Белгилүү куудул Токторбек Бекбоев жубайы Жаңыл Бекбоева менен ажырашып, жаңы үй-бүлө куруп жашап жатканын ачыктап маек куруп берди. 50 жашка чыкканда сүйүүгө кабылган куудул "азыр мен бактылуумун, 2 кызыма эне боло турган жар таптым" дейт.
– Токторбек мырза, куш боо бек болсун!
– Рахмат. Жашоодо өйдө-ылдый болот экен, 5 жыл келинчеги жок жашадым. Эркек кишиге жалгыз жүргөн оор экен. Анын үстүнө кыздарым бойго жетип, "биз турмушка чыксак сизди ким карайт? Апам сиз менен жашагысы келбегенден кийин өзүңүзгө жакшы жар таап алыңыз" дешти. Жаңыл экөөбүз расмий түрдө ажырашып, көңүлүмө жаккан жар таап, үйлөнгөнүмө 3 ай болуп калды.
– Жубайыңыз менен каяктан таанышып калдыңыз?
– Менин мурунку жашоомду түшүнгөн жар издеп жүрдүм. Буйрук экен, аны тойдон кезиктирдим. Тойдо тамада болуп, жегиле-ичкиле деп тейлеп жүргөм. Ал келин болсо "мен дин жолундамын" деп койду. Ошол жерден сөздөн сөз уланып, жакшы сүйлөшүп калдык. Ал кишинин жашоосу да меникине окшош экен. Жылдызыбыз келишип, көңүлүмө жаккандыктан жакшы көргөн адамымды таптым окшойт деген ой келди. Аны жолугушууга чакырып бир аз кыз-жигиттей сүйлөшүп жүрдүк, киного барып дегендей (күлүп). Кийин мен кыздарым, ал уулдары менен кеңешти. Балдары туура кабыл алышты, анткени апасынын бактылуу болушун каалашат да. Алар менен таанышып, акылдашып анан үйлөндүк.
– Жубайыңыз жөнүндө айта кетсеңиз...
– Жубайымдын жерлиги Баткенден, менден 2 жаш кичүү, токтолуп калган адам. Кесиби боюнча дарыгер, учурда чакан ишкерлик менен алектенет. 3 уулу бар. Менин кыздарым ага кыз болуп, мен анын балдарына ата болдум. Аны сүйүп алдым, ал дагы мени жакшы көрөт. Бүт баары жакшы, бири-бирибизден эч нерсе талап кылбайбыз. 50 жаштан өттүк, эң башкысы жетелешип, балдарыбыздын сый-урматын көрүп, жакшы жашап өтүшүбүз керек деп турабыз.
– 50 жашка чыкканда да сүйүү сезими келет экен да, ээ?
– 50гө чыкканда "ещё как" сүйүү келет экен, жүрөк карыбайт тура. Жаш кезимде мындай сүйүүгө кабылган эмесмин. Азыр мен бактылуумун. Биринчи никемде сүйүү болгондо аягы ажырашуу менен бүтпөсө керек. Негизи ажырашайын деген оюм жок болчу. Мен аны сабап же көзүнө чөп салган эмесмин.
Өз алдынча жашаганды каалап, Москвага кетип калды.
– Кеп нугун чыгармачылыкка буралы. Сизди сахнадан такыр көрбөй калдык...
– Чоң сахнага көптөн бери чыга элекмин. Бегимай "ата, чарчадыңыз, гастролдогон сизге кыйын болуп калат экен. Мен эле ырдап турайын" деген. Бирок мурунку репертуарымды жаңылап, элге көрсөтүү ниетим бар. Бала кезимден бери чыгармачылыкта жүргөндүктөн андан башка колумдан келбейт. Ошондуктан тойлордо тамадалык кылып, ырдайм. Операторлукту да үйрөнүп алгам, тойлорду тартып, видеосун монтаждап иштеп жүрөм.
– Маегиңизге рахмат, бактылуу болуңуздар!
Динара Абдыкадырова
Алишер Алиев
star@super.kg