«Супер сулуу-2013» сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева актрисалык дареметин сынап тасмага тартылып жүргөн, эми модель ырчылыкка кадам таштап ыр жаздырып, клип тарттырып жүргөн кези.
Ал: "Ырчы болуу менин балалык кезимден берки кыялым. Негизи чыгармачыл адам ар тараптуу болушу керек. Мен модель болдум, актрисалыкта да өзүмдү сынадым, эми ырчылыкка өтөйүн деп жатам. Алтын Дастанов деген ырчы жигит менен "Болчу жанымда", "Бишкек", "Сүйөм сени" деген дуэттерди жаздырдык. Эми клип тарттырып жатабыз. Буюрса, ырларымды радиолордон угуп, баа бере аласыздар",- дейт.
Орункүл менен Алтын Дастановдун дуэттерин SUPER.KG порталынын Медиа-портал бөлүмүнөн уга аласыздар.