"Аппагым", "Кыздын сыры", "Бакытым" аттуу ырларды аткарган Айдана Дека элге аз да болсо таанылып калды. Кыргыз шоу дүйнөсүндө жаңы чыгып келе жаткан тал чыбыктай буралган көздүү мончок тууралуу билгиңиз келсе бул макаланы окуңуз.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1996-жыл, 5-октябрь
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 45 килограмм
Билими – Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын эстрада-вокал бөлүмүн аяктаган
Үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу, бойдок
– Салам, Айдана! Дека бул фамилияңдын кыскартылганыбы?
– Ооба, сахнага башкача болуп чыккым келген. Концерттерге жаңыдан катышып баштаганда Айдана болуп чыккам. Ырчыларды сахнадан, эфирден тааныштырганда атын, фамилиясын айтканын көрүп, мени чакырса бат эле өтүп кетчүдөй туюлду. Анан Деркембаева деген фамилиямды кыскартып Айдана Дека болуп алдым.
– Апаң дайыма жаныңда жүрөт. Чыгармачылыкка аралашканыңа анын салымы бар болсо керек?
– Апам Искусство институтун бүтүргөн. Ырчы болууга аябай кызыкчу экен. Бирок таенем менен атам каршы болуп ырдабай калыптыр.
11 жашымда телеканалдардын биринде "Волшебная страна" деген долбоорго катышкандан тартып ырчы болууга кызыгуум артты. Эл кол чапса, сахнага чыксам деген кыялдарым күчөй берди. Апам болсо "азыр кичинесиң, окушуң керек" деп бий ийримине катыштырып койгон. Ошентип "Береке" бий ансамблинде бийлеп концерттерге катышып, клиптерге тартыла баштадым. Ырчылардын артында бийлеп жатканда кошулуп ырдай берчүмүн. Сахнага чыкканда да "ушул ырчынын ордунда мен ырдасам, кыздар артымда бийлеп турса" деп кыялдана берер элем. Мектепти аяктагандан кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырдым.
– Аябай кыялкеч турбайсыңбы...
– Тааныштарыма "мен жеке концерт бергенде сахнага учуп чыгам, сахнаны мындай жасалгалайм" деген кыялдарды айтам. Алар "бизде андай шарт жок, сен чет элдик ырчыларды көрүп айтып жатасың" деп күлүп калышат. Фантазиям дагы күчтүү. Акылга сыйбаган нерселерди ойлоном.
– Кыргыз эстрадасында жаш ырчылар көп. Алардын арасында калбаш үчүн өзгөчөлөнөйүн дейсиңби?
– Чыгармачылыкка жаңыдан аралашып баштаганда мындай кийинем, тигинтип ырдайм дечүмүн. Бирок мен ойлогон нерселер менталитетибизге туура келбегендиктен эже-агаларыбыздай эле болууну туура көрдүм. Бир эле өзгөчөлүгүм – ободок тагынганым. Клиптеримдин баарына кулактары бар ободок тагынып тартылгам. "Өзүнүн кулактары жетишпей жатабы?" деп сындагандар болгон. Элге таанылгандан кийин сын сөзсүз болот тура. "Баарына жаккыдай доллар белем" демекчи, көпчүлүктүн купулуна толуу кыйын. Апам "өзүңө жакса болду, эл айтып-айтып көнөт" деди. Чын эле азыр бул тууралуу сын деле укпайм. Тескерисинче, күйөрман кыздарым бизге белек кылыңызчы деп суранышат. Башында коллекция кылып чогултсамбы дегем. Бирок күйөрмандарымдын жылуу пикирлерине эрип, баарын белек кылып койдум.
– Кийинүү стилиң өзгөчө, стилист менен иштешесиңби?
– Кийимди өзүм тандайм. Базардан, дүкөндөн жаккан буюмумду сатып ала берем. Инстаграмдан да биздин кийимди кийип сүрөткө түшүп бериңиз деп сунушташат. Андайда өзүмө жаккан кийимди алып, дүкөндү жарнамалап берем.
– Сахнада эле жаркылдап жүрөт десе, жашоодо деле шайыр окшойсуң?
– Кайгылуу ыр ырдап, бирөөнүн маанайын түшүргүм келбейт. Мени көргөндө, ырымды укканда элдин маанайы көтөрүлсө деп ойлойм.
– Сени пластикалык операция жасаткан дешет...
– Өспүрүм кезде жакпаган жерлериме пластикалык операция жасатам дечүмүн. Андайда атам "Жараткан берген өң келбетке ыраазы болуу керек. Жакшынакай эле болуп турасың" деп акылын айтчу. Азыр чоңойдум. Андай ойлор жок. Кээде кыздар эриндериме операция жасатам десе кызыгып кетем. Бирок жасатпайм го, ал нерсе күнөө экенин билем.
– Аваз Акимов экөөңөрдү кыз-жигит дешет. Ачык жооп бересиңби?
– Аваз байке мага "жеке концертимди берип жатам, мени менен ырдабайсыңбы" деп сунуштады. Апама айтсам макул болуп "Аппагым" аттуу ырды экөөбүз дуэт аткардык. Тааныштарыбыз "жакшы чыгарма болду, клип тартпайсыңарбы" дей беришкенинен клип тарттырдык. Андан кийин эле экөөбүздү сүйлөштүрүп салышты. "Кыз-жигитсиңерби?" деп сурашкандарга "ооба" деп коёбуз. "Сүйлөшпөй калган турбайсыңарбы?" десе дагы "ии" деп жооп беребиз. Аваз байкени бир тууган агамдай эле көрөм. Анткени ал менин агам Канат Деркембаев менен дос.
– Байкең дагы ырдап жүрчү эле, үй-бүлөң тууралуу да айтып өтсөң?
– Байкем Канат Деркембаев 2007-жылдары ырдап чыккан. Кийин үйлөнүп, бул чөйрөдөн оолактап кетти. Апам мен ырдап жатканда өзүн сахнада жүргөндөй элестетет экен. Апамдын сахнага чыгам деген кыялын ишке ашырып жатканыма кубанам. Атам чыгармачылыгымды колдойт. Иним болсо ырдаганга кызыкпайт.
Султан Төрөбеков
star@super.kg