ЖОЛ-ЖОЛ, ШЫЙРАК “БЕРЕГИ”!

Репортаж

Аткан таң менен кошо адамдар жумушка шашат. Ал эми учурда жашоо шарттын талабынан улам диплом талап кылбаган жумуштардын саны бир топ. Андай жумуштардын бирин аркалагандар базарларда араба түрткөндөр.

ЧӨНТӨККӨ ЖАРАША БААСЫ
Чоң суммадагы акча айланган “Дордой” базарынын арабакечтеринен сөз баштоону туура көрдүк. Базарга кире бергенде эле кардар күтүп арабаларынын үстүндө отурган жигиттерге жолуктук. Нурбек аттуу 20 жаштагы жигитти сөзгө тартканда бул иш менен 1 жылдан бери алек экенинен кеп баштады.
– Жумушка орношуунун жол-жоболору тууралуу айтып берсең...
– Бизде жумушка кириш үчүн алгач базардын администрациясына 1500 сом төлөнөт. Бул акча базардан өзүңдүн ордуңду алыш үчүн берилет.Анан ай сайын мамлекетке 150 сом төлөп турабыз. Анча-мынча акчаң болсо арабаны ижарага алып отурбай эле сатып алып иштеткен жакшы. Анткени пайдалуу. Күнүнө 500 сомго чейин тапсаң болот.
– Арабалардын бааларына токтоло кетпейлиби. Мисалы, сенин арабаң канча турат?
– “Дордойдо” эң арзан арабанын баасы – 3 миң сом. Орточосу – 8 миң сом, ал эми эң кымбаты – 20 миң сомго чейин барат.
Ушул кезде биздин маекке Айбек аттуу арабакеч келип кошулду. Сөз төркүнүн түшүнө калып тамашалап сүйлөп кирди.
– Эже, бизде жашоо жыргал да. Айрыкча майрамдарда кардарлар жокко эсе. Анан биз ушинтип кардарлардын караанына жалынып отура беребиз.
– Майрамды иш менен өткөрөсүңөрбү?
– Ооба, майрамдарда иштейбиз. Бирок жумуштан кийин үч жумуртка менен палоо басып майрамдап коёбуз. Анан бизде бирөө мас болсо баары мас болот. Бул эми тамаша-чыны аралаш.
– Бул базардагы кызмат бааңар башка базардагыдайбы?
– Негизи, биздин кызмат 50 сомдон башталат. Капчыгы калың казактар туш болуп калганда кичине кымбатыраак сурайбыз. Бирок акыны жүктүн оордугуна жана жолдун узактыгына карата баалайбыз. 500 килограмм жүк жеткирүү 200-300 сом болот.
– “Дордойдо” канча арабакеч бар?
– Учурда каттоодон өтүп, мыйзамдуу түрдө иштегендердин саны 500 деп уккам. Бирок уруксатсыз иштегендер да бар. Бирок алар тиешелүү көзөмөлчүлөргө кармалып калышса тапканынын баарын айыпка төгүп беришет. Биздин ар бирибиздин өзүбүздүн катарларыбыз бар. Ал катарларга башка арабакечтер кызмат кыла алышпайт. Кыскасы, ар ким өз аймагынан чыкпаш керек.
– Эмнеден кооптоносуңар?
– Базарда уурулар көп. Айрыкча ишемби, жекшемби күндөрү абдан этият болушубуз керек. Эл көп болуп, арабадагы товарларыбызды суурутуп жиберген учурлар көп кездешет.

АРАБАКЕЧТЕРДИН ТАМАШАКӨЙҮ
“Жол-жол, шыйрак береги, фигура береги” деген тамашалуу сөздөрдү айтып, элди бир жылмайткан тамашакөй арабакеч атаны базарга баргандардын көбү эле байкаса керек. Арабакечтер бул кишини “Весельчак” деп атап, өтө сыйлашат. Ошондой эле алардын айтымына караганда, бир топ жашка чыгып калганына карабай “20 жаштагы жигиттикиндей күчүм бар” деп тамашалап калат экен.

ТАЖРЫЙБАЛУУ АРАБАКЕЧ
“Дордойдун” бир топ арабакечтери менен маек куруп бүткөн соң “Мадина” базарына сапар алдык. Аталган базардын арабакечтери көбүнчө таңгакталган кездеме ташыганы менен айырмаланышат эмеспи. Сураштыра келсек, базарда иштеген арабакечтердин саны 250 адам.
Бул базардын тажрыйбасы көп арабакечи Баяман деген мырза болуп чыкты. Өзүнүн айтымында, араба түртүп иштегенине 12 жыл болуптур. Бирок бул жумуштан тапкан пайдасынан зыяны да бир топ экен. Дайыма оор жүк түртүп иштегендиктен, бөйрөк оорусуна чалдыккан. Ошол себептен 6 айда бир врачка кайрылып, дарыланып турат. Баяман байке ооруганына карабай бул ишке абдан такшалып, кеткиси келбей калганын айта кетти.

АРАБАКЕЧТЕРДИН ЭРКЕСИ
Арабакечтердин эркеси, “Зайчик” деген лакап аты бар Зарылбек аттуу жигитке суроо узатып калдык.
– Зарылбек, бул базардан арабаны канча сомго ижарага аласың?
– Биз айына арабаны ижарага берген адамга 1000 сом беребиз. Ошондой эле айына 270 сом базардын администрациясына төлөйбүз. Эми акча табуу кардарларыбызга байланыштуу болот. Мисалы, бизде “Семичка” деген бала бар. Баарыбыздан көп табат. Негизи, биздин иштин ийгилиги – чоң цехтерге товар алган кардарлар менен көбүрөөк таанышып алуу. Бирок таптакыр эле акчанын артынан да кубалап жүрүп албайбыз. Сулуу кыз-келиндердин жүгүн бекер, каалаган жерине жеткирип берип, телефон номерлерин сөзсүз алып калабыз. Таанышуу үчүн.
– Араңарда мектеп окуучулары барбы?
– Бизде паспорт алгандар гана ишке орношо алат. Себеби жумушка орношуп жатканда паспорт эмес, каттооңду да карашат. Эми бул жакта жалаң алыскы райондордон келип иштегендер. Ошондуктан убактылуу каттоого турабыз. Мындан сырткары ишке орношууга, майда-чүйдө документтерге 200 сом сарпталат.
– Кардарлар менен кызыктуу окуялар деле болсо керек?
– Бир жолу бир кардар мага жүгүн салып коюп өзү жок. Көрсө, тааныштарына жолугуп калып, баарын унутуп кафеге кирип кетиптир. Мен башка кардарларымды кетирип жиберип тигини күтүп отурам. Мына келет жок, ана келет жок. Бир маалда келип 50 сом берет. Жиним келип ушунча күттүрүп, менин убактымды кетирдиңиз, төлөңүз деп уруша кеттим. Таптакыр болбой жатканда кесиптештерим келип мага болуша кетишти. Ошентип, ызылдап жатып акчамды алгам. Бизде таңгакталган кездемени көлчүккө түшүрүп булгап алып, 300-400 доллар төлөп калгандар да бар.

ЧАРЧООНУН ДАРЫСЫ – АКЧА
«Ош базарынан» ун саткан катарды аралап бара жатып боз ала чаң болгон арабакечтерге кайрылсак, эмнегедир кабактарын кайыш түйүшөт. Жарытылуу жооп ала алгыдай эмеспиз. Себеби алардын “ий, ичим жабышып калмай болду, бир кардар чыга калса өзөк жалгасак жакшы болот эле” деп сүйлөшүп калганын угуп, ичибизден бир сызып алдык.
Базар аралап жүрүп мүшөктөрдү үйүп алып жүк тартып бара жаткан илмийген жаш баланын артынан бастык. Өзүн Талант деп тааныштырган бала 7-класстын окуучусу. Сабактан кийин ата-энесине кол кабыш кылуу максатында бул ишке орношкон. Талант арабасы менен 50 килограммдык мүшөктөн 7ни салып тарта алганын айтканда бир чети таң калсак, бир чети бели ката элек баланын келечегин ойлоп кейип алдык. Ал чарчоонун дарысы акча экенин айтып күлүп койду.

АРАБАКЕЧТЕР ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА

  • “Жол-жол”, “дорогу-дорогу” деген сөздү көп колдонушат.
  • Тынчсыздангандары – кардар күтүп отуруп калуу.
  • Семичке чагып, жолдун ортосуна түшүп алып шашпаган кардарлардан жүдөшөт.
  • Арабакеч жеңилдерин кошпогондо күнүнө орточо эсеп менен 500 килограммдык жүктү 3 жолудан тартышат.
  • Калориялуу тамак ичип, энергиясын толтуруп турушат.
  • Араба түрткөндөрдүн көпчүлүгүнүн бел омурткалары, бөйрөктөрү көп ооруйт. Ысык-суукта жүрүп муун ооруга да чалдыгышат.

Кайда барба жашоо үчүн күрөш. Бул күрөштө алдыга умтулуп аракет кылгандар гана жеңип келет. Базарларды кыдырып, арабакечтердин жашоосу менен таанышып жүрүп, жумуштун оорчулугуна карабай ак эмгеги менен нан таап жеп жаткандарына баа бердик.

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
mirjanel
2010-03-16 02:44:21
akyl kal4ayly KYRGYZ ELIM
0
№ 384, 12-18-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан