ОРУСИЯНЫН СЕКСУАЛДУУ АЙЫМЫ ЕЛЕНА ТЕМНИКОВА

Елена Темникованы "Серебро" тобунда негизги ырчы катары таанып келгенбиз. Топтун көркүн ачкан, элдин сүймөнчүлүгүнө татыган ырчы кеткенден кийин аталган топ эч кандай ийгиликтерди багынтып, баштагыдай популярдуу боло алган жок. Ал эми Елена чыгармачылыгын улантуу менен бирге турмушка чыгып, кыздуу болгонго да жетишти.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Аты-жөнү – Елена Владимировна Темникова
Туулган жылы, күнү – 1985-жыл, 18-апрель
Туулган жери – Орусиянын Курган шаары
Кесиби – Ырчы, телеалпаруучу
Салмагы – 55 килограмм
Бою – 1метр 64 сантиметр
"Серебро" тобунда – "Дыши", "Опиум", "Скажи, не молчи", "Мама Люба" сыяктуу хит ырлардын негизги аткаруучусу
Жеке ырчы катары – "Навстречу", "Наверно", "Ревность", "Импульсы" жана башка ырлары белгилүү.

МАТЕМАТИКА МУГАЛИМИ БОЛУУНУ КЫЯЛДАНЧУ

Елена карапайым үй-бүлөдө төрөлгөн. Атасы айдоочу, апасы нан бышыруучу заводдо иштеп жөнөкөй турмуш кечиришкени менен, эки кызына тең татыктуу тарбия бергенге аракет кылышчу. "Лена төрөлгөндө мен 7 жашта элем. Апам аны төрөт үйүнөн алып келгенде кызыл эт, арык, анан ыйлаак болчу. Бирок кийин жакшы көрүп кеттим",- деп эскерет ырчынын балалыгын эжеси Наталья. Кыздай болуп куурчакка кызыкпаган Лена атасынын балкасы менен дубалга мык кагып ойногондон ырахат алчу. Келечектеги жылдыз мектепте так илимдерге кызыгып, математика мугалими болууну кыялданчу. Бирок жаш кыздын таланты ташкындап тургандыктан 10 жашында музыка менен алектенип, ырчылыкка болгон чыйыры башталган. 2002-жылы Орусиянын аймактары арасында өткөн музыкалык сынакка катышып, Москвага чейин келип баш байгени багындырат.

ЕЛЕНАНЫН ТОПТОН КЕТИШИ ТАЛКУУ ЖАРАТКАН

2003-жылы Москвага окууга тапшырганы келген Елена "Фабрика звёзд" долбоорунун 2-сезонунун жарыясын окуп калып, кастингге келет. Эсиңиздерде болсо, Темникова ал долбоордон 3-орунду багындырган. "Фабрика звёзд" аяктаганы менен продюсер Максим Фадеев Еленаны колдон чыгарбай, чогуу иштешүүнү сунуштайт. 2006-жылы Максим Фадеев "Серебро" тобун түзүүнү чечет. Ай чырайлуу үч кыздан турган "Серебро" тобуна эч ойлонбостон биринчилерден болуп Ленаны кабыл алган. Андан көп өтпөй эле 2007-жылы топ Орусиянын атынан "Евровидение" эл аралык музыкалык сынагына катышып, 3-орунга жетишет. Ошондон тартып бул топтун деңгээли көтөрүлө баштайт.
Башында жөнөкөй гана кара көйнөктөрдү кийип чыккан кыздар бара-бара клиптеринде, концерттерде ачык кийинип, чуулуу топко айланат да, элдин назарына илинет. Аны кийин Темникова "бул продюсерибиздин ойлоп тапканы болчу. Бул бизнес. Ачык кийинген кыздар элди кызыктырат деп айткан" деп ачыктаган. Топ атактуулуктун чокусунда турган кезде, 2009-жылы, "Елена топтон кетет" деген кеп тарайт. Ырчынын топтон кетүүсүн айрымдар ден соолугуна байланыштырса, башкалар топтун продюсери Максим Фадеевдин бир тууган агасы Артём Фадеев менен болгон сүйүү романы себеп болгон деп айтып чыгышат. Топтон кеткенден кийин Елена "Артём менен эч кандай сүйүү мамилем болгон эмес, бул продюсеримдин пиары" деген.
Бирок Лена 5 жылдан кийин гана "Серебро" тобунан кетет. Бул окуя коомчулуктун көңүлүн буруп, ырчы келишимди мөөнөтүнөн эрте бузгандыгы үчүн продюсерине миллиондогон каражат төлөөгө туура келген. Ошентсе да продюсери Еленага бут тосуп жүргөнү айтылып келет.
Елена учурда жеке ырчы катары ийгиликтүү эмгектенип келет. Анын "Импульсы" чыгармасы учурдун хити болуп, күйөрмандарынын купулуна толууда. Андан сырткары ырчы өзүнүн аксессуарлар коллекциясын да чыгарат.

ЖОЛДОШУН ЭЛГЕ ЧЫГАРУУНУ КААЛАБАЙТ

Еленанын жеке жашоосуна келсек, баары эле чыгармачылыгына байланыштуу. Алгачкы ачыкка чыгарган сүйүүсү "Фабрика звёзд" долбоорунун катышуучусу Алексей Семёнов болгон. Кызыгы, түгөйлөр никесин каттоого майка, жынсы шым кийип барышкан. Экөө баш кошушкандан кийин Алексей Киевде, Лена Москвада жашап калышат. Алыстык себеп болдубу же башкабы, айтор, экөө 6 жылдан соң ажырашкан. Ага удаа эле ырчы цирк артисти Эдгард Запашный менен кыска роман курганга жетишет. Экөөнүн мамилесинин токтошун Лена иш графиктеринин дал келбеши менен түшүндүргөн. Бирок "MAXIM" журналынын версиясы боюнча "Өлкөнүн эң сексуалдуу 100 айымынын" сап башында турган ырчы жалгыз калган жок. Анткени 2 жыл мурун Лена азыркы жолдошу Дмитрий менен Сочи шаарында таанышкан. Европада көп жылдан бери жашап келген ишкер жигит ырчы айымга ашык болуп бир көрүү үчүн учуп келет да, ошону менен Еленанын да жүрөгүн багындырууга жетишет. Эки жаш 2014-жылы баш кошуп, кыздуу болушкан. Биринчи турмушу бузулуп, экинчи бактыма көз тиет деп чочулаган ырчы жолдошу тууралуу маалыматты сыр тутканга аракет кылат. Ошентсе да "Жолдошума жолукканга чейин өзүмдү күчтүү сезип, өзүмчүл элем. 30 жашымда чыныгы мырзаны жолуктуруп, назик аялзаты экенимди сезип турам",- дегени бар.

"Мен тартынчаак кыз болгондуктан топко келгенде ачык кийимге көнбөй кыйналгам. Продюсерибиз болсо дайыма сексуалдуу кыздар кызыгууну жаратат дечү".


"Жолдошум Дима чыгармачылыкта жана жашоодо эргүү тартуулоочу адамым".


"Артём менен эч кандай сүйүү мамилем болгон эмес, бул продюсеримдин ойлоп тапкан пиары".


Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 725, 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан