ДҮЙНӨЛҮК GOOGLE ИЗДӨӨ СИСТЕМАСЫНАН АША ТУРГАН КЫРГЫЗДЫН 7CLICKS МОБИЛДИК ТИРКЕМЕСИ БИЗНЕСИҢИЗДИ ГҮЛДӨТӨТ

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен кыргыздар маданияты бийик, улуу калк экенин доско да, каска да көрсөтө алдык. Бул оюндардан кийин биздин эл кадимкидей жанданып, бири-бирибиздин ийгиликтерибиз менен сыймыктана баштадык. Эмесе, кубанычтуу кабар: дагы бир кыргыз уулу сыймык жаратты...

Медер Болгомбаев IT тармактын башында турган "Google" компаниясын артка калтыруучу дүйнөлүк деңгээлдеги IT-компания 7Clicks мобилдик тиркемесин ачты.

– Саламатсызбы, Медер? 7Clicks тууралуу айтып берсеңиз?
– 7Clicks мобилдик тиркеме менен каалаган кызматтарды тез жана оңой табуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Мисалы, эгер эс алууну кааласаңыз, той бергиңиз келсе, чыгармачылыкка же бизнеске ылайыктуу кызматтарды тапкыңыз келсе, болбосо турмуш-тиричиликке керектүү кызматтарга муктаж болсоңуз, мунун баарын бир эле жерден – 7Clicks тиркемесинен таба аласыз. Ал үчүн болгону мобилдик тиркемени Play market менен App store’дон көчүрүп алыш керек. Ошондой эле www.7clicks.net сайты аркылуу да маалымат алууга мүмкүн.
Муну колдонуу абдан жеңил. Мисалы, сиз ден соолукка кам көрүү үчүн жакын жерде жайгашкан фитнес борборлорду издеп жатсаңыз, 7Clicks’ке кирип өйдө жактагы сол тарапта жайгашкан "ИЗДӨӨ" баскычын басып "ФИТНЕС" деп жазсаңыз, эки секунддун ичинде Кыргызстандын бардык облустарындагы фитнес борборлордун тизмеси чыгат. Категория боюнча да издесеңиз болот. Ал үчүн биринчи "Общие услуги" деген категорияны тандап, анын ичинен "Здоровье" баскычын басасыз да, "Фитнес центрди" таап аласыз.
Өзүңүзгө керектүү гана шаардан же райондон керектүү маалымат издеп жаткан болсоңуз, "Область" деген жерден каалаган шаарды же районду тандоого мүмкүн.
Алгач бир нече жолу өзүңүзчө отуруп категорияларды "кыдырып" көргөнүңүз оң. Биз болушунча тез тапканга ылайыкташтырып категорияларды топ-топ менен жайгаштырганбыз.
Жыйынтыгында тез жана оңой жол менен издеген нерсеңизди таба аласыз. Сүрөттөрдү көрүп, ал жерде кыстарылган телефон номер аркылуу керектүү кызмат көрсөткөн кардарларга түз эле байланышка чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Шилтеме аркылуу сайтына да кирип маалымат алсаңыз болот. Ошондой эле социалдык тармактарга бөлүшүү мүмкүнчүлүгү бар. Кызмат көрсөтүү тиркемелерин киргизүү акысыз жана акысыз бойдон кала берет.
Эгер байкасаңыз, 7Clicks тиркемеси менен издегениңизди табуу Google издөө системасына караганда алда канча ыңгайлуу.
2017-жылда биз 7Clicks кызматын эл аралык рынокко чыгарууну пландап жатабыз. Бул кыргыз бизнесине тышкы рынокко өзү тууралуу натыйжалуу маалымат берүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүк түзүп берет.
7Clicks дүйнөнү багындырууга багытталган ири IT долбоор жана азыркы биз чыгарган кызмат ошол чоң долбоордун бир гана бөлүгү.
Дүйнөгө Манасты берген, Чыңгызды берген, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын берген кыргыз эли IT кызматын да бере алат.

– Арышыңыздар арбый берсин, чоң рахмат!

Жийде Зоотбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
belka
2016-10-03 11:34:11
Азаматсын!!!
+1
Abdyrashit.Satylganov
2016-10-03 12:51:45
Кодун Net эмес com кылса жакшы болмок экен.аты да бир аз кыйыныраак окшойт.дүйнөгө жайылтуу үчүн аталышы оной анан com коду болсо баары ок болмок деп эсепте
+1
Abdyrashit.Satylganov
2016-10-03 13:02:18
Эч нерсе таппай жататго. Катталайын десем англисче жазуулар чыгып жатат..Билбейм кимге кандай, бирок мага эч ынгайлуу жагы көрүнгөн жок.Туура өзүбүздүкүн колдоо керек.чындыгында эч нерсе тапай жатат.google ден кыйын деп айтууга эртерээк экен.башкы бети толгон реклама
0
Usow
2016-10-03 15:06:58
Абдан соонун приложения экен дароо катталып рекламасына компаниям киргизген болчумун кардарлар тынбай эле телефон чалууда
0
Guli.K.E.
2016-10-04 12:53:26
Эн сонун!!!
0
Cinderella
2016-10-04 12:54:33
ооо, универсал приложение го, коруш керек экен. Азаматтар биздин жигиттер
0
Karakol-3922
2016-10-04 13:01:05
Соонун экен, сразу кочуруп алдым. Супер силерге рахмат, дагы да пайдалуу жанылыктарды кутобуз
+1
Aidanchik
2016-10-04 15:06:49
оо круто, ушундай озубуздун отечественный продукту колдош керек. Ийгилик силерге 7CLICKS !!!
+1
baatyr07
2016-10-14 08:38:47
достор 7с деген тиркемени кочургуло ошол экен ичинде бары эле оруусча экен мен колдонуп жатам аябай ынгайлуу экен
0
№ 726, 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан