Концерттин датасы – 16-17-cентябрь
Өткөн орду – Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармония
Башталышы – 16-сентябрь 19:30 (1 саат кечигип башталды)
Көрүүчүлөр – Залдын 90 пайызы
Алып баруучу – Расул Маматкулов
Мыкты номерлер – Расул Маматкуловдун жандуу ырдаган опера ырлары
Билет баасы – 400-600 сом
Акыркы күндөрү Расул Маматкулов эмне эле "Вино", "Быша элек алча" деп ырдап калган десе, көрсө, 50 жылдык юбилей концертине даярданып, репертуарын жаңылап жаткан экен. Билетте көргөзүлгөн убакта филармонияга кирсем, элдин орун алып отурушу жай. Тегеректе бүт шашылбаган адамдар жүргөндөй туюлду. Карасам көбү жоолук салынган байбичелер, топу, калпак кийген кишилер, айтор, Расулдун концертине жалаң улуу муун келиптир.
Ошентип сахна көшөгөсү эл кол чаап жатып 19:30да ачылды. Сахнада музыкалык аспаптар, пианино турганынан "аа, бүгүн Расул опера ырларын катырат го" дедим ичимден. Концерт башталары менен Юрий Бобков менен Гүлбү Ороскул кызы чыгып, ырчы мырзаны мактап-жактап, жетишкендиктерин айтып, сыйлыктарын тизмектеп жатса концертти экөө алпарат окшойт дегем. Жок, юбилейлик концертин Расул өзү алып барды, сахнадан кетпей отуруп коноктордун ар бирин чакырып, айрымдары менен тамашалашып, айымдарга тийишип да жатты. Алина Жетигенова "сага чыгармачылык ийгилик, иним" десе, Расул "көрдүңөрбү, мени иним деп жатат, бул 60ты уруп баратат бир болсо" деп элди күлдүрсө, "өзгөндүк ырчы балдызым" деп чакырган Алтынай Нарбаева сүйүү ырын ырдап бүтүп, куттуктоо сөзүндө "сөзүмдүн баарын ырымда айттым, мен сизди жакшы көрөм, бирок эжемди аяйм" деп тамашалап жиберсе болобу. Атаң көрү, Расул Алтынайды Мерседеске салыштырып ырдаса, ал "кызган мени, кызган" деп эле тынбай ырдап берип калмак экен.
Сахна жасалгасынан өзгөчөлүк көрбөдүм, чоң экрандан Расул Маматкуловдун сүрөттөрүн, конокко келген ырчылардын клиптерин берип жатты. 50 жылдык юбилей кече болгон соң бир аз залдын жасалгасына көңүл буруп койсо болмок экен. Конокко келген Айчүрөк Иманалиева, Асел Турдалиева, Айчүрөк Султанова, Алина Жетигенова, айтор, көп ырчы айымдар Расул Маматкуловду куттуктап өбө берип, анын бетиндеги помадасын кызы Айгерим өчүрүп жатты. Концерттин жүрүшүндө Расул Маматкулов жубайына арнап "Жубайыма" деген ырын созгондо жубайы Катя айым сахнага чыкты, артынан кыздары Айгерим, Аяна, уулу Руслан чыгып бешөө кучакташа ынтымактуу үй-бүлөнүн элесин калтырышты. Ырын ырдап бүткүчө катуу толкунданды окшойт, көзүн аарчып калганын байкадым.
Ырчынын жандуу үн менен аткарган опера жанрындагы ырлары өзгөчө болду. Эл ар бир ырынын сабында кол чаап коштогондон тажаган жок. Расул мырза куда тараптан да адашпаптыр. Анткени Айгеримдин кайненеси да чыгармачылыкты сүйгөн киши тура, куда-кудагый бир шиңгил сүйүү тууралуу созолонтуп жиберишти. Концерттин жүрүшүндө Расул Маматкулов аз ырдады, келген коноктордун баары анын чыгармаларын аткарганы менен, баары бир өзүнүн аткаруусуна жетпейт экен.
Толик Сынчы