БИР ИРМЕМ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Эрлан да, Элиза да түшүнбөй калышты. Азамат эбактан бери Элизанын аркасынан аңдып жүргөн. Ыңгайлуу учур табыла калып, жетип келгендегиси болчу.
– А сен кимсиң?!- Эрлан ачуулуу сүйлөдү.
– Сенчи? Сен кимсиң?!- Азамат да унаасынан ачуулуу түрдө түшө калды. Андан ары ал ачуусун кармай албай кетти окшойт, Эрланды бет талаштыра уруп жиберди. Бирок дайыма спорт менен машыгып жүргөн Эрланга бул сокку эч нерсеге татыган жок. Азамат кандай болгонун байкабай калды, заматта анын колу артка кайрылып, жерге кулап түштү, кыймылдайын десе Эрлан ныгырып басып алган. Элиза коркконунан кыйкырып эле тура берди.
– Рус?!- Азамат кыйкырды. Рулда отурган Азаматтын досу көздөрүн алайтып унаадан түшпөй отурган, эми эсине келгендей сыртка чыкты да: – Байке, коё бериңиз...- деп даай албай туруп калды.
– Кимсиң сен?!- Эрлан дагы бир кайталады.
– Бул Азамат...- Элиза эми эсине келгендей жооп берди.
– Аа, биз сени күтүп жатпадык беле? Сүйлөшө турган сөз бар болчу. Кана, өйдө бол!- Эрлан өктөм сүйлөп Азаматты тургузду.
– Эй, жигит, эркек болгондон кийин жоопкерчиликти ала билиш керек...- Эрлан азыр эле Элизанын курсагындагы баласы тууралуу сөз баштамакчы болгон, бирок кыз анын сөзүн бөлүп кетти.
– Агай, ал калп. Мен сизге калп айткам...
– Түшүнбөдүм...
– Менин боюмда жок. Мен баарын түшүндүрүп берем...
– Эмне?!- Эрлан түшүнбөй калды.
– Эмне?!- өзүнө келе албай турган Азамат да таң калган түр менен сүйлөдү.
– Азамат, мен сага баарын түшүндүрбөдүм беле?! "Мен сени жакшы көрбөйм. Тынчымды алба" дедим эле го... Агай, мен баарын түшүндүрөм...- Элиза жалооруй карады.
– Жок. Түшүндүрүштүн кереги жок!- Эрлан басып кетти.
– Азамат, эмнеге мындайсың? Эмне келдиң? Мээң иштебейби?!
– Эмне, сенин боюңда барбы?
– Жок. Бирок мен Эрлан агайды жакшы көрөм. Мага экинчи жолобо, макулбу?!
Элиза Азаматты жек көргөн көздөрү менен тиктеп алды да, шашылып агайынын артынан чуркады.
– Басчы, эй, кеттик!- Азаматтын досу көңүлсүз үн катты. А жигит болсо ыйлайын деп эле калыптыр...

ххх

– Агай, суранам, токтосоңуз! Агай... Агай, мен сизди жакшы көрөм. Токтой турсаңыз, түшүндүрүп берем.
– Элиза, үйүңө барчы!
– Токтосоңуз эми! Эмне болуп жатканын өзүм деле билбей калдым. Сизди кантип жакшы көрүп калдым өзүм да түшүнбөйм. Алгач маани берген эмесмин, бирок акыркы убакта сиз оюмдан кетпей калдыңыз. Анан ошол күнү өзүмөн-өзүм куса болуп бир аз шампан ууртагам. Сиз менен жолуккум келди. Сиз үйүңүздөн чыкканда эмне деп айтарымды билбей, "боюмда бар" деп койдум. Сиз мени аядыңыз. А мага ушул керек болуп жаткан. Сиздин ийиниңизге жөлөнүп ырахаттанып жүрө бердим. Жаныңызда жүрсөм эле бактылуу экенмин. "Азаматты таап, сүйлөшүп берип коюңуз" деген сиздин жаныңызда ашыкча бир мүнөт болсо да кармалуунун амалы болчу. Кийинчерээк түшүндүрөм деп ойлоп жаткам.
– Сенден мыкты жазуучу чыкмак экен. Фантазияң укмуш турбайбы?! Бар эми үйүңө...
– Агай, мен сизди жакшы көрөм!
– Элиза, үйүңө бар!- Эрлан келе жаткан таксини тосту да, отуруп алып жөнөп кетти.
Кыз кыйлага чейин агайы түшүп кеткен таксинин артынан тиктеп, Бишкектин ээн көчөсүндө көпкө турду.
– Акмак! Акмак!- Элиза кыйкырып алды.

ххх

Эрлан түш оой жумушуна келе жаткан. Бир убакта Элиза анын артынан чуркап келди.
– Агай... Мен эмне кылам?
– Эмне кылам дегениң кандай?
– Кыйналып кеттим. Эмне кыларымды билбей калдым.
– Менин күнөөм барбы?
– Жок. Билем, сизди жакшы көрүп калган менде күнөөнүн баары. Бирок...
– Элиза, сен абдан жакшы кызсың. Болуп өткөн окуялар деле сага болгон көз карашымды өзгөртпөйт...
"Мен да сени жакшы көрөм" деп айтыңызчы...
– Жок, Элиза. Билесиң го, менин Айдайым бар эмеспи! А сенин мага болгон сезимдериң эртең эле унутулат. Сен мыкты жигитке татыктуусуң.
– Айдай... Мейли, агай, кечирип коюңуз!- кыздын көздөрү жашка толуп чыкты. Тескери бурулуп басып кетти.

ххх

Элиза сейил бакка барып көпкө отурду. Көздөрүнөн жаш тамчылап жатканы менен, эмнеге ыйлап, эмнеге ыза болуп жатканына түшүнбөйт. "Айдай! Кандай болду экен ошол кыз?" капыстан ушундай ой келди. "Көрөйүнчү ошону..." Саатын карады. Эрлан дагы бир сааттан кийин жумуштан чыгып калышы керек. Ал аны күтүп, артынан жүрүп Айдайды көрмөк болду.

ххх

Эрлан жумушунан чыгып эле таксиге отурмак, бирок анын жолун Азамат тороду.
– Сүйлөшпөйлүбү?
– Эмнени?
– Анткорлонбосоң. Элизанын боюндагы бала сеникиби?

– Эмнени айтып жатасың?!- Эрландын кыжыры келип чыкты.
– Кечээкини айтып жатам. Элиза "боюмда бар" деди го...
– Мээң ордундабы? "Боюмда жок" деп айтпадыбы. Уктуң го...
– Мен ишенген жокмун.
– Азамат, кечээ жакшы түшүнбөй калган окшойсуң. Элиза мага келип "Азамат деген жигиттен боюмда бар. Ал телефонун өчүрүп, качып жүрөт. Ата-энеме айтсам мени өлтүрөт" деди. Мен Элизанын байкеси болумуш болуп Азамат менен сүйлөшмөкчү болгом. Кечээ клубга да Азаматты, башкача айтканда, сени издеп барганбыз. Көрсө, баары калп экен. Элиза жөн эле баарыбызды жинди кылып жатыптыр. Түшүндүңбү эми?
– Ал сени жакшы көрөм деп жатат го...
Эрландын чындап кыжыры келип чыкты.
– Анан?
– ...
– Сен Элизаны жакшы көрөсүңбү?
– Ооба.
– Анда мени менен ар кайсыны териштирип жөн эле тура бербей, Элизаны кайтарып алганга аракет кыл. Бар!- ошол жинденген калыбында барып таксиге отурду да жөнөп кетти.
Азамат чын дили менен Элизаны жакшы көрөт. Бирок кыз агайына ашык болуп калыптыр. Буга абдан туталанды. Эмне кыларын билбей Эрлан менен сүйлөшкөнгө келген. Бирок кыйратып өз оюн жеткире алган жок.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
datkayimjan
2016-10-03 09:07:50
Мен биринчии деп коёт экен да ☺
+3
karasuu
2016-10-03 09:11:58
ушунтип кантип болсун...бироону зордо суйдурмок беле
+2
Aytur
2016-10-03 09:29:50
Элиза чокусун уюта койчудай эле кыз экен.
+20
datkayimjan
2016-10-03 09:41:01
Aytur,экообуз чогуу уютпайлыбы. Менин дагы кыжырым келип кетти.
+9
tram-lam
2016-10-04 13:27:28
Aytur,14 киши чогуу уютушканга даяр экен...
+2
MIRBOLOT
2016-10-06 14:36:23
tram-lam, Айдай азгырык болуп жатат, шайтанга караганда Элиза адам баласы го
+1
Shahrizaada
2016-10-03 11:42:46
Мээн менен кара жергегир кыз болбой!
+5
kanat_myrza
2016-10-09 04:13:05
Shahrizaada,хаа хааа. Олло уруштунузго
0
Aima94
2016-10-03 11:59:22
Аз го. Кызык го Элиза
0
ilana
2016-10-03 13:07:49
тобосуно жангак чагып уюта турган кыз экен.!!
+4
sportik
2016-10-03 13:45:09
Эх суйүү мен да башка адамды суйчумун. Баарына даяр элем.Ал кезде куйом мени суйуп журчу. Азыр эстесем кулкум келет...
-2
Shef87
2016-10-03 13:45:55
коментчилер катырасынар го азыр мындай кыздар коп
0
eliza_eliza
2016-10-03 14:34:49
Атын Элиза дебей эле койбоптурда))) Элизалардын атына шек келтирип!-деп эле:)
+6
kanat_myrza
2016-10-09 04:14:40
eliza_eliza, хааа хаааа Элиза аттуларды жаман коргозупбу
0
snegurochka11
2016-10-03 21:30:12
Элизага жиним келип атып эле бүтүп калды го...окугандай да болбодум (((
+2
kuli88
2016-10-03 21:34:10
Ээх жашоо ушундай экендаа бири суйсо экинчиси суйбойт,ак кара бирдей журот деген ушуда
0
Aliya_ahunbaeva
2016-10-05 00:35:13
Мага анча жакпады Джиге жетпейткен
+2
№ 726, 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан