SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

15-сентябрь:

АТАМБАЕВ ӨЗ ЮБИЛЕЙИНЕ ХАН САРАЙ САЛДЫ

Бүгүн «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев коомчулуктун көңүлүн президент Алмазбек Атамбаевдин хан сарайына бурду. Эми бул турак жайдын айланасында ар түрдүү кептер көп убакыт бою айтылары бышык. Текебаевдин бул маселени көтөргөнүн КСДПнын ага каршы аракеттерине жообу деп бааласа болот. Анткени бүгүнкү парламент жыйынында социал-демократтар Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандар менен тирешти курчутуп жатканы байкалды. Бүгүнкү чабуулду КСДПчылар Мээрбек Мискенбаев менен Анвар Артыков жасоого аракет жасашты. Мискенбаев өз сөзүндө Текебаевдин моюнуна мародёрлукту илүүгө аракеттенди. «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевге, фракция лидерлерине каршы пикирлерди айтып, акарат келтирип жатат. Эл мародёрлук десе эле Текебаевди элестетип калды»,- деди Мискенбаев. Ал эми Анвар Артыков Мискенбаевден алыс кеткен жок. «Көрө албастар жана мародёрлуктан пайда табууну көздөгөндөр Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып жатышат»,- деди ал. Бул айыптоолор Жогорку Кеңештин жыйынынын «Ар түрдүү маселелер» бөлүгүндө айтылды. «Ар түрдүү маселелер» учурунда депутаттарга элдин көйгөйлөрүн көтөрүп, өкмөткө тапшырмаларды берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок КСДПчылар өздөрү үчүн эмне маанилүү экенин көрсөтүп коюшту: элдин көйгөйүбү же жеке кызыкчылыктарыбы.
Өмүрбек Текебаев атайын маалымат жыйынын уюштуруп, Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайы үчүн жер тилке кандай жол менен алынганы тууралуу расмий тактала элек маалымат менен коомчулукту тааныштырды. Анын айтымында, Атамбаев ошол жерди учурдагы Бишкектин мэри Албек Ибраимовдон алган. КСДПнын лидери Иса Өмүркулов бул маалыматты ырастады. «Атамбаев жерди Ибраимовдордун үй-бүлөсүнөн мыйзамдуу түрдө сатып алган. Жердин аянты 2,5 гектар. Белекке алган деп түздөн-түз каралап жатат. Атамбаев акчага сатып алган»,- деп жооп берди Бишкекти 2010-2013-жылдары башкарган Өмүркулов.

16-сентябрь:
«АТА МЕКЕНДИ» ЧЫГАРУУ ҮЧҮН КСДП ӨЗҮ ТҮЗГӨН КОАЛИЦИЯНЫ УРАТУУГА БАРАБЫ?

«Бүгүн КСДП фракциясы Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынан чыгат» деген жоромолдор Ак үйдө активдүү жүрүп жатты. Альянстын жоюлушунан кийинки сценарийи кандай болору да айтылды. «Жаңы коалицияны түзүү мандатын президент КСДПнын лидери Иса Өмүркуловго берет. Альянска КСДП, «Кыргызстан», «Республика-Ата Журт» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары кирери күтүлүүдө»,- дешти Ак үйдөн. «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» демекчи, мындай жоромолдордун чыгышына негиз бар. Бийлик коалицияны жоюп, бир ок менен эки коёнду атууну көздөп жатышы мүмкүн: «Ата Мекенди» коалициялык көпчүлүктөн чыгарып, социалисттерди мамлекеттик кызматтарга өз адамдарын дайындоого мүмкүнчүлүксүз калтырат. Буга чейин кыска мөөнөттүн ичинде «Ата Мекендин» квоталары менен мамлекеттик мекемелерде иштеп жаткан кызматкерлер кызматтарынан бошотулган эле. Учурда «ата мекенчилер» өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиев жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев өкмөттүн курамында иштеп жатышат. Айта кетсек, Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы 4 фракциядан турат: КСДП (38 депутат), «Ата Мекен» (11), «Кыргызстан» (18) жана «Өнүгүү-Прогресс» (13). Ал эми «Республика-Ата Журт» (28) менен «Бир бол» (12) парламенттик оппозицияда. Балким, КСДП кийинки жумага чейин фракциялар менен министрлик креслолор үчүн соодалашууларды жүргүзүп бүтүп, альянстан чыгууну жарыялайт...

19-сентябрь:
БИШКЕК МЭРИ ЖЕРДИ МЫЙЗАМДУУ АЛЫП, ПРЕЗИДЕНТКЕ МЫЙЗАМДУУ САТКАНЫН ДАЛИЛДЕЙ АЛБАЙ УБАРА

Бүгүн Өмүрбек Текебаев маалымат жыйын өткөрүп, учурда түзүлүп жаткан саясий кырдаал тууралуу пикири менен бөлүштү. Анда башкы «ата мекенчи» 2010-жылы Алмазбек Атамбаевдин өзбек диаспорасынын өкүлдөрү менен өткөн жолугушуулары тууралуу кеп козгоду. Эл өкүлүнүн айтымында, өзбек диаспорасынын өкүлдөрү Убактылуу өкмөттүн жетекчилиги менен мамлекеттик имаратта расмий жолугушкан. «Андан соң аларды Алмазбек Атамбаев 5-июнда «Форум» имаратына жолугушууга келгиле деп чакырган. Эмне үчүн Башкы прокуратура бул жагдайды иликтебейт?»- деп суроо салды Текебаев. Депутат Алмазбек Атамбаев Кадыржан Батыровдун сунушу менен бир катар адамдарды кызматка койгонун Жалал-Абаддын экс-губернатору Бектур Асанов билерин айтты. Ошондой эле Текебаев Атамбаевдин Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылына салдырып жаткан хан сарайынын жер тилкеси боюнча да токтолду. Эске салсак, эл өкүлү бул жер тилкеге убагында Максим Бакиев ээлик кылып турганын ачыкка чыгарган. Мына ошол жер тилкени президентке 33 миллион сомго саткан Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун жубайы салык катары 700 миң сомдун тегерегинде төлөшү керек. Бирок салык төлөгөнү жөнүндөгү маалымдаманы коомчулук бир аптадан бери күтүп жатат. Эгерде жер тилкенин сатылганы мыйзамдуу болсо, бардык процесс таза жүрсө, эмне үчүн салык төлөнгөн деген документти көргөзүү кыйынчылык жаратууда?

20-сентябрь:
1-ОКТЯБРГА ЧЕЙИН ТАЙМ-АУТ

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди эс-учун жоготкон абалда «Тез жардам» кызматы Түркиянын Стамбул шаарындагы «Ататүрк» аэропортунан алып кеткени тууралуу видео интернетке тарады. Видеону «Хаберлер» маалымат агенттиги чыгарды. Кечээ, 19-сентябрдын түнүндө президенттик аппараттын басма сөз кызматы Алмазбек Атамбаевдин жүрөк оорусу кармап, Түркияда ооруканага жаткырылганын кабарлаган. Расмий маалыматтарга караганда, учурда ажонун абалы канааттандырарлык, бирок медициналык кароодон өтүү талап кылынат. Буга байланыштуу өлкө президенти кыска мөөнөттүк эмгек өргүүсүнө чыкканы кабарланды. Азырынча 1-октябрга чейин деген маалымат таратылды, андан аркысы белгисиз.
Алмазбек Атамбаевдин мындай абалы пландалып жаткан айрым иштерди убактылуу токтото турууга алып келиши мүмкүн. Мисалы, кечээ коомдук ишмер Эдил Байсалов тараткан маалыматтар боюнча. 2010-жылы Убактылуу өкмөттө аппарат башчылык кызматын аркалаган Эдил Байсалов кыргыз чекисттери бийликти катуу сынга алып жаткан Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүн 2010-жылдагы Июнь каргашасы боюнча жасалма көрсөтмөлөр менен айыптап, камакка алууга кам көрүп жаткандыгы тууралуу маалыматы бардыгын жарыялаган. Байсалов «Фергана.ру» агенттиги жазган маалымат боюнча Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүп, иликтөөнү суранган. «Фергана.ру» агенттиги Кыргыз улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын аттуу-баштуу кызматкерлери өлкөдөгү өзбек коомчулугунун активисттерин Июнь каргашасы боюнча Роза Отунбаевага каршы көрсөтмө берүүгө көндүрүүгө аракет кылып жатышканын жазып чыккан. Атүгүл ушул максат менен УКМКнын чекисттер тобу сентябрдын башында экс-депутат Бөрүбай Жураевди кошуп алып Ташкентке барып, Кыргызстандык өзбектер коомчулугунун активисттери, Июнь окуясына айыпталып, сыртынан соттолгон Каромат Абдуллаева, Иномжон Абдирасулов, Жалалиддин Салахутдинов жана башкалар менен жолугушууларды өткөргөнүн жазган. Эдил Байсалов аталган басылма жөнү жок нерселерди жаза бербесин айтып, «бул маалыматтардын чын-бышыгын депутаттык комиссия иликтеп чыгышы керек, ал үчүн депутаттык комиссия түзүлүшүн суранам» дейт. Өмүрбек Текебаев болсо өзүнүн артынан 5 машинада бейтааныш адамдар аңдууга алып жүргөнүн жарыялады. Өмүрбек Текебаев менен Эдил Байсаловдун кайрылуусун талкууга алуу керектигин депутат Чолпон Жакупова сунуштап чыкты. Депутат айымдын бул сунушуна КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун жообу таң калтырды. «Ар бир билдирүү боюнча эле комиссия түзүү биздин милдет эмес. Президент прокуратурага тапшырма берди, текшерип чыгышсын»,- деди Өмүркулов. Кечээ маалымат жыйынында Эдил Байсалов: «Фергана.ру» дайыма тыкыр текшерүүдөн өткөн маалыматтарды жарыялайт, УКМКнын аракеттери тууралуу маалыматты Жогорку Кеңеш бүгүндөн калбай депутаттык комиссия түзүп иликтеп чыгышы керек. Иликтөөнү УКМКга же прокуратурага тапшыруунун мааниси жок. Алмаз Шаршенович, Фарид Абилезимович, биз сиздердин прокуратураңыздарга, мамлекеттин эмес, Атамбаевдин коопсуздугун коргоо комитетине ишенбейбиз»,- деген. УКМК «бул Эдил Байсаловдун оорулуу фантазиясы» деген кыска төгүндөө менен чектелди, бирок коомчулукта суроо ачык бойдон калды. Эдил Байсаловдун сөзүн оорулуу фантазия десек, «Фергана.ру» басылмасы жазып чыккан маалыматты эмне дейбиз? Аны да басылманын фантазиясы дейбизби? Бул басылма жөнү жок маалыматтарды жарыялай бербесине жакында гана жалпыбыз күбө болгон жок белек? Ислам Каримов каза тапкандыгын бул басылма 29-август күнү жазып чыккан. Ал маалымат чындык болуп чыкпадыбы...

21-сентябрь:
КЫРГЫЗ ЭЛИ ТҮРКИЯДАН БАШКАРЫЛУУДА

Президент Алмазбек Атамбаев ооруп Түркияда жатканына карабай Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн долбоору менен таанышып чыгып аны жактырды. Ошондой эле Жогорку Кеңешти мыйзамды референдумга чыгарууну колдоого чакырды. Бул тууралуу 21-сентябрда президенттик аппараттан билдиришти.
Алмазбек Атамбаев «6 жыл бою элибиз Конституцияга оңдоо киргизүү зарылдыгын талкуулап келди, дээрлик эки ай коомчулук аталган мыйзам долбоорун талкуулады. Анын жыйынтыгында көптөгөн өзгөртүүлөр киргизилди» дейт. Президент кайсы коомдук талкууларды айтып жатканы түшүнүксүз. Көз карандысыз эксперттер, 2010-жылы убадалангандай Баш мыйзамга 2020-жылга чейин кол тийгизбөө керек деген саясатчылар Конституцияны өзгөртүү эмнеге алып келеринен элдин көбү кабардар эмес экенин айтып жатышат. Элдин пикири менен эсептешпей мыйзамды өзгөртүү – чоң жаңылыштык деген ойдогу блоггер Даниел Кадырбеков: «Күчтүү мамлекетти демократиянын жардамысыз түзүүгө болот» деген риториканы ээрчип, биздин президент жана анын администрациясы ишенимдүү түрдө тузакка бара жатат»,- деп жазды. Андыктан, президенттин «талкуулар укмуш болду» деген пикирин бөлүшчүлөр көп болору күмөн.
Ошентип, президент «мураскер операциясы» болбой турганын жана Конституцияны өзгөртүү оюнан кайтпасын тастыктады. Саламаттыгы начар делип Түркияда жаткан Атамбаев бийлик үчүн зарыл болуп жаткан иштерди минтип сырттан туруп бүтүрүүдө. Текебаев баштаган оппоненттеринин эскертүүлөрүн укпай турган болду. Ал эми Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум 4-декабрда өтө тургандыгын жакында «ResPublica» басылмасы жазып чыккан. Аталган басылмага референдум өткөрүү демилгеси угузулган күндөн тарта 43 күндүн хронологиясы жазылган документ келип түшкөн. Документте белгилүү болгондой, 16-сентябрда мыйзам долбоорун Конституциялык палатага жөнөтүп, 17-октябрда жооп келип калышы керек экендиги пландалган. Конституциялык палата мыйзам долбоорун карап бүтчү бир айдын ичинде парламенттегилер 3 окуу өткөрүп жетишери жазылган. 27-октябрда долбоорду өлкө башчысы карап чыгып, кол коюусу жана 4-декабрда Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн референдум өтөрү белгиленген.

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 725, 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан