Модель, телеалпаруучу Айжамал Осмонова жакындан бери Алматы шаарында мода дүйнөсүн кенен чагылдырган европалык ID Fashion телеканалынын алпаруучусу болду. Бул тууралуу модель: "ID Fashion телеканалы Борбор Азияда биринчи жолу Казакстанда филиалын ачты. Аталган телеканал Франциянын Fashion TV телеканалына окшош. Алпаруучуларга кастинг болгондо мен да барып, толтура казак кыздардын арасынан өтүп кеттим. Талабы боюнча казак, орус, англис тилинде эркин сүйлөш керек экен. Мен казакча билбейм деп айттым. Бирок баары бир алышты. Эми мода жумалыктарын, светтик кечелер тууралуу репортаждарды калтырбай даярдайм. Учурда Алматы менен Бишкекте бирдей иштеп жатам. Келечекте өзүмдүн автордук берүүмдү ачкым келет",- дейт.