндө калып калдың" дешти. Ойлонуп улуу акындардын ырларын, обондорун, ал эле эмес эл ичиндеги казал, терме ырларды, дастандарды алып чыктым. Өзүмдүн да көптөгөн чыгармаларым жаралды. Дастан, терме ырларымдын саны 50дөй. Элдик ырлардын 400дөйүн кайра иштеп жана ырдап чыгып, Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазып калтырдым. Аккордеон менен 100дөн ашык обон чыгаргам.

"ОРОЗАЙЫМДЫ 40 КҮН СҮЙЛӨШҮП АЛА КАЧКАМ"

- Мен 2-курс экенимде 1-курска Алайдан Орозайым деген сулуу кыз келип окуп калды. Таанышкандан соң байкасам оор басырыктуу, акылдуу, ыр-бийге да шыктуу экен. Жагып калды. Ал кезде үгүт бригада деген бар болчу. Таланттуу студенттерден топ түзүлүп, ал топ иштеп жаткан студенттерге барып концерт коёр эле. Мени ошол бригадага жетекчи кылып шайлашты. Топко Орозайымды кошуп алып, концерт коюп жүрдүк. 40 күн сүйлөшкөн соң ала качып кеттим. Үйдөгүлөр айылына ата-энесинин алдына барса аларды өздөрүнүн эмес, туугандарынын үйүнө киргизип, ошол жактан жөнөтүп жиберишет. Көрсө, аны үйүндөгүлөр апасынын туугандарына кудалап, жарым калыңын да алып коюшуптур. Ошого кызынын турмушка чыкканын элден жашырып жатышкан экен. Кудалап коюшканын Орозайым мага айткан эмес.
Ошентип жашап калдык, бирок апасы бизге катуу каршы болуп жүрдү. Бир уулдуу болдук эле, чарчап калды. Кийин кыздуу болдук, ал 5 ай жашаган соң чымчык болуп учуп кетти. Ошондон кийин апасы кызын алып кетип калды. Бир жыл өткөндө барып алып кетейин десем Орозайым өзү макул болгон жок.
"Чолпонумду" 1991-жылы жарыкка алып чыккам. Улам жазып, кайра оңдоп отуруп бир жыл дегенде бүтүп, анан обонун чыгаргам. "Чолпонум" деп атаганымдын себеби Орозайымдагы, дегеле кыргыз кыздарындагы мыкты сапаттарды топтоп, жуурулуштуруп Чолпон жылдызына салыштырып жана сүйүүнү даңктап берейин дегем.

"28 ЖЫЛ ЖАШАГАН СОҢ АЖЫРАШТЫК..."

- 1979-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында иштеп жүрүп, 3-курста окуган Венера деген кызга баш коштум. Эптеп үй-жай курап, 4 уул, 1 кыздуу болдук. Ал экөөбүз 28 жыл чогуу жашап, анан эки башка жолго түштүк. Себебин сен сураба, мен айтпай эле коёюн. Ажырашып жатканда Өзгөндөгү үйдү сатып, 1 уулума Оштон үй алып берип, ага "апаңарды жакшылап карагыла" дедим. Азыр балдардын баары үй-бүлөлүү. 3 уулум Ошто, бири Санкт-Петербургда жашайт. Кызым да бүлө күткөн. Баарын өзүм үйлөнтүп-жайланткам.
Тагдыр өз буйругун кылат экен, кийин азыркы аялым Бүсайрага баш байладым.

"ЖУБАЙЫМ "ЖОЛБОЛДУ" ДЕГЕН ООРУ МЕНЕН КӨПКӨ ООРУПТУР"

- Бүсайра көп жылдан бери мен иштеген ОшМУнун искусство факультетинде китепканачы болуп эмгектенет. Мунун мага турмушка чыгып калуусунун тарыхы мындайча: Токмоктон окуусун бүтүрүп, айылы Кара-Сөгөттө (Кара-Суу району) китепканачы болуп иштеп жүрөт. Ал кезде "Чолпонум" ырым популярдуу болуп жаткан кези экен. Ушул ырымды ал радиодон угуп, керемет чыгарма тура, муну ким ырдайт деп абдан кызыгып калат. Ошондон кийин менин ырларымды үзбөй угуп, "Жолболду" деген оору менен ооруй баштайт. "Кийин күйөөгө чыксам уулумдун атын Жолболду коём" дечү экен. 1993-жылы турмушка чыгып, уулдуу болуп, атын Жолболду коюптур. Бирок тагдыр жолдошу экөөнү эки жээкке сүрүп, ажырашып кетишет. Бир жолу Ошко келип мени менен таанышып калат. Анда мен Оштогу филармонияда иштечүмүн. Экинчи жубайым менен ажырашып жүргөн кезим болчу. 7 айдай тааныш болуп жүрүп, анан бир очоктон түтүн булатып, бир кыздуу болдук. Чогуу жашагандан көп өтпөй эле Жолболду уулубузду колубузга алганбыз. Ошентип бир үйдө эки Жолболду жашап калдык. Азыр ал 22 жашта, Москвада иштейт. Кызыбыз болсо 13тө. Бүсайра "бир үйдө эки Жолболду болуп калды, баланын атын өзгөртөлү" деди эле, мен "жөн кой, кийин өзүнчө тарых болуп калат" деп макул болгон жокмун. Экөөбүз баш кошкондон 6 айдан кийин жинди сууну таштадым. Ошо менен 20 жылдай ичпей, акыры биротоло токтотком.

Чыгармачылыктагы жакшы санаалаштары Шахра Талипова жана Арзыбек Бедияров менен.


Жубайы Бүсайра жана уулу Жолболду.


Канымжан Усупбекова
Сүрөттөр Жолболду Алыбаевдин өздүк архивинен алынды.
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Uzakova.Z.A
2016-09-26 16:53:59
Бар болунуз
+4
Nurkyz1977
2016-09-26 17:15:20
Ырларыныз эн мыкты бар болунуз доолотуу карылыкта омур сурунуз дагы да жакшы ырларды жаратып аман журунуз.
+3
satarovkubacom
2016-09-26 17:24:50
Жолболдулар десе,))
+4
Keremet008
2016-09-27 03:36:08
Оа Алайдан алган экен анан ошо Чолпонумду ырдап чыгып калганда эле азыркы абышкасы твны көтөруп талкалап ар жаны тынып калчу экен Жолболду агай азыр көөп барат Алайда достору да көп.
+3
bakyt_7
2016-09-28 12:22:26
Бар болунуз Жолблду ага. Путин сизге окшош экен учоонуз тушкон суротто
+3
Abdurahman
2016-09-30 11:36:28
bakyt_7,айтпа)))
0
Nasyrkg
2016-10-01 07:44:01
Ырларын кайдан тапсак болот я супер сулуу
0
№ 725, 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан