«Style Mix» триосунун ырчылары Адилет менен Илима: "БАКЫТ ТЫНЧТЫКТЫ СҮЙӨТ ДЕП МАМИЛЕБИЗДИ ЖАШЫРДЫК"

«Style Mix» триосунун жигиттери бизге берген маегинде "Илиманы ырдата турган адамга турмушка беребиз" деп айтышкан болчу. Сөздөрү куру чыкпай, 21-сентябрь күнү топтун ырчысы Адилет Эркинбек уулу кыргыздын каадасы менен Илима Дуйшеналиеваны ата-энесинин колунан алып кетти. Буга чейин Адилет менен Илиманын ортосунда сезимдер бар экенин жазып келгенбиз. Эки ырчы көпкө сыр тутуп жүргөн сүйүү мамилесин ачыктап, бул күздө баш кошууну чечишиптир. Күздүн жагымдуу жаңылыгынын каармандары мамилелери кантип тойго жеткени тууралуу айтып беришти.

– Куш боо бек болсун, Адилет, Илима! Экөөңөрдүн баш кошконуңар көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду окшойт...

Адилет:
– Рахмат. Биздин үйлөнгөнүбүз айрымдар үчүн күтүүсүз болушу мүмкүн, бирок жакындарыбыз мамилебиз тууралуу билишчү. Илима экөөбүз 3 жылдан бери кыз-жигит болуп жүргөнбүз. Мамилебиз топко келгенден кийин башталды. Адам дайыма жаныңда жүрсө жакшы да, жаман да сапаттарын билип калат эмессиңби. Мен Илиманы көрүп, байкаштырып жүрүп эле жактырып калдым. Эмнегедир башынан эле ичимден Илиманы жубайым катары элестетчүмүн. Үйлөнүү тууралуу планды жыл башынан бери оюбузда бышырып жүргөнбүз, Кудай буюруп, ушул күнү кол кармашып отурабыз.

– Мамилеңерди көпкө чейин ачыктабай, жашырып жүрдүңөр, мунун себеби эмнеде?

Илима:
– Анткени бакыт тынчтыкты сүйөт. Сезимдерибизди эч ким билбесе барктуу, бекемирээк болот деген тыянакка келгенбиз. Себеби ар кандай окуя болуп кетиши мүмкүн, кыз-жигит кезде урушат-табышат, мамиле тойго жетеби, жетпей калабы деген ойлор болот. Ошондой окуялардын баарын алдын алып, мамилебизди жашырууну туура көрдүк. Мен бул нерсени туура деп эсептейм.
А.: – Экөөбүздүн кыз-жигит экенибизди жакындарыбыз эле билишчү. Алар биздин мамиленин сакталышына чоң мүмкүнчүлүк түздү, колдоо көрсөтүштү. Кыз узатуу тоюнда Талас күйөө жолдоштук милдетти, ал эми Илиманын курбусунун милдетин ырчы Назгүл Токтакунова татыктуу аткарып беришти.

– Өзүңөрдүн үй-бүлөңөр тууралуу да айта кетсеңер?

И.:
– Адилет үй-бүлөдө 5 бир туугандын ортончусу, жалгыз эркек. Мен кайын журтумдун жалгыз келини болуп калдым. Үй-бүлөдө мен да 5 бир тууганмын, Адилет биздин үй-бүлөнүн эң кичүү күйөө баласы болду. Кыз узатуу тоюнан кийин эле экөөбүз Адилеттин кичи мекени Балыкчы шаарына келгенбиз. Буюрса, заманбап тоюбуз жакында болот.

– Келин катары кызмат кыла баштадыңбы?

И.:
– Жок, биз Балыкчыга кечээ эле келдик. Учурда көшөгөдө жоолук салынып отурам. Кайненем "менин жалгыз келинимсиң, сени кызымдай көрөм, 3 күн көшөгөдөн чыкпай отурасың" деп эркелетип жатат.

– Чыгармачылыкты мындан ары топто улантасыңарбы же Урмат, Неля сыяктуу Кыргызстандын белгилүү түгөйлөрүнүн катарын толуктайлы деп жатасыңарбы?

А.: – Жок, биз башынан эле топто чогуу ырдайбыз деп сүйлөшкөнбүз. Андыктан ал келишимди бузууга азыр кажет жок. Илима экөөбүз тең чыгармачылыгыбызды «Style Mix» триосунда улантабыз.

– Адилет, Илиманын кайсы сапаттарын бааладың?

А.:
– Сезимдер сөз менен жеткире алгыс болот эмеспи. Адатта ырчылар сезимдерин ыр аркылуу билдиришет. Илима бардык тарабынан төп келишкен кыз. Үнү, таланты, адамгерчилик сапаты бийик. Негизи адамдар бири-биринен идеалдуулукту издебей, жакшы, жаман сапаттары менен кошо сүйгөн оң. Мен Илиманы кандай болсо, ошондой жакшы көрөм.

"Назгүл Токтакунованы сахналаш курбу эжем катары көрөм".


"Сүйүү мамилебиз топко келгенден кийин башталган".


"Экөөбүздүн кыз-жигит экенибизди жакындарыбыз эле билишчү".


Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Supsuluu
2016-09-26 13:14:54
Мен Илима менен Назгулду бир тууган деп ойлоп жургом да...
Бактылуу болушсун!
0
Alixan-Nookat.2015
2016-09-26 13:15:16
Бактылуу болгула!
+1
Musulmanka.
2016-09-26 14:15:31
Экоо окшош экен)) Аллхым эки дуйно бактылуулукту насип эткен болсун!
+3
airus879015
2016-09-26 16:50:09
Бактылууу болгулаа!!! Кармашкан колунар узулбосун.
+2
aitieva00
2016-09-26 18:13:09
Бактылуу болунуздар!Мен Талас менен Адилет байкени алмаштырып алган турбаймынбы
+2
Nurkyz1977
2016-09-26 18:48:46
Суйунучунор туболук болсун.
+1
Aksy-13
2016-09-27 00:13:14
Жакшы кабар бактылуу болгула
+1
Nazaraliva.begaiym
2016-09-27 12:17:26
Илима Супер-Инфого берген бир маегинде " топто Адилет экөөбүздү кыз-жигит дегендер адашат" дегенин окудум эле. Аллахым бакыт берсин.
0
aseras
2016-09-27 13:28:17
Эки сарышкалар подружка турбайбы))бактылуу болгула.
+3
Sajakat14
2016-09-27 16:03:25
Ооба бакыт тынчтыкты сүйөт!М:Жакшы жумушка орношкондо деле аны элдин баарына жайып салсаң жаңы эле орношуп жатып, анан бат эле кайра жумуштан чыгып калсаң, анда ойлонуш керек.Кээ бир адамдар баарын эле элге жайып айта берет жашоосундагы болуп жаткандын баарын. Жакшылыкты дагы багып, өзүңө сактап калууну дагы билиш керек. Бул жерде өздүк жашоо болуп жаткандан кийин албетте көздүн карегиндей сакташ керек. Элдин сөзү менен көзү болот дегендей. Мысли и слова материальны.Туура кылышат элге жайбаганы.
+2
Sajakat14
2016-09-27 16:06:21
Назгүл сулуу кызыбыз эми турмушка чыгып бактылуу болсун! Жаратканым үлпөт тойду, жакшы күйөөнү Назгулгө дагы буйрусун!Талантуу, үнү жагат Назгулдүн мага. Өзү дагы жөнөкөй! Илима болсо бул трионун жылдызы. Илимасыз бул группа тузу жок тамактай болуп калат.
+3
Gul.08
2016-09-27 18:11:45
Бактылуу болушсун
+2
aydoshka7171
2016-09-27 22:50:55
Сонун парочкалар
0
altynbek_canto
2016-09-28 02:10:12
Сүйүү жашка карабайт дейт, бактылуу болгула.
0
belka
2016-09-30 20:21:06
Бактылуу болгула!
0
№ 725, 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан