АТАЛАР КЕРЭЭЗИ

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Кыргыз айылында туулуп-өскөн Айдар аттуу журналист жигит билимин өркүндөтүү үчүн Парижге барып, ошол жакта иштеп калат. Ал эле эмес, Парижден сүйүүсүн да табат. Күндөрдүн биринде сүйгөнү Изабелди ата-энесине тааныштыруу үчүн айылына жөнөйт. Бирок, мындай кадам шилтөө кыйынга турат. Анткени, бөтөн элдин кызына үйлөнүү бүтүндөй уруунун бетине көө жабуу менен барабар эле. Ата-энесинин каршы чыгаарын билген Айдар үйүнө келгенде аларга Изабелди "Кесиптешим болот. Бул жактан материал чогултканы келди" деп кокусунан калп айтып жиберет. Тилди түшүнбөгөн Изабель болсо "Мени Айдардын ата-энеси кабыл алды" деп ойлойт. Бирок, акырында Айдар бардык чындыкты атасына айтканга туура келет. Өзү ойлогондой эле Айдардын бул кылыгына атасы караманча каршы болуп, "кызды кетир" деген талап коё баштайт. Фильмдин аягында Айдар менен Изабелдин чыныгы мамилеси атасына эле эмес, үйбүлөсүнө, алтургай, бүтүндөй айылга билинет. Бирок, тууган-уругунун каршы болгонуна карабай, эки жаш тоскоолдуктардын баарын жеңип чыгышат. Ошентип, "Аталар керээзинде" салттан да жогору турган сүйүү даңазаланат.

(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 183, 5-11-май, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан