"СЕНСИЗ ЖАШАГАНДЫ ҮЙРӨНӨ АЛБАЙ КОЙДУМ..."

Негизи эле маңдайыма "бактысыз болосуң" деп жазылган окшойт. Болбосо 5 жашымда апам, 7 жашымда атам каза болуп, сиңдим экөөбүз таежемдин колунда калганыбызды кандайча жоруюн?! Башка түшкөндү көрөт экенбиз. Кагылып-согулуп жүрүп сиңдим экөөбүз чоңойдук. Таежемди жамандагым келбейт. Колунан келишинче тарбиясын берди. Кийинтти-ичинтти. Бирок... Мээрим бере алган жок. Мен эс тарткандан бери эле мээримге зар болуп келатам. Өмүр бою эле жылуулук издеп келгем.
Анан капысынан сага жолуктум. Бишкекке келип кафеде официант болуп иштеп жүргөм. Бир ирет чогуу иштеген кыз туулган күнүн белгилемекчи болуп, кечеге чакырды. Бардым. Мен тааныбаган бир топ чоочун адамдар бар экен. Ошончо чоочундардын арасынан көзүмө сен илиндиң. Он чакты адамдын ортосунда гитара ойноп, жагымдуу үнүң менен бир обонду созуп жаткан экенсиң. Анан мени бир карап алдың. Мага ошондой сезилдиби билбейм, айтор, көздөрүңдө мээрим толтура болчу. Алгач көздөр бир нече ирет чагылыша түштү. Анан тааныштык. (Сенин атыңды атабай эле коёюнчу. Ысымыңды айтсам эле ыйлап жиберем...)
Ошол күндөн кийин күн сайын жолугушчу болдук. Ортобузда жашыруун сыр калбады. Апаңдын жалгыз уулу экениңди, атаң тээ кичинеңде эле каза тапканын айттың. Башкы максатың апаңдын ак сүтүн актоо экенин айтып, "апам сыймыктаныш үчүн жакшы бала болуп келатам. Эми аны ыймандуу келиндүү кылсам..." деп мени бир жылмайып карап алганың күнү бүгүнкүдөй эсимде.
Кыз-жигит болуп толук бир жыл сүйлөштүк. Бири-бирибизсиз жашай албай калдык. Ушунчалык мээримге муктаж болгон экенмин, ар бир жылуу сөзүңдөн, жакшы көрүп караганыңдан болуп көрбөгөндөй ырахат алып, өзүмдү толук сага арнап, жан дүйнөмдү сага көндүрүп салдым. Эмнегедир эле бала кезимде "менин күйөөм сөзсүз гитарада ойнойт" деп кыялдана берчүмүн. Бул балалык кыялдарымды эстеп, маңдайымда сулуу манжалары менен жансыз кылдарды терметип сонун обондорду ойноп жаткан сени көргөндө бактым ашып-ташып дүйнөгө батпай кетчүмүн.
Бир жолу "мен көбүрөөк акча табышым керек. Үйлөнөбүз" деп Казакстанга жөнөп кеттиң. Эки жумада бир же бир айда бир келип кетчүсүң. Сен келгенче сагынычтан саргарып жүдөп кетер элем. Жаныма келгениңде кетиргим келчү эмес...
Ошол күнү да кетиргим келген эмес. "Кетпей эле койчу?" деп моюнуңа асылганымда "Бир ай. Бир айдан кийин келем, үйлөнөбүз" деп маңдайымдан өөп, мээрим толгон көздөрүң менен жылмая карап алгансың. Кечки такси менен жөнөп кеттиң... Ошол бойдон сенин мен зар болгон мээримдүү көздөрүңдү жоготуп алдым. Автокырсыкка кабылып, жан бериптирсиң. Ыйладым. Колумдан эч нерсе келген жок. Боздоп эле кала бердим.
Канча жыл өттү андан бери... Бир да адамдан сеникиндей мээримдүү, сеникиндей сулуу көздөрдү көрө албадым. Өзүмдү соорото албай койдум... Мейли телевизордонбу, радиодонбу же көчөдөн кимдир бирөөнүн гитара ойноп жатканын көрүп-угуп калсам көз жашымды кармай албайм. Мага ээ-жаа бербей эле сызылып агып жөнөйт... Же ойнолбой эле турган гитара көрсөм да көкүрөгүм бошоп, кылар айламды таппай калам.
Ата-энемдин мээриминен куру калып, жылуулук издеп жүрүп сени тапкам. Эми сен да жоксуң. Кимди күнөөлөйм билбейм. Кантем билбейм. Жашамыш болуп жүрөм. Сен, албетте, мага башка дүйнөдөн көз салып, аяп жүрсөң керек. Канчалык сагынганымды сезсең керек. Ушуларды ойлойм да сен үчүн, сен экөөбүз чогуу кыялданган кыялдар үчүн жашагым келип кетет. Бирок сенсиз жашаганды үйрөнө албай койдум... Адашып жүрөм...

Сабина

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
aiturgasha
2016-10-03 23:13:43
П.С ата-энесиз да сабыр кылып жашап, ушул кунго жеттиниз. Эми жигитинизсиз да жашаганды уйронунуз, алдыда жакшы кундор кутуп тургандыр. Олум-бул жашоонун мыйзамы. Эртеби кечпи бараар жерибиз бир.
0
Medina..
2016-10-04 00:26:34
Жогоруда туура айтылган.Аллах Таала"кимди менден артык корсон,аны сенден алып коём...","Мен инсандар менен жиндерди озумо сыйынуу учун гана жараттым(зарият сур,56-аят)Ансыз жашап келгенсиз,эми да жашайсыз (эми олбостун куну ото берет демекчи)
+1
dina-85
2016-10-04 00:47:23
Башка тушконду коз корот демекчи сабырлуу болуп тагдырга баш ийиниз,тушуном унутуш кыйын бирок сиз учун дагыда болсо жакшы таттуу турмуш келишине ишениниз
0
omuke89
2016-10-04 07:51:53
Карындаш сабыр кыл. Жараткан Аллах бир жакшы көргөн нерсеңди алган болсо, андан да жакшысын берүү үчүн алган. Үмүт менен сабыр кыл...
+2
ozgeldi
2016-10-04 16:15:39
Ушундай сезимдерди мен таппай журом.же ишенбеймби билбейм
+2
anya
2016-10-05 15:30:01
Эээххх .
0
Afina
2016-10-05 15:35:43
ыйлап алдым.....
сабыр кылыңыз, жакшылыктын баары алдыда!
0
LIVER
2016-10-05 17:56:23
Жакшы башталып эле аягы армандуу аяктап калганы жаман экен... Окунучтуу...
Атмакчы, Атамбаев дагы гитара ойнойт го, ошонун коздорун байкап корбойсунбу...
-2
rashmoll
2016-10-06 02:20:21
LIVER,эх т аппарат спала календарь экенсинго
0
rashmoll
2016-10-06 02:22:04
LIVER, эххх таппасан сыпалап кал экенсинго кечиргиле т9 озгортуп жиберди
0
Kuban99.kg
2016-10-05 21:04:22
Эн биринчи Аллахты суй. Аллах сени суйсо эн бактылуу адамдардын катарына кошуласын, Жаратканды суйсон адашпайсын баарын берет.
0
pretty2014
2016-10-06 12:59:24
Суйуу сезимин таткан Адам аябай бактылуу болуш керек,демек бактылуусун,убакыт баарын дарылайт,канчалар ушл сезимди билбей,сезбей жашоодон отушот.
+1
nargiza2016
2016-10-06 23:29:23
Кандай Сабина. Сабыр кыл менин да жигитим каза болгон. Менда кыйналып,журдум .. даже ата-энем бир- туугандарымды таштап кетким келди.. бирок тагдыр экен айла жок.. дагы деле ойлойм.. бирок бир жигитке жолуканда каза болгон жигитиме болгон сезим пайда болду. Азыпкы жигитим экообуз бирге болобузбу жокпу аны бир гана кудай билет. Кудайдан тилеп бул дуйнонун бактылуу ширин даамын татып жашагым келет...Сага суйуу бакыт каалайм. Озунду таштаба бир нерсеге алаксы баары жакшы болот.
+1
alibekova94
2016-10-07 18:18:06
Суйууго кабылуунун озу бакыт, экобунорду олумдун коралбай ажыратканы окунучтуу. Сабыр тилейм. Турмушта чокпо.
0
muni.98-98
2016-10-08 22:26:50
Кыйынчылык тунго окшош. Тун канчалык узун болбосун созсуз тан ытышына ишенип умут менен жашайбыз. Анткени куранда умутсуз "шайтан" деп жазылган. Лучшие дни впереди ИНША АЛЛАХ!!!
+1
Aibekaiym
2016-10-09 18:58:41
Кечеки кун Тарых,бугунку кун Белек,ертенки кун табышмак!Сабыр кылыныз!
0
Nurgul93
2016-12-12 18:33:10
Бир кем дуйнооо..
0
№ 726, 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан