"БАЙ-ТҮШҮМ" БАНКЫНЫН БЕЛЕКТЕРИ: БАТИР, АВТОУНАА ЖАНА ДУБАЙГА 2 КИШИЛИК ЖОЛДОМОНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮНҮН ЫСЫМДАРЫ 2 ЖАРЫМ АЙДАН СОҢ БЕЛГИЛҮҮ БОЛОТ

"Бай-Түшүм" банкы ушул жылдын март айында жарыялаган 3 этаптан турган эксклюзивдүү аманаттар акциясынын алгачкы жыйынтыгын чыгарды.

Жеңүүчү болуп банктын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн кардары табылып, ал Таиландга эки кишилик жолдомо утуп алды. 15-октябрдан тарта жеңүүчү Түштүк-Чыгыш Азиядагы эң мыкты деп эсептелинген деңиз жээктеринин бирине барып эстен кеткис эс алмакчы. Мындан тышкары 2 кардар муздаткыч жана заманбап сыналгыга ээ болушту.
Эске салсак, бүгүнкү күндө жогорудагы акциянын алкагында 2 кардар кереметтүү Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо алышса, 5 кардар заманбап сыналгы, 1ден ноутбук, ал эми 7 кардар Samsung үлгүсүндөгү смартфон утушту. Ошондой эле акциянын 34 катышуучусу банк тарабынан бериле турган кызыктыруучу сыйлыктардан баш тартышып, башкы байгелер болуп эсептелген – борбор калаадан батир, автоунаа жана Дубайга 2 кишилик жолдомо үчүн күрөштү улантышууда.
Башкы байгелердин ээлеринин ысымдары 2 жарым айдан соң, тагыраак айтканда, 76 күндөн кийин белгилүү болмокчу. "Бай-Түшүм" банкынын байгелери муну менен гана чектелбейт, 50 миң сом же андан көп каражатты банкка аманат катары салгандарга турмуш-тиричилик техникаларын сатып алууга кепилдиги менен сертификаттар белекке тапшырылат.
"Бай-Түшүм" банкынын белектерге бай акциясы 2016-жылдын 15-декабрында соңуна чыгат. Ага чейин акциянын катышуучусу болууну кааласаңыз, анда сиз 12 ай бою 10 миң сом өлчөмүндөгү акчаны "Бай-Түшүм" банкына аманат катары салып, банктын башка дагы кызматтарын колдонуу менен упай чогултушуңуз керек.
"Бай-Түшүм" банкындагы аманат – акча каражатын чогултуунун жана көбөйтүүнүн ишенимдүү жана жөнөкөй жолу, ошондой эле миңдеген жагымдуу белектерге ээ болуу мүмкүнчүлүгү. Алдыда жаңы жеңүүчүлөр жана жаңы белектер бар. Кыялыңызга жетүү үчүн бүгүнтөн тарта аманатка акча сактай баштасаңыз, акцияга катышсаңыз, ийгилик сизге сөзсүз түрдө жылмаят.

Акциянын шарттары менен кенен таанышкыңыз келсе,
www.baitushum.kg сайтына баш багып, 0312 905 805 телефон номери аркылуу байланышыңыздар же банктын башкы кеңсесине кайрылыңыздар.

Асхат Субанбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nurka_85
2016-10-04 09:12:04
Менин бай тушумдун элкартын колдоном. Акцияга катышуу учун депозит ачыш керек окшойт го.
0
№ 726, 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан