Экс-президент Роза Отунбаева Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасы Франк Вальтер Штайнмайердин чакыруусу менен 19-сентябрдан 24-сентябрга чейин АКШда өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышууда. Роза Отунбаева аталган сессияда ЕККУнун потенциалын бекемдөө, кризистерди жөнгө салууда жарандык коомдун ролун күчөтүү жөнүндө баяндама жасайт. Ал эми 19-сентябрда экс-президент БУУнун тармагынын лидерлер кеңешинин жолугушуусуна катышып, ал жерде маанилүү тармактардагы туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу боюнча чараларды өнүктүрүү маселелерин талкуулоого катышты.
Роза Отунбаеванын БУУнун жыйындарына катышуу боюнча дал ушул сапары президент Алмазбек Атамбаев үчүн күтүүсүз болгону айтылып жатат.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg