ОРУСИЯДАГЫ МЕКЕНДЕШТЕРИБИЗ "ВОЗРОЖДЕНИЕ" БАЛЬЗАМЫН ЭМИ МОСКВАДАН ДА САТЫП АЛА АЛЫШАТ

Учурда каражат табуу үчүн Орусияда иштеп жүргөн мекендештерибиз көп. Алардын арасында ысык-суукта иштеп, органдарын сезгенүүгө кабылтып, ооруга чалдыккандар жолугат. Оорулардын алдын алуу, ошондой эле дарттарынан арылуу үчүн врачтан рецепт талап кылынбаган, өзүн айыктырууга болорлук каражат бар. Ал – "Возрождение" бальзамы. Мына ушул бальзамдын колдонулушу боюнча сөз кылабыз.

Йод байыркы гректердин "йодес" – "сыя көк" деген сөзүнөн келип чыккан. Анткени йод дал ошондой өңдө. Мына ушул заттын кандын курамында болуусу канда вирустардын жана инфекциялардын көбөйүп кетишинин алдын алат. Оорулардан кутулууда жана анын алдын алууда чоң роль ойнойт.

МЫРЗАЛАРДЫН ЖАНА АЙЫМДАРДЫН САЛАМАТТЫГЫ

Простатит – эркектердин урук чыктагыч безинин сезгенүүсү. Аталган безге сийдик чыгаруучу каналдан, жоон ичегиден, сезгенген табарсыктан оору козгоочу микробдордун өтүп кеткенинен улам келип чыгат. Бул оору түнү эркекти улам дааратканага чуркатканы, оорутуусу жана бел кубаттын төмөндүгү менен белгиленет. Бара-бара импотенцияга жеткирет.
Гинекологиялык ооруларга аднексит, эн безинин барсылдагы, полип, жатын моюнчасынын эрозиясы, мастопатия жана башкалар кирет. Йод жогоруда аталган ооруларды жаратпай кармап тура алат. Эгер оору бар болсо, аны жок кыла алат.

ЭМЧЕКТИН РАГЫ ЖАНА ЙОД

Эмчектин рагы гормоналдык өзгөрүүлөрдөн жаралат. Буга стресс, жаракат алуу (травма), сексуалдык жашоонун туруксуздугу, төрөгөндөн кийинки мастит оорусу, организмдеги ар кандай өзгөрүүлөр себеп болот. Тукум куучулук касиетке да ээ. Эмчектин рагы баштапкы стадияларында байкалбайт, оорутуу билинбейт. Андыктан 1 жылда 2 ирет маммологго көрүнүү кажет. Япониялык профессор Фунахасм эмчектин рагында йод химиялык дарылоого караганда алда канча таасирдүү экендигин белгилеген. Көрсө, йод рак клеткаларын ичинен бузат экен.

АШКАЗАНДЫН ЖАНА 12 ЭЛИ ИЧЕГИНИН ЖАРАСЫНДА

Аталган ооруларды хеликобактер пилори (спираль түрүндөгү бактерия) жаратат. Бактериялар ашказанды сезгендирип, ичеги-карын ооруларынын жаралышын шарттайт. Оору өтүшүп кетсе, рак келип чыгат. Бактерияларды жок кылуучу антибиотиктерди колдонуудан бактериялар аларга көнүп, оорунун жоголушу кыйындайт. Ал эми йод организмге зыян келтирбей бактерияларды жок кыла алат. Бактериялардын жаралышынын да алдын алат.
"Возрождение" бальзамы уулуу эместиги, терс таасири жок экендиги, ашыкча ичип алганда да зыяны болбостугу клиникалык жактан далилденген.

"ВОЗРОЖДЕНИЕ" БАЛЬЗАМЫ НЕГИЗИ КАЙСЫ ООРУЛАРДА КОЛДОНУЛАТ?

Калкан сымал бездин (щитовидное железо) фиброздуу-кистоздуу оорусу, богок (зоб), аутоиммундук тиреоидит, субклиникалык гипотиреоз, йод жетишсиздигинин гипотиреозу;

  • Кант диабетинде кандын курамындагы канттын деңгээлин төмөндөтүүдө;
  • Жаш балдардын жана өспүрүмдөрдүн акыл-эсинин жана физикалык жактан өсүшүнүн кечеңдөөсүндө;
  • Гайморит, тонзиллит, ларингит, фарингит, ириңдүү ангина, бронхиттин алдын алуу, дарылоо;
  • Бронхиалдык астма, бронхопневмонияда;
  • Кургак учуктун жана оозул, гингивит, пародонтоз, кандидоз, кариестин алдын алууда;
  • Атеросклероз, артериалдык гипертония, жүрөктүн ишемиялык оорусу, миокарддын инфаркты, инсульт, сасык тумоо, ОРВИни айыктырууда жана оорулардын алдын алууда;
  • Гепатит, гастрит, колит, ашказан жана 12 эли ичегинин жарасы, холецистит, панкреатит, дисбактериоздо;
  • Артрит, артроз, остеохондроз, остеопороз, куяңда;
  • Гинекологиялык жана урологиялык ооруларды (пиелонефрит, цистит, простатит, уретрит, энурез, табарсыктын атониясы) дарылоодо жана алдын алууда;
  • Тери ооруларында жана жабыркоосунда (дерматит, жара, аллергия, бөрү жатыш).

КИМДЕРГЕ КОЛДОНУУГА БОЛБОЙТ?

  • Йодду жана бальзамдын курамындагы айрым кошулмаларды организми жакшы кабыл албагандар.
  • Өттүн, бөйрөктүн жана табарсыктын таш оорусунда.

Даректери жана байланыш телефондору:

Орусия, Москва ш., Никитинская к., 16-үй, стр.1 кв.74т.: 8 (926) 944-53-63 (Москва боюнча жеткирүү) Алексеевская метро, "Дикси" дүкөнү, Мир проспект,95-үй. стр.1 т.: 8 (916) 754-73-07 Иштөө убактысы: 10:00дөн 19:00гө чейин
Санкт-Петербург ш., т.: 8 (904) 217-11-50
Уфа ш., т.: 8 (937) 366-88-14 8 (963) 143-66-88
www.mti- med.com, www.new- live. Kz

Эскертүү! Өз дарыгериңиз менен кеңешүүнү унутпаңыз!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 726, 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан