Жылдын башынан бери Кыргыз мамлекетине каза тапкан 430 кыргыз жаранынын СӨӨГҮ алып келинди. Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын билдиргенине караганда, жыл сайын 350дөй адамдын сөөгү алынып келинчү.
Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлеринин тамак-ашына күнүнө 60 сом, ТҮРМӨДӨ ОТУРГАНДАРГА 160 сом бөлүнөт. Бул тууралуу аталган кызматтын төрагасы Таалайбек Жапаров билдирди.
Учурда Орусияда 575 миңге жакын кыргыз жараны бар. Жалпы чет жерде жүргөн кыргыз жарандарынын саны 745 МИҢДИ түзөт.
Билим берүү жана илим министрлиги мектептерге 5 КҮНДҮК ОКУУ тартибин киргизүү тууралуу өкмөткө сунуш берди.
БАЛДАР ЖАНА ӨСПҮРҮМДӨРГӨ карата кылмыш жасап, бүгүнкү күнү жазасын өтөп жаткандардын саны 263. Алардын 41и өмүр бою эркинен ажыратылгандар.
Бишкек шаарынын түштүк аймагында узундугу 1,5 чакырым, туурасы 3 метр болгон ВЕЛОЖОЛ ачылды. Аталган жолду курууга 7 миллион сом сарпталганын Бишкек мэриясы маалымдады.
Жогорку Кеңеште депутат АИДА САЛЯНОВА демилгелеп чыккан коррупция фактысы боюнча кабар берген адамга паранын 30 пайызын төлөп берүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.