Aйпери Кубик кызы жакында эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын алдындагы Борбордук армия үйүнө солист катары кабыл алынган. Ырчы айым учурда мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларда ырдап, чет өлкөдөн келген делегация өкүлдөрүнө ыр сунуп жүргөн кези.
Ал: "Топто мен чет өлкөдөн келген конокторго кытай тилинде ырдайм, орустардын "Катюшасын" кытайча созуп берип калам. Жакында тажик тилинде да ыр жаздырганы жатам. Мындан тышкары армиядагы аскер кызматкерлерине концерт коёбуз. Жакында эле Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө болгон өлкөлөрдүн терроризмге каршы командалык окуусуна келген конокторго ыр тартуулап, анда Орусия менен Тажикстандын министрлерин бийлетип, кытай элинин министрине кытайча ырдап берип жакшы маанай тартууладык",- дейт.