"Non-Stop» дуэтинин ырчысы Максат Садырбеков кыялындагы тулпарына жетти. Ырчы кубанычтуу кабары тууралуу: "Кичинемден эле Мерседес үлгүсүндөгү унааларга кызыкчумун. Кыялымды орундатып, 2 күн мурун алтын түстөгү Mercedes-Benz W220 үлгүсүндөгү темир тулпарды 5 миң долларга сатып алдым. Негизи өзүм абдан "капризныймын", тамакты да тандап жейм, дос тандоодо да абайлайм. Бул машинамды көпкө издедим. Анан отуруп карап көрүп унаама "сен мага татыктуусуң" дедим. Чыгармачылыкта жүрүп ак эмгек менен тапкан алгачкы темир тулпарым мага бузулбай, жакшы иштерди бүтүргөнгө жардам берерине ишенем", - дейт.