Тагдыр
“Тагдырдын башка салганын көтөрбөскө аргаң жок” деген сөз бар эмеспи. Редакциябызга жакшынакай жигиттин талкаланган тагдыры тууралуу кат келген. Катта 7 жашынан бери майып деген атты артынып келе жаткан Тынчтык Ибраимов жөнүндө айтылган. Эмесе, сөз башынан болсун...
БАШ СӨЗ ОРДУНА
Биздин редакцияга келген каттын дареги менен Тынчтыктын атасы Ибраимов Бексултандын үйүнө бардык. Ал борбор калаабыздагы маданият тармагына тиешелүү бир окуу жайдын жатаканасында турат экен. Бексултан ага жубайы Мамбетова Роза экөө көп жылдар бою театр тармагында эмгектенип, маданиятка кызмат кылган эл көзүндөгү адамдар болуп чыкты. Баласы Тынчтыктын майып болуп калышы тууралуу ата-эне төмөндөгүлөрдү айтып берди.
«БАЛАМ АЛТЫ САНЫ АМАН ТӨРӨЛГӨН»
– Жубайым Роза экөөбүз көп жылдар бою маданият тармагында иштедик. Ал кезде бизге окшогон маданият тармагынын кызматкерлерине мамлекет кезек менен үй берчү эле. Биз ошол кезде Фрунзе шаардык филармонияда иштеп жүрө берсек үй алып калмакпыз. Тилекке каршы, жумушубузду Балыкчы шаардык театрына которуп жиберишип, ошол жакка иштеп кеттик, ошентип үй ала албай калдык. Ошонун кесепетинен азыр М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын жатаканасында турабыз. Мамлекет азыр эски кызматкерлерди эске алып үй береби, бербейби, билбейм...
Азыр сиз көрүп турган коляскадагы 1977-жылы туулган Тынчтык деген майып балам. Аны тубаса майып болуп төрөлгөн деп ойлооңуз мүмкүн. Бирок андай эмес. Тынчтык алты саны аман төрөлгөн. Кичинесинде өзү теңдүү балдарга караганда зээндүү эле. Тынчтык мектепке бара элегинде 6-6,5 жашында биз менен кошо гастролго чыгып, “Атанын тагдыры” спектаклиндеги Жеңишбектин ролун аткарчу. Окуганды билбесе да, тексттин сөздөрүн биздин айтып бергенибиз боюнча жаттап алганына башкалар гана эмес, атасы мен таң калар элем.
Тынчтык жети жашында 1984-жылы балдар менен ойноп жатып жыгылып кетсе керек, ооруп калды. Анда биз Жумгалда болчубуз. Ошентип, ооруп калганынан ооруканага алып барсак текшерип көрүшүп, Жумгалдын дарыгерлери сөөк кулганасы деген диагноз коюшту. Борбордук балдар ооруканасына алып келсек, алар да ошондой диагнозду айтышты. “Карга карганын көзүн чукубайт” дегендей, кийинки врачтар оорунун так диагнозун билсе да, мурунку кесиптешинин айтканын айтып коюшат турбайбы!.. Ошентип, чыгарган диагноздорунун негизинде жүлүнүнөн суу алышмай болушту. Мейли, балабыз аман-эсен айыгып кетсе эле болду деп ага да макул болдук. Бирок туура эмес коюлган диаг-ноздун негизинде дарылашып, баламды майып кылып коюшту.
Кимге айтам, билбейм. Ошол туура эмес диагноз чыгарган врачтын экөө тең каза болгон. Бирок шаардык ооруканада иштеген ошол кездеги жардамчы жаш дарыгер азыр тирүү. Кийин биз Тынчтыкты Москвага алып бардык. Алар кантсе да биздин врачтардан жакшы билишет экен. Бул жактын врачтары жазган кагаздагы диаг-нозду көрүп, баштарын чайкашты. Биздин врачтар туура эмес диагноз коюп койгонун ошондо билдик. Көрсө, биздин бала сөөк кулганасы менен оорубай эле балдар менен ойноп жатып жыгылып кеткенде, жамбаш сөөгү жылып кетиптир. Ошондо эле туура дарылаганда балам аман-эсен эле сакайып кетмек экен. Биздин врачтардын да, мос-квалык врачтардын да кагаздары менде бүт сакталуу.
«АЛТЫ ЖАШЫНДА РОЛЬ АТКАРГАН»
– Болгонун болгондой атасы баяндап бербедиби. Мен эми эмне дейин, баламдын соо өмүрүнө балта чапкандардын жазасын Кудай берсин. 1985-жылдан бери баламды карап отурам. Быйыл 33 жашка чыкты. Жакшы сүйлөй албагандыктан, кээде кейигенин көрүп алып жанына тура албайм. “Апа, мени багып кыйналып кеттиң, интернатка өткөрүп салчы”,- деп бир жолу кагазга жазып берди. Тынчтыгым кичинекей кезинде кандай бала эле, көзү жайнаган, зирек... Ошолорун элестетип алып, кантип өткөрөм деп өзүмө суроо коём. Кээде балама көз тийип кеттиби деп да ойлойм. Анткени кымындай болуп алып спектаклде Жеңишбектин ролун таң каларлык аткарар эле. Азыр тубаса майып деген диагноз менен арзыбаган пенсия алабыз. Кичинесиндеги сүрөтүн көрсөңүз, ушул баланы кантип тубаса майып болгон деп айтабыз?! Айла канча, тагдырдын башка салганын көтөрбөскө чарабыз жок экен да...
Мына окурман, өзүңүз баамдап көрөрсүз. Ушундай өз кесибин так билбеген дарыгерлердин айынан кырчындай өмүргө балта чабылып жатат. Тынчтык “Москвага барып дарыланып келсем басып, шыр сүйлөп кетемби?” деген үмүт менен жашап келет.
«КАДАМ ШИЛТЕСЕМ ДЕП ТИЛЕП КЕЛЕМ...»
Жакшы сүйлөй албаса да Тынчтык үзүл-кесил сүйлөп, суроолорубузга жооп берди.
– Майып болуп калышыңыздын себеби эмнеде деп ойлойсуз?
– Кичинемде ойноп жүрүп жыгылгам, анан дарыгерлердин туура эмес дарылаганынан улам ушинтип калдым.
– Убактыңызды кантип өткө-рөсүз?
– Сыналгы көрөм, коляска менен эшикке чыгып, ары-бери өткөн элди карап убакыт өткөрөм. Көбүнчөсү үйдөмүн.
– Алдыда кандай максаттары-ңыз бар?
– Кадам шилтесем жакшы болот эле. Болгон үмүтүм ушул.
– Ким менен көп сүйлөшөсүз?
– Апам менен. Атам режиссёр-сценарист. Мен атамдан менин тагдырыма байланыштуу «Арман» деген спектакль жазсаңыз болобу деп сурадым.
– Жазганды билесизби?
– Тамгаларды тааныйм, анткени 1-класста жарым жыл окугам.
Ушул жерден сөзгө апасы аралашты: “Тамгаларды тааныйт. Адамдын зээнин кейиткен сөздөрдү уйкаштырып жазып калат”.
Амантур Султанкулов
koom@super.kg