BEELINE`ДЫН «БАКТЫЛУУ МИЛЛИОН» ЛОТЕРЕЯСЫНЫН ЭКИНЧИ МИЛЛИОНЕРИ АНЫКТАЛДЫ

Телекоммуникациялык рыноктун лидери Beeline «Бактылуу миллион» лотереясынын экинчи миллионерин куттуктады. Миллионер болуп Бишкек шаарындагы университеттердин биринин студенти Нурпери Тыныбекова табылды. Сиз да лотерея оюнуна катышып, акыркы миллионер болууга же миңдеген белектердин бирин утуп алууга мүмкүнчүлүк алыңыз.
9 ай ичинде лотереядан 4000ден ашык акчалай байге, 420 даана Beeline Pro 4 смартфону, 10 000 сомдон 20 байге, 100 000 сомдон 2 байге, 1 000 000 сомдон 2 байге ойнотулду. Жеңүүчүлөр күтүүсүз тандоо ыкмасы менен аныкталды. Байгелерди ойнотуу онлайн режиминде өтүп, каалаган адам процесске байкоо сала алды. 100 000 жана
1 000 000 сом байгелерин ойнотууда көз карандысыз байкоочулар жана социалдык тармактардагы Beeline`дын окурмандары катышты. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси лотереянын расмий сайтында
(million.beeline.kg.) жарыяланды.
Экинчи "Бактылуу миллионер" 18 жаштагы студент кыз Нурпери Тыныбекова болду. Нурпери окуусунан тышкары борбор шаардагы дүкөндөрдүн биринде кассир болуп эмгектенет. 1 миллион сомго сертификатты салтанаттуу тапшыруу аземи 26-сентябрда Бишкектеги Beeline`дын Сатуу жана тейлөө кеңсесинде өттү.
"Мен 7 жылдан бери Beeline`дын абоненти болуп келем. Лотерея тууралуу угуп, бирок чынында миллионер болуп калам деп ойлогон да, ишенген да эмесмин. Байгемди жаңы баштай турган ишиме жумшайм, анан, албетте, ата-энеме жардам берем. Чексиз ыраазы болуу менен Beeline компаниясына ыраазычылык билдирем. Жолум болорун кыялданган да эмес элем",- деген оюн билдирет Нурпери Тыныбекова.
"Бактылуу миллион" лотереясынын жеңүүчүсүн куттуктайм жана аны мындан ары да ийгиликтер коштой берүүсүн каалайм. Телекоммуникациялык рыноктун лидери катары биз өзүбүздүн кардарларыбызды кызыктуу акциялар жана ири байгелер менен кубантып келүүдөбүз. Лотерея уланууда. Алдыда акыркы миллион оюну жана миңдеген акчалай байгелер турат. Лотерея оюнуна кошулуңуздар жана утуңуздар!"- деп билдирет башкы директор Ернар Накисбеков.
Лотерея 2016-жылдын 20-октябрына чейин улантылат. Көптөгөн акчалай байгелер, Beeline смартфондору жана акыркы
1 000 000 сом ойнотулат. Лотереяга катышуу үчүн *777# командасын терүү жана Beeline кызматтарын колдонуп, билет топтоо керек.
– Байланыш кызматын ("Мобилдик которуу", "Автоплатёж", "Ишеним төлөмү" кызматтарынан тышкаркы) колдонгон ар бир 30 сомго катышуучуларга виртуалдуу түрдө 1ден лотереялык билет эсептелет.
– Beeline жаңы SIM-картасын колдоно баштаганы, «Сүйлө» тарифине өткөнү жана 50 SMS пакетин активдештиргени үчүн 3 виртуалдуу лотерея билет эсептелет.
– Билеттердин санын көбөйтүү менен катышуучулар жеңишке мүмкүнчүлүктөрүн арттыра алышат. Лотереянын шарттары жана катышуу эрежелери боюнча маалыматты million.beeline.kg сайтынан, 7777 кыска номери жана +(996) 772 011 777 номери аркылуу билсеңиздер болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
s.sweet
2016-10-05 12:12:53
бизге тегеле эч нерсе чыкпадыгоо
0
CaPyyMyH
2016-10-05 17:38:26
Бул деле реалдуу емес окшойт бизге деле чыкпайтатко
0
dinar-87
2016-10-09 12:56:52
Мен тааныган адамдардын баарынан сурадым эч кимисине эчтеке чыкпаптыр .Озумдо да толтура .Ишенбей калдым.
0
NargizaM
2016-10-30 13:24:09
Мен ишенбейм, менде толтура билеттер бар бирок чыкпайт
0
№ 726, 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан