«ӨТТӨГҮ ТАШ КҮЧТҮҮ ТАМАКТАН, БУЛГАНЫЧ СУУДАН ПАЙДА БОЛОТ»

Кийинки кезде оорулар жашарып баратканы талашсыз. Алардын ичинде катуу кармаганда адамды түйүлтүп оорутуп, жарылып кетсе өлүмгө дейре жеткизчү өттүн таш оорусу бар. Бул дарт тууралуу маалыматты жогорку категориядагы хирург, КММАнын госпиталдык хирургия кафедрасынын ассистенти Төлөбек Кудайбергенов бермекчи.

«ӨТ БАШТЫКЧАСЫ – ӨТ ЗИЛИНИН РЕЗЕРВУАРЫ»

– Өт зилин (суюктугун) боор тынымсыз иштеп чыгарып турат. Өлчөмү 1 суткада 1,5 литрди түзөт. Иштелип чыккан зил өт жолунда топтолот да, андан он эки эли ичегиге жана өт баштыкчасына куюлуп турат. Зилдин милдети – тамак-ашты сиңирүүгө катышуу. Өт баштыкчасы резервуар катары милдет аткарат. Анткени адам майлуу, күчтүү, ачуу тамак жегенде аны сиңирүү үчүн он эки эли ичегиге куюлуп жаткан өт зили аздык кылат да, өт баштыкчасы өзүндөгү зил менен кошумча камсыздайт. Өт баштыкчасынын узундугу 12-18 сантиметр. Ага 200 миллилитр өт зили батат.

ӨТТӨ ТАШТЫН ЖАРАЛЫШЫНЫН СЕБЕПТЕРИ

1-себеби. Өттүн курамынын тең салмагынын өзгөрүшү.
Зилдин курамы холестерин, өт кычкылы, билирубин, кальций кошулмалары жана башкалардан турат. Ар бири белгилүү бир өлчөмгө ээ жана тең салмактуулугу сакталып турат. Тең салмак качан адам күчтүү тамак-ашты көп жегенде, тамак-ашка малдын майын көбүрөөк колдонгондо, тез арыктайм деп катуу диета кармаганда, бирде ач, бирде ток жүрө бергенде, стрессте бузулат. Мисалы, курамда холестерин көбөйүп кетсе өттө холестериндик таштар, билирубин көбөйүп кетсе билирубиндик таштар жарала баштайт. Кээде курамындагылардын бир нечесинин өлчөмү өзгөрүп кетиши мүмкүн. Мындайда катмарланган таштар жаралат.
Таштардын өңү зилдин курамына жараша болот. Мисалы, сары, ак, жылтыраган саргыч, күрөң, кара, жашыл сымал жана башка. Өлчөмү кумдай майдадан 10 сантиметрге чейин. Бир оорулууга операция жасаганыбызда өтүнөн 1500гө жакын таш чыккан. Өлчөмдөрү 0,5-2 сантиметрлик эле. Таш чоңойгуча 1 жыл же 10 жыл өтүшү мүмкүн. Бул адамдын жеген тамак-ашына жараша болот.

2-себеби. Өт баштыкчасынын сезгенүүсү. Мындай болгондо өттүн иштөөсү бузулуп, анын ички капталдары шишийт. Өт баштыкчасында өт суюктугу туруп калат да, ал жабышкак, илешкек тартып, акырындап чөгүндүлөр жаралып, кум пайда болот. Эгер УЗИ менен текшергенде кум бар экени аныкталса, анда врач сезгенген өттү калыбына келтирүүчү жана өт айдоочу дары-дармек, диета жазып берет да, кумдар чыга баштайт.
Эгер адам дарыланбаса, анда кумдардын үстүнө дагы чөгүндүлөр кошулуп отуруп таш жаралат.

3-себеби. Суунун сапаты. Өлкөбүздөгү суулардын курамындагы туздун көптүгү жана көп жерлерде иче турган суунун таза эместиги өттө ташты пайда кылуучу себептердин бири.

«ДАРТТЫН БЕЛГИЛЕРИНЕ ООЗ КУРГОО, ТҮЙҮЛТҮП ООРУТУУ КИРЕТ»

Оорунун белгилери:

  • Боор туштун оорутуусу
  • Ооздун кургашы
  • Көңүл айлануу, кусуу
  • Алсырап, шалдыроо
  • Түйүлтүп оорутуу (спазм)

Өт баштыкчасы боордун алдында жайгашкандыктан оорутуу оң капталдагы кабырганын түбүндө байкалат.

«ТАШТЫН АЙЫНАН ӨТ БАШТЫКЧАСЫ ИРИҢДЕП КЕТЕТ»

Жогоруда айткандай, адам күчтүү тамакты жегенде өт баштыкчасындагы өт зили он эки эли ичегиге куюла баштайт. Мына ушундай кезде өттөгү таш зил менен кошо жылып он эки эли ичегиге өтөт. Муну адам сезбейт. Таштар заң менен сыртка чыга берет. Бирок таштын өлчөмү чоңураак болсо, анда өт жолдоруна тыгылып, ал жерди бүтөп калат да, түйүлтүп оорутат. Кээде андай кезде ал жерде басым көтөрүлүп, тыгылып калган таш андан ары жылып кетет да, оору басылат. Басым көтөрүлсө да таш ары жылбашы мүмкүн. Анда оорутуу басылбайт.
Таш өт жолун бөгөп калганда боордо иштелип чыккан өт зили агып чыга албай, боордун өзүн шишитип, чоңойтуп жиберет. Акпай туруп калган өт зилинде инфекциялар көбөйүп, өт баштыкчасын ириңдетет. Ириңдегенден улам ал жарылып кетет. Ириңден улам ашказан, уйку бези, он эки эли ичеги да сезгенип, ооруй баштайт. Ириң кан аркылуу денеге тарап, уулантат. Ошондуктан оорунун өтүшүп кетишине жеткирбей операция жасалышы керек.
Айтып кетчү нерсе, кээ бирөөлөр өтүндөгү ташты чыгарам деп зайтун майын же чөп-чар иче баштайт. Мындай кылууга болбойт. Өттөгү майда таштар денеге тарап кетиши мүмкүн.

Операция 2 түрдүүчө жасалат

Ачып жасалчу холецистэктомия (өттү алып салуу). Эгер адам мурун операция болгон болсо, ошондой эле өт жарылып же чирип кеткени билинсе, анда ачылып жасалат.
Лапароскопиялык холецистэктомия. Бул лапароскопиялык шаймандардын арты менен жасалат.

АЛДЫН АЛУУ

Өттө таш жаралбоосу үчүн керек:

  • Көбүрөөк кыймыл
  • Түрдүү тамак-аш (сөзсүз жашылча-жемишти аралаштыруу)
  • Тамактануу режимин сактоо
  • Арыктоо үчүн катуу диета кармабоо
  • Өт сезгенгенде дароо дарылатуу
  • 1 жылда 2 ирет текшерилип туруу
  • Күчтүү тамак-аштарды азыраак колдонуу

Өт баштыкчасынан алынган таштар.


Өттө таш жаралбашы үчүн дан жана андан жасалган тамак-ашты, жашылчаны көп, ал эми эт, сүт жана сүт азыктарын орточо, таттууларды, майды аз колдонуу кажет.


Кыймыл, мейли ал чуркоо, басуу, көнүгүүлөр же адамга күч келтирбөөчү кара жумуш болсун, өт баштыкчасында өт зилинин туруп калуусунун алдын алат да, таш жаралбайт.



Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
altyshka_23
2016-10-03 09:56:37
Уй шартындада кантип дарыланса болот ошону айтып кетпептир
0
№ 726, 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан